Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-январы № 41
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттерди башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун ишинин натыйжалуулугун көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттерди башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "чарбакер субъекттер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "чарбакер коомдор" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.";
2-5-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Комиссиянын курамы мамлекеттик органдардын, уюмдардын, коомчулуктардын өкүлдөрүнөн, эксперттерден, жарандык коомдун жана бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд), Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Комиссиянын төрагасы, Фонддун төрагасы Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп саналат.
Комиссиянын жекече курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
3. Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына шайлоо/дайындоо үчүн талапкерлер (мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин, ревизиялык комиссиялардын мүчөлөрүн кошпогондо) тейлеген мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча Фонд тарабынан киргизилет. Тейлеген мамлекеттик органдар Комиссия түзгөн кадрлардын резервинде (мындан ары - кадрлар резерви) турган адамдардын ичинен талапкерлерди тандоонун негизинде Фондго сунуш киргизет.
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш (ревизиялык комиссиялардын мүчөлөрүн кошпогондо) тейлеген мамлекеттик органдардын сунушу боюнча белгиленген тартипте Фонд тарабынан киргизилет.
Мамлекеттик ишканалардын жетекчилери тейлеген мамлекеттик органдар Фондго сунуш кылган адамдардын ичинен Фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалышат. Мамлекеттик ишканалардын жетекчилери тейлеген мамлекеттик органдардын сунуштарынын негизинде Фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматтан бошотулушат. Мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин орун басарлары тейлеген мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча Фонд тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
Тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен стратегиялык мааниге ээ болгон мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин тейлеген мамлекеттик органдардын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Дайындоо үчүн талапкерлер кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен тейлеген мамлекеттик органдар тарабынан Фондго киргизилет.
Мамлекеттик ишкананын жетекчиси эки жылдык мөөнөткө кызматка дайындалат, укукка, милдеттерге ээ болот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликти тартат, мамлекеттик ишкананын уставынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин иши үчүн жеке жоопкерчилик тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлөт.
4. Тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен стратегиялык мааниге ээ болгон мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордо:
- башкаруу органдарына шайлоо/дайындоо үчүн талапкерлер (мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин, ревизиялык комиссиялардын мүчөлөрүн кошпогондо) тейлеген мамлекеттик органдардын сунушунун негизинде Фонддун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашылган сунушу боюнча киргизилет. Шайлоо/дайындоо үчүн талапкерлер кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен тейлеген мамлекеттик органдар тарабынан Фондго киргизилет;
- башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе тейлеген мамлекеттик органдардын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча, белгиленген тартипте Фонд тарабынан киргизилет.
5. Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун ревизиялык комиссияларынын мүчөлүгүнө шайлоо/дайындоо үчүн талапкерлер кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен Фонддун сунушу боюнча киргизилет. Ревизиялык комиссиялардын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени Фонд киргизет.";
6-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи-бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Директорлор кеңешиндеги мамлекеттик өкүлдүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги ал менен Фонддун ортосунда түзүлгөн келишим менен аныкталат. Келишимдин долбоору тейлеген мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашылууга тийиш.
Мамлекеттик өкүлдөрдүн иши үчүн жеке жоопкерчилик төмөнкүдөй жүктөлсүн:
- чарбакер коомдордун башкаруу органдарында - тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилерине;
- чарбакер коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын ревизиялык комиссияларында - Фонддун жетекчисине.";
7-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ревизиялык комиссиянын мүчөлүгүнө (ревизорго) талапкерлер кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен Фонд тарабынан аныкталат. Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн саны үчтөн ашпоого тийиш.";
12-пункттагы "стратегиялык өнүктүрүү" деген сөздөр "инвестициялар" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кадрлар резервин түзүү боюнча комиссия жөнүндө жободо:
бүткүл тексти боюнча:
ар кандай жөндөмөдөгү "чарбалык субъекттер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "чарбакер коомдор" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөдөгү "директорлор кеңеши жана текшерүү комиссиясы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "башкаруу органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пунктта:
биринчи абзац төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Пландын долбоору Фонддун бекитүүсүнө киргизилет";
экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Комиссиянын чечими жыйында катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Протоколдун долбоору Фонд тарабынан даярдалат жана Комиссиянын төрагасынын кароосуна киргизилет. Добуштар тең болуп чыкканда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү добуш болуп саналат.";
12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"12. Комиссиянын төрагасы анын ишин жетектейт. Комиссиянын ишин уюштуруу төраганын орун басары тарабынан ишке ашырылат.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кадрлар резерви үчүн квалификациялык талаптар жөнүндө жободо:
Жобонун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобо";
бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "чарбалык субъекттер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "чарбакер коомдор" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пункт төмөнкү мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:
"в) мамлекеттик стратегиялык ишканалардын жетекчилерине жана аткаруу органдарынын мүчөлөрүнө:
- жогорку финансылык-экономикалык же чарбакер коомдун ишинин багытына туура келген тиешелүү билими;
- финансы, чарбалык иш жана корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү;
- жетектөөчү кызмат ордунда кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасы;
- аналитикалык иштөө, бизнес-пландоо, болжолдоо жана финансылык менеджмент көндүмдөрү.";
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун алтынчы жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
3. Министрликтер жана ведомстволор:
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- тейлеген мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин дайындоо тартибин ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча чечимдердин долбоорлорун алты айлык мөөнөттө даярдашсын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишсин.
4. Бул токтомдун 3-пунктунун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |