Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-октябры № 586
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мамлекеттик органдарында аскер кызматчыларын медициналык күбөлөндүрүү маселелерин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик-дарыгердик комиссиясы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскердик-дарыгердик комиссиясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "КМ АДК" деген аббревиатура "КК ГШ АДК'' деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунун 7-пунктчасындагы "административдик тергөөнүн, алгачкы текшерүүнүн" деген сөздөр "кызматтык териштирүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"13. КР КК ГШ АДК Куралдуу Күчтөрдө аскердик-дарыгердик экспертизаны башкаруунун жетектөөчү органы болуп саналат.";
- 14-пункттун биринчи абзацындагы "Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы - коргоо министринин биринчи орун басарына" деген сөздөр "ар тараптуу камсыздоо маселелери боюнча ККнын Генералдык штабынын начальнигинин орун басарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пункттун 1-пунктчасындагы "коргоо органынын" деген сөздөр "ККнын" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
15-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6) ККнын Генералдык штабынын начальнигине ведомстволук документтерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана берүү";
15 пункттун 7-пунктчасындагы "КК Башкы штабынын башчысына - коргоо министринин биринчи орун басарына" деген сөздөр "КК Генералдык штабына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пункттун онунчу абзацындагы "коргоо органынын" деген сөздөр "КК Генералдык штабынын аскердик-дарылоо мекемелеринин" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "коргоо органдары", "коргоо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "КК Генералдык штабы" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18-пункттун экинчи абзацындагы "коргоо министри тарабынан" деген сөздөр "КК Генералдык штабынын начальниги тарабынан" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 49-пункттагы "мамлекеттик администрациянын башчысы - облустун губернатору тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (тийиштүү облустагы) ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 50-пункттун 7-пунктчасындагы "коргоо министрине" деген сөздөр "КК Генералдык штабынын начальнигине" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 680 "Мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мурдагы аскер кызматчылардын ооруларынын, жарадар болууларынын, контузияларынын, мертинүүлөрүнүн жана майыптыктарынын себептик байланышын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункттагы "Коргоо министрлигинин" деген сөздөр "Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-тиркеменин 2-үлгүсүнүн расмий тилдеги текстинде "ВВК МО" деген аббревиатура "штатной ВВК" деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |