Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтому менен бекитилген
Кадрлар резервин түзүү боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-январындагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Комиссиянын максаты жана милдеттери
3. Комиссиянын иштөө тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Кадрлар резервин түзүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкүлөр боюнча координациялоочу орган болуп саналат:
- катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун директорлор кенеши жана текшерүү комиссиясы үчүн кадрлар резервин түзүү;
- башкаруучу кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону колдонот.
2. Комиссиянын максаты жана милдеттери
3. Комиссиянын максаты - катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун башкаруу органдары үчүн кадрлар резервин түзүү.
4. Комиссиянын милдеттери:
а) катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы бош орунга талапкерленген адамдардан кадрлар резервин түзүү;
б) белгиленген тартипте катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун директорлор кеңешине жана текшерүү комиссиясына кийин шайлоо үчүн кадрлар резервин түзүү үчүн конкурстун негизинде талапкерлерди тандоо;
в) башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн кадрларын даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберүү;
г) тармактык өзгөчөлүгүн эске алуу менен, катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун, мамлекеттик ишканалардын башкаруу органдарына талапкерлерге берилүүчү тесттик тапшырмаларды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго бекитүүгө киргизүү;
д) натыйжалуу менеджменттин усулдарын жана корпоративдик башкаруу системасын өркүндөтүүнү ишканага жайылтуу маселелери боюнча катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун, мамлекеттик ишканалардын башкаруу органдарынын мүчөлөрүнө консультацияларды берүү;
е) ишканалардын башкаруу потенциалын түзүү стратегиясы жана катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун, мамлекеттик ишканалардын башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
ж) катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун, мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрлар потенциалын даярдоо маселеси боюнча усулдук пособиелерди жана программалык долбоорлорду жана башка материалдарды иштеп чыгуу жана Фонддун кароосуна жана бекитүүсүнө киргизүү;
з) Кыргыз Республикасында катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун, мамлекеттик ишканалардын жогорку квалификациялык кадрдык потенциалын даярдоонун инновациялык усулдарын жана формасын жайылтуу жана өркүндөтүү максатында окшош чет элдик институттар менен кызматташтыкты өнүктүрүү.
3. Комиссиянын иштөө тартиби
5. Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
а) мамлекеттик органдардан, ошондой эле ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл маалыматтарды суроого жана алууга;
б) айрым проблемалар боюнча сунуштарды даярдоо үчүн убактылуу жумушчу топторун белгиленген тартипте түзүүгө, белгиленген тартипте, илимий мекемелерди, кыргыз жана чет өлкөлүк окумуштууларды жана мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарда, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген эксперттерди ишке тартууга;
в) Фонд менен төмөнкүлөрдүн ортосунда түзүлүүчү типтүү келишимдерди иштеп чыгуу жана Фондго бекитүүгө киргизүү:
- акционердик жана башка коомдордун директорлор Кеңешинин мүчөлөрү менен;
- мамлекеттик ишканалардын жетекчилери менен;
- аткаруу органдардын мүчөлөрү менен;
- катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун, мамлекеттик ишканалардын текшерүүчүлөрү менен;
г) катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун, мамлекеттик ишканалардын башкаруу органдарындагы мамлекеттин өкүлдөрүнүн иш аракеттерин баалоо критерийин иштеп чыгуу жана Фондго бекитүүгө киргизүү.
6. Комиссиянын жумуш органы болуп Фонд саналат.
7. Кадрлар резервин алып баруу боюнча жумуш Фондго жүктөлөт.
8. Комиссия өз ишин Комиссиянын төрагасы бекиткен план боюнча ишке ашырат. Пландын долбоору Фонддун бекитүүсүнө киргизилет. Комиссиянын жыйынын зарылдыгына жараша Комиссиянын төрагасы же анын тапшырмасы боюнча Комиссиянын тиешелүү мүчөсү өткөрөт. Комиссиянын жыйыны, эгер ага Комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, укуктуу деп эсептелет.
Комиссиянын чечими жыйында катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Протоколдун долбоору Фонд тарабынан даярдалат жана Комиссиянын төрагасынын кароосуна киргизилет. Добуштар тең болуп чыкканда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү добуш болуп саналат.
Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда Комиссиянын каалаган мүчөсү өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу, ал жазуу жүзүндө комиссиянын жыйынынын протоколуна тиркелет.
Комиссиянын жыйындарына кызыкдар органдын жетекчилери чакырылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-Январындагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Комиссиянын мүчөсү Комиссиянын жыйындарына катышууга милдеттүү. Жыйынга катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Комиссия мүчөсү төрагага себебин көрсөтүү менен билдириши керек.
10. Кеңешменин күн тартиби Комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен бекитилет. Күн тартибине өзгөртүүлөр Комиссия мүчөлөрүнүн сунушу боюнча киргизилиши мүмкүн.
11. Чечимдин долбоору жана маалымдама материалдар Комиссиянын бардык мүчөлөрүнө Комиссиянын жыйыны башталаардан жок дегенде эки күн мурда берилүүгө тийиш.
12. Комиссиянын төрагасы анын ишин жетектейт. Комиссиянын ишин уюштуруу төраганын орун басары тарабынан ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-Январындагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Комиссия жыл сайын келерки жылдын 1-январына чейин зарылдыгына жараша, кадрлар резервине киргизүү үчүн катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун башкаруу органына талапкерлердин ачык конкурсун өткөрөт.
Талапкерлерди тандоо конкурс өткөрүүнү, Комиссияга берилүүгө тийиш болгон документтердин тизмесин, талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптарды, документтерди кабыл алууну аяктоо күнүн жана тестирлөө өткөрүү күнүн көрсөтүү менен конкурс өткөрүү жөнүндө сөзсүз жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоону кароого тийиш.
Белгиленген квалификациялык талаптарга анкеталык маалыматтары туура келбеген талапкерлер, конкурска катышууга уруксат берилбейт.
14. Өткөрүлгөн конкурстун негизинде тестирлөөдөн жана аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер кадрлардын резервине алынат.
Кадрлар резерви Комиссия аны бекиткен учурдан тартып үч жылдын ичинде жарактуу.
15. Жыл ичинде Фонддо катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбалык субъекттердин, мамлекеттик ишканалардын башкаруу органдарына мамлекеттин өкүлүн шайлоо зарыл болгон учурда ылайыктуу талапкер кадрлар резервине алынган адамдардын ичинен Фонд тарабынан тандалып алынат.
16. Төмөнкү учурларда:
- катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун, мамлекеттик ишканалардын директорлор кеңешине жана текшерүү комиссиясына мамлекеттин өкүлү катары талапкерлигин дайындоого же көрсөтүүгө, кадрлар резервинен алынган талапкер баш тарткан учурда же кадрлар резервинде туура келчү талапкер болбосо;
- эгерде Фонддун пикири боюнча кадрлар резервинен бир дагы талапкер мамлекеттик өкүлү катары туура келбес (тийиштүү профилдүү билими, стажы жана иш тажрыйбасы жок болсо);
- талапкерди кароо учурунда, ага карата катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун, башкаруу органдарында тиешелүү кызмат ордун же мамлекеттик өкүлдүн кызмат ордун ээлөөгө мүмкүндүк бербеген, укук бузуу жасаган деп таануу жөнүндө соттун чечими бар болсо.
Комиссия катышуунун мамлекеттик үлүшү менен чарбакер коомдордун, мамлекеттик ишканалардын тигил же бул бош кызмат ордун андан ары ээлөө үчүн талапкерди тандоого конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алганга милдеттүү.
Комиссиянын чечими бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүү мөөнөтүн, конкурс өткөрүү жөнүндө билдирүү жарыяланган жалпыга маалымдоо каражатынын аталышын, жарыяланган күнүн, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражатына жарыяланууга тийиш болгон маалыматтын мазмунун камтышы керек.