Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-июлу № 513
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттерди башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39, 2013-жылдын 30-январындагы № 41 2014-жылдын 17-июнундагы № 338 , 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Корпоративдик башкарууну өркүндөтүү, мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттердин ишинин натыйжалуулугун көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кадрлар резервин түзүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңешиндеги же ревизиялык комиссиясындагы мамлекеттик өкүлдөр жөнүндө Жобо 3-тиркемеге ылайык;
- үч тараптуу келишимдин типтүү формасы 4-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-январындагы № 41, 2014-жылдын 17-июнундагы № 338 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Комиссиянын курамы мамлекеттик органдардын, уюмдардын, коомчулуктардын өкүлдөрүнөн, эксперттерден, жарандык коомдун жана бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд), Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Комиссиянын төрагасы, Фонддун төрагасы Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп саналат.
Комиссиянын жекече курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-январындагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен стратегиялык мааниге ээ болгон мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордо:
- башкаруу органдарына шайлоо/дайындоо үчүн талапкерлер (мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин, ревизиялык комиссиялардын мүчөлөрүн кошпогондо) тейлеген мамлекеттик органдардын сунушунун негизинде Фонддун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашылган сунушу боюнча киргизилет. Шайлоо/дайындоо үчүн талапкерлер кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен тейлеген мамлекеттик органдар тарабынан Фондго киргизилет;
- башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе тейлеген мамлекеттик органдардын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча, белгиленген тартипте Фонд тарабынан киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-январындагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун ревизиялык комиссияларынын мүчөлүгүнө шайлоо/дайындоо үчүн талапкерлер кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен Фонддун сунушу боюнча киргизилет. Ревизиялык комиссиялардын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени Фонд киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-январындагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордогу мамлекеттик өкүл болуп Фонддун сунушу боюнча башкаруу органына шайланган же дайындалган адам эсептелет.
Директорлор кеңешиндеги мамлекеттик өкүлдөрдүн укугу, милдеттери жана жоопкерчилиги жеке белгиленет жана тескөөчү мамлекеттик орган, Фонд жана мамлекеттик өкүлдүн ортосунда түзүлүүчү келишим менен аныкталат.
Мамлекеттик өкүлдөрдүн иши үчүн жеке жоопкерчилик төмөнкүдөй жүктөлсүн:
- чарбакер коомдордун башкаруу органдарында - тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилерине;
- чарбакер коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын ревизиялык комиссияларында - Фонддун жетекчисине.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-январындагы № 41, 2014-жылдын 17-июнундагы № 338 токтомдорунун редакциясына ылайык)
7. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Мамлекеттик үлүш катышкан, мамлекеттик үлүштүн катышуусу 50 проценттен ашкан чарбакер субъекттердеги мамлекеттик өкүлдөр:
- контракттардын долбоорун Фонд менен макулдашкандан кийин директорлор кенеши менен башкарманын мүчөлөрүнүн ортосундагы контракттарга кол коюуну камсыз кылсын;
- мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттердин бюджетти аткаруусу жөнүндө аткаруу органынын отчетун квартал сайын директорлор кеңешинин жыйынында кароону камсыз кылсын;
- өзүнүн иши жөнүндө отчетторду квартал сайын Фондго жана тармактык министрликтерге жана ведомстволорго берип турсун;
- мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттерди өнүктүрүүнүн стратегиясы боюнча мамлекеттин позициясын Фонд менен макулдашып, тармактык министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын эске алуу менен жылдырууга тиешелүү чечимдерди кабыл алсын.
9. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 12-июлундагы № 277 "Ишканалардын башкаруучу кадрларын өстүрүү ишин пландоо боюнча комиссияны түзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү жана тышкы соодасын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 15-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 11-октябрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 4, 5-пункттары;
- "Ишканалардын башкаруу кадрларын өнүктүрүүнү пландаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 12-июлундагы № 277 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-августундагы № 641 токтому;
- "Ишканалардын башкаруу кадрларын өнүктүрүүнү пландаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 12-июлундагы № 277 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-декабрындагы № 593 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-апрелиндеги № 257 "Корпоративдик башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасы жана экономикалык коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниси бар объекттерде мамлекеттик контролду күчөтүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун бешинчи абзацы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 532 "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
11. Фонд:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- кадрлар резервин түзүү үчүн мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттердин башкаруу органдарына талапкерлерди тандоо боюнча ачык конкурсту жарыяласын жана өткөрсүн;
- конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча мыйзамда белгиленген тартипте башкаруу органдарын шайлоо (кайра шайлоо) максатында, мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттердин кезексиз жалпы чогулуштарын өткөрүүнү демилге кылсын;
- кадрлар резервин тандоону жана түзүүнү, мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттердин башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлерди киргизүүнү, кадрдык саясатты жүргүзүүнү ушул токтомго ылайык өткөрсүн.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-январындагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 338 токтомуна 3-тиркеме |
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңешиндеги же ревизиялык комиссиясындагы мамлекеттик өкүлдөр жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 338 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңешиндеги же ревизиялык комиссиясындагы мамлекеттик өкүлдөр (мындан ары - мамлекеттик өкүл) директорлор кеңешинин же ревизиялык комиссиянын мүчөсүнүн ага жүктөлгөн функцияларын тескөөчү мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд (мындан ары - Фонд) менен байланышта аткарат.
1. Мамлекеттик өкүлдүн милдеттери
1. Мамлекеттик өкүлдүн директорлор кеңешинин мүчөсү катары биринчи кезектеги милдеттери мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдо корпоративдик башкаруунун эл аралык принциптерин киргизүү, мамлекеттин, мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун, акционерлердин кызыкчылыктарын коргоо, инвестицияларды тартуу жана анын пайдаланылышын контролдоо, жаңы технологияларды табуу жана ишке киргизүү, ошондой эле тескөөчү мамлекеттик органдын тармактык саясатын ишке ашыруу болуп саналат.
Мамлекеттик өкүлдүн ревизиялык комиссиянын мүчөсү катары биринчи кезектеги милдеттери мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун финансы-чарбалык ишин контролдоо, жүргүзүлүүчү финансы-чарбалык операциялардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүүсүнө байкоо жүргүзүү болуп саналат.
Мамлекеттик өкүлдүн директорлор кеңешинин мүчөсү катары тескөөчү мамлекеттик органдын тармактык саясатын ишке ашыруу боюнча милдеттери тескөөчү мамлекеттик орган тарабынан жеке белгиленет.
2. Мамлекеттик өкүл директорлор кеңешинин мүчөсү катары тескөөчү мамлекеттик органга жана Фондго мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомду өнүктүрүү стратегиясы жана келечектери боюнча сунуш киргизет.
2. Мамлекеттик өкүлдүн функциялары жана укуктары
3. Мамлекеттик өкүл чарбалык коомдун директорлор кеңешинин же ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн бардык функцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, уставга, ички документтерге жана ушул Жобого ылайык аткарат.
4. Мамлекеттик өкүлдүн директорлор кеңешинин мүчөсү катары компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
- чарбакер коомдун ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоого катышуу;
- акционерлердин жылдык жана кезексиз жалпы жыйналыштарын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүү;
- акционерлердин жалпы жыйналышынын күн тартибин түзүүгө жана бекитүүгө катышуу;
- жалпы жыйналыш болуучу күндү аныктоого, ага катышууга укуктуу акционерлердин тизмесин түзүүгө, акционерлердин жалпы жыйналышына даярдануу жана өткөрүү менен байланышкан башка маселелерге катышуу;
- чарбакер коомдун ишине тиешелүү маселелерди акционерлердин жалпы жыйналышынын кароосуна киргизүүгө;
- чарбакер коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын өзгөртүү (көбөйтүү же азайтуу) боюнча сунуштарды киргизүү;
- коом тарабынан облигациялардын жана башка баалуу кагаздардын жайгаштырылышы боюнча сунуштарды киргизүү;
- мүлктүн базардык наркын аныктоого катышуу;
- чарбакер коомдун директорлор кеңешинин кароосуна чарбакер коомдун аткаруучу органынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселелерди киргизүү;
- чарбакер коомдун аткаруучу органын түзүүгө жана анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга катышуу;
- ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылар жана компенсациялар боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- акциялар боюнча жылдык дивиденддин өлчөмү жана аны төлөө тартиби боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- чарбакер коомдун резервдик жана башка фонддорун пайдалануу боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- чарбакер коомдун ички документтерин кабыл алууга жана бекитүүгө, аларга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө катышуу;
- чарбакер коомдун филиалдарын түзүү жана өкүлчүлүктөрүн ачуу боюнча сунуштамаларды киргизүү, алар жөнүндө жоболорду бекитүү;
- чарбакер коомдун башка уюмдарга, холдинг компанияларына, финансы-өнөр жай топторуна жана башка бирикмелерге, коммерциялык уюмдарга катышуусу жөнүндө чечим кабыл алуу боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- ири бүтүмдөрдү түзүү боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- чарбакер коомдун иши менен байланышкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечүүгө катышуу;
- чарбакер коомдун стратегиялык максаттарын жана багыттарын иштеп чыгуу, анын саясатын түзүү жана аларды директорлор кеңешинин бекитүүсүнө киргизүү;
- чарбакер коомдун директорлор кеңешинин башка мүчөлөрү менен бирге аткаруучу органдын ишине, анын ичинде акционерлердин жана директорлор кеңешинин жалпы жыйналышында кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоо;
- чарбакер коомдун көз карандысыз аудиторун шайлоо жана анын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- чарбакер коомдун катчысын шайлоо боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- чарбакер коомдун стратегиялык максаттарын аныктоо боюнча чечимдерди кабыл алууга жана анын саясатын түзүүгө катышуу, ошондой эле алардын аткаруучу орган тарабынан аткарылышын контролдоо.
5. Мамлекеттик өкүлдүн ревизиялык комиссиянын мүчөсү катары функцияларына төмөнкү маселелер кирет:
- акционердик коомдун жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн финансы-чарбалык иштерине ревизия жана текшерүү жүргүзүү;
- эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тууралыгын, чарбалык коомдун менчигинин сакталышын камсыз кылуу, кем чыгуусун, уурдалышын жана ээсиз калуусун алдын алуу жана болтурбоо боюнча иштерди текшерүү;
- чарбакер коомдун бардык мүлкүнө ревизия жана кароо иштерин жеринде жүргүзүү, бир жылдык аткарылган ишинин көлөмүн, ошондой эле чарбакер коомдун тиешелүү чыгымдарын текшерүү;
- акционерлердин жалпы жыйналышынын кароосуна чарбакер коомдун жылдык отчету жана балансы боюнча корутунду даярдоо жана берүү;
- бүтүмдөрдү түзүүдө чарбакер коомдун кызмат адамдарынын кызыкчылыктарынын кагылышы болгондугун текшерүү, ошондой эле чарбакер коомдун кызмат адамдарынан алардын аффилиацияланган жактары жөнүндө маалыматтарды суроо;
- келерки жылга смета жана иштердин планы, ошондой эле пайданы бөлүштүрүү боюнча корутундуну кароо жана берүү.
6. Мамлекеттик өкүл мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун кызмат адамы катары өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл деп эсептеген чарбакер коомдун иши жөнүндө бардык маалыматтарды ала алат.
7. Мамлекеттик өкүл чарбакер коомдун аткаруучу органы тарабынан даярдалган чарбакер коомдун жылдык отчетторун аларды жалпы жылдык жыйналышка алып чыгууга чейин, ал эми чарбакер коомдун иш-аракеттеринин жана финансылык абалынын болжолдуу планын бир жыл мурда карайт жана талкуулайт.
3. Мамлекеттик өкүлдүн милдеттери
8. Мамлекеттик өкүл өзүнүн ыйгарым укуктарын мамлекеттин, тескөөчү мамлекеттик органдын, чарбакер коомдун жана акционерлердин кызыкчылыгында ишке ашырат.
9. Мамлекеттик өкүл директорлор кеңешинде же акционерлердин жалпы жыйналышында каралуучу, анын финансылык кызыкчылыгы бар бүтүмдөр боюнча Фондго жазуу жүзүндө маалымат берүүгө милдеттүү. Ушул пункттун максаты боюнча мамлекеттик өкүлдүн финансылык кызыкчылыгы төмөнкүлөргө карата пайда болот, эгерде:
- мамлекеттик өкүл же анын жакын туугандары (жубайы, ата теги жана урпактары боюнча туугандары, эже-сиңдилери, ага-инилери жана алардын ата теги жана урпактары боюнча туугандары) коом менен бүтүм түзүүчү тарап болуп саналса же ага мамлекеттик өкүл же ортомчу катары катышса;
- мамлекеттик өкүл же анын жакын туугандары (жубайы, ата теги жана урпактары боюнча туугандары, эже-сиңдилери, ага-инилери жана алардын ата теги жана урпактары боюнча туугандары) бүтүм түзүүчү тарап болуп саналган же ага мамлекеттик өкүл же ортомчу катары катышкан юридикалык жактын добуш берилүүчү акцияларынын (үлүштөрдүн, үлүштөш салымдардын) 20 же андан көп пайыздарына ээлик кылса;
- мамлекеттик өкүл же анын жакын туугандары (жубайы, ата теги жана урпактары боюнча туугандары, эже-сиңдилери, ага-инилери жана алардын ата теги жана урпактары боюнча туугандары) бүтүм түзүүчү тарап болуп саналган же ага мамлекеттик өкүл же ортомчу катары катышкан юридикалык жактын кызмат адамы болуп саналса.
Мамлекеттик өкүл анын финансылык кызыкчылыгы бар бүтүм боюнча директорлор кеңешинин чечим кабыл алуусуна добуш берүүгө катышууга укугу жок.
10. Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун директорлор кеңешиндеги мамлекеттик өкүл жарым жылда бир жолу тескөөчү мамлекеттик органга жана Фондго коомдун иши, анын финансылык көрсөткүчтөрү, ал кабылган көйгөйлөр жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн көрүлгөн өзүнүн иш-аракеттери жөнүндө кыскача маалымат камтыган коомдун иши жөнүндө отчетту жиберүүгө милдеттүү.
11. Чарбакер коомдун директорлор кеңешиндеги мамлекеттик өкүл факт жаралган учурдан тартып 5 күндүн ичинде Фондго маалымат, ошондой эле төмөнкүлөрдүн пайда болуу себептерин жиберүүгө милдеттүү:
- эмитенттин активдеринин наркынын 10 пайыздан көп бир жолу жогорулашына же төмөндөшүнө алып келген фактылар;
- акционердик коомдордун таза пайдасынын же таза чыгашасынын 10 пайыздан көп бир жолу жогорулашына алып келген фактылар;
- мүлктүн өлчөмү же болбосо наркы бүтүм түзүлгөн күнгө карата эмитенттин активдеринин 10 жана андан көп пайызын түзгөн бир жолку бүтүмдөрдүн коом тарабынан жүргүзүлүшү менен байланышкан фактылар.
Ревизиялык комиссиядагы мамлекеттик өкүл ревизиялык комиссия тарабынан финансылык-чарбалык иштеги бузуулар аныкталган учурдан тартып 5 күндүн ичинде Фондго ревизиялык комиссия тарабынан аныкталган бузуулар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
Келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн Фонд ревизиялык комиссиядагы мамлекеттик өкүлдүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени киргизүүгө укуктуу.
12. Мамлекеттик өкүл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин алдында жоопкерчилик тартат, анын ичинде күнөөлүү иш-аракети (аракетсиздиги) аркылуу мамлекетке келтирген зыяндардын ордун толтурат. Ченемдүү өндүрүштүк-чарбалык тобокелдик категориясына кирген зыяндын орду толтурулбайт.
Келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн тескөөчү мамлекеттик орган мамлекеттик өкүлдүн ыйгарым укуктарын мыйзамдарда белгиленген тартипте мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени демилгелөөгө укуктуу.
Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу маселе Фонд тарабынан киргизилет.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 338 токтомуна 4-тиркеме |
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңешинде мамлекеттин кызыкчылыктарын көрсөтүү боюнча келишимдин типтүү ФОРМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 338 токтомунун редакциясына ылайык)
201__-жылдын "___"__________________
Мындан ары "Тескөөчү мамлекеттик орган" деп аталуучу _______________________________________________ атынан чыгуучу ________________________________________________________________________________________________ негизинде иштеген _______________________________________________________________________ жана мындан ары "Ишеним көрсөтүүчү" деп аталуучу ____________________________________________ атынан чыгуучу _______________________________ негизинде иштеген __________________________________________________________ бир тараптан жана мындан ары "Мамлекеттик өкүл" деп аталуучу ____________________________________________________________________ экинчи тараптан
(жарандын аты-жөнү)
төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1. Ишеним көрсөтүүчү тапшырат, ал эми мамлекеттик өкүл Ишеним көрсөтүүчүнүн атынан мындан ары "Коом" деп аталуучу __________________________________________________ мамлекеттин кызыкчылыктарын мамлекеттин менчигине бекитилген акциялар (акциялардын бөлүгү) менен коргоо милдеттенмесин өзүнө алат.
2. Мамлекеттик өкүл мамлекеттин менчигине бекитилген акцияларды (акциялардын бөлүгүн) башкаруу боюнча компетенциясынын чегинде гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, уюмдаштыруучу документтерге жана ушул Келишимге ылайык мамлекеттин кызыкчылыктарын көрсөтөт.
2. Мамлекеттик өкүлдүн милдеттери
3. Мамлекеттик өкүл төмөнкүлөргө милдеттүү:
- директорлор кеңешинин ишине жеке катышууга (өзүнүн ыйгарым укуктарын башка адамдарга кайрадан ишенип берүү укугусуз);
- тескөөчү мамлекеттик органга жана Ишеним көрсөтүүчүгө мамлекеттик өкүл чарбакер коомдордогу мамлекеттин кызыкчылыктары башка өкүлдөр менен макулдашылган чечимдердин долбоорлору боюнча добуш берүү сунуштарын киргизе жана колдой турган чечимдердин долбоорлорун директорлор кеңешине макулдашуу үчүн жиберүүгө;
- директорлор кеңешинин мүчөсү катары өзүнүн ишин мамлекеттин, тескөөчү мамлекеттик органдын, чарбакер коомдун жана акционерлердин кызыкчылыгында ишке ашырууга;
- акциялар боюнча дивиденддердин жана милдеттүү төлөмдөрдүн туура эсептелинишин, бюджетке толук жана өз убагында которулушун контролдоого;
- натыйжалуу корпоративдик башкарууну орнотууга методикалык жардам көрсөтүүгө;
- жарым жылда бир жолу тескөөчү мамлекеттик органга жана Ишеним көрсөтүүчүгө Коомдун иши, анын финансылык көрсөткүчтөрү, туш болгон көйгөйлөрү жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн көрүлгөн өзүнүн иш-аракеттери жөнүндө кыскача маалыматты камтыган Коомдун иши тууралуу отчетту жиберүүгө;
- ушул Келишимдин 4-пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча сунуштарды директорлор кеңешинин жыйыны белгиленген күнгө чейин 10 күндөн кечиктирбестен Ишеним көрсөтүүчүгө макулдашууга берүүгө;
- ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды аткарууда белгилүү болгон маалыматтарды үчүнчү жакка ачыкка чыгарбоого жана аларды мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген максаттарга колдонбоого;
- жарым жылда бир жолу тескөөчү мамлекеттик органга жана Ишеним көрсөтүүчүгө Коомдун иши, анын финансылык көрсөткүчтөрү, туш болгон көйгөйлөрү жана аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн көрүлгөн өзүнүн иш-аракеттери жөнүндө кыскача маалымат камтылган Коомдун иши тууралуу отчетту жиберүүгө;
- факты пайда болгон учурдан тартып 5 күндүн ичинде маалымат, ошондой эле төмөнкү фактылардын пайда болуу себептерин жиберүүгө:
эмитенттин активдеринин баасынын 10 пайыздан көп бир жолу жогорулашына жана төмөндөшүнө алып келген фактылардын;
акционердик коомдун таза пайдасынын же таза чыгымдарынын 10 пайыздан көп бир жолу жогорулашына алып келген фактылардын;
коом тарабынан мүлктүн өлчөмү же болбосо наркы бүтүм түзүлгөн күнгө карата эмитенттин активдеринин 10 жана андан көп пайызын түзгөн бир жолку жүргүзүлгөн бүтүмдөр боюнча фактылар.
- тескөөчү мамлекеттик орган тарабынан белгиленген милдеттерди толук көлөмдө аткаруу, атап айтканда:
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
3. Мамлекеттик өкүлдүн укуктары жана милдеттери
4. Чечимдердин долбоорлору, төмөнкү маселелер боюнча чечимдердин долбоорлоруна добуш берүү жөнүндө сунуштар Ишеним көрсөтүүчү менен макулдашылууга тийиш:
- Коомдун уюмдаштыруучу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- насыя алуу жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата активдердин баланстык наркынын 20 пайызынан көп өлчөмдө насыяларды алуу;
- кыймылсыз мүлктү сатуу жана башка ажыратуу, ошондой эле баланстык наркы Коомдун таза активдеринин пайыздарынан ___________________________________ ашкан кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу;
- Коомдун башка уюмдарды (анын ичинде туунду ишканаларды) жана финансылык-өнөр жай топторун түзүүгө катышуусу;
- ________________________________________________________________________________.
(милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш башка маселелер)
5. Тескөөчү мамлекеттик органдын жана Ишеним көрсөтүүчүнүн көрсөтмөлөрү жок учурда мамлекеттик өкүл тескөөчү мамлекеттик органдын жана Ишеним көрсөтүүчүнүн кызыкчылыгында иш алып баруу менен добуш берүүнү өз алдынча ишке ашырат, бул туурасында аларга кабарлайт.
6. Мамлекеттик өкүл Ишеним көрсөтүүчүнүн макулдугусуз башка уюмдардын башкаруу органдарына өкүл боло албайт.
7. Мамлекеттик өкүлдүн директорлор кеңешинин мүчөсү катары функцияларына төмөнкү маселелер кириши мүмкүн:
- Коомдун ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоого катышуу;
- акционерлердин жылдык жана кезексиз жалпы жыйындарын чакыруу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- акционерлердин жалпы жыйынынын күн тартибин түзүүгө жана бекитүүгө катышуу;
- жалпы жыйыны болуучу күндү аныктоого, ага катышууга укуктуу акционерлердин тизмесин түзүүгө, акционерлердин жалпы жыйынын даярдоо жана өткөрүү менен байланыштуу башка маселелерге катышуу;
- Коомдун ишине тиешелүү маселелерди акционерлердин жалпы жыйынынын кароосуна киргизүү;
- Коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын өзгөртүү (көбөйтүү же азайтуу) боюнча сунуштарды киргизүү;
- Коом тарабынан облигациялардын жана башка баалуу кагаздардын жайгаштырылышы боюнча сунуштарды киргизүү;
- мүлктүн базар баасын аныктоого катышуу;
- Коом тарабынан жайгаштырылган акцияларды, облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды алуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- акционерлердин жалпы жыйынынын кароосуна Коомдун аткаруучу органынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселелерди киргизүүгө;
- ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылар жана компенсациялар боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- акциялар жана аны төлөө тартиби боюнча жылдык дивиденддин өлчөмү боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- Коомдун фонддорун пайдалануу боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- Коомдун ички документтерин кабыл алууга жана бекитүүгө, аларга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө катышуу;
- Коомдун филиалдарын түзүү жана өкүлчүлүктөрүн ачуу, алар жөнүндө жобо бекитүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- Коомдун башка уюмдарга, холдинг компанияларына, финансы-өнөр жай топторуна жана башка бирикмелерге, коммерциялык уюмдарга катышуусу жөнүндө чечим кабыл алуу боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- ири келишимдерди түзүү боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- Коомдун ишине байланышкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечүүгө катышуу;
- Коомдун стратегиялык максаттарын иштеп чыгуу, анын саясатын түзүү жана аларды директорлор кеңешине бекитүүгө киргизүү;
- Коомдун директорлор кеңешинин башка мүчөлөрү менен бирге аткаруучу органдын ишине, анын ичинде акционерлердин жана директорлор кеңешинин жалпы жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоо;
- Коомдун көз карандысыз аудиторун шайлоо жана анын кызмат көрсөтүүлөрүнүн өлчөмүн аныктоо боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- Коомдун катчысын шайлоо боюнча сунуштамаларды киргизүү.
8. Мамлекеттик өкүл өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл деп санаган Коомдун иши жөнүндө бардык маалыматтарды ала алат.
9. Мамлекеттик өкүл Башкарма тарабынан даярдалган Коомдун жылдык отчетторун аларды ар жылдык жалпы жыйынга алып чыгууга чейин, ал эми Коомдун иш-аракеттеринин жана финансылык абалынын болжолдуу планын бир жыл мурда кароого жана талкуулоого катышат.
10. Мамлекеттик өкүл өзүнүн ыйгарым укуктарын мамлекеттин, тескөөчү мамлекеттик органдын, Коомдун жана акционерлердин кызыкчылыгында ишке ашырат.
11. Мамлекеттик өкүл директорлор кеңеши тарабынан каралуучу, өзүнүн финансылык кызыкчылыгы бар маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, тескөөчү мамлекеттик органга жана Ишеним көрсөтүүчүгө жазуу жүзүндө маалымдоого жана жазуу жүзүндө уруксат алууга милдеттүү. Ушул пункттун максаттары боюнча өкүлдүн финансылык кызыкчылыгы төмөнкүлөргө карата пайда болот, эгерде:
- мамлекеттик өкүл же анын жакын туугандары (жубайы, ата теги жана урпактары боюнча туугандары, эже-сиңдилери, ага-инилери жана алардын ата теги жана урпактары боюнча туугандары) Коом менен бүтүм түзүүчү тарап болуп саналса же ага өкүл же ортомчу катары катышса;
- мамлекеттик өкүл же анын жакын туугандары (жубайы, ата теги жана урпактары боюнча туугандары, эже-сиңдилери, ага-инилери жана алардын ата теги жана урпактары боюнча туугандары) бүтүм түзүүчү тарап болуп саналган же ага өкүл же ортомчу катары катышкан юридикалык жактын добуш берилүүчү акцияларынын (үлүштөрдүн, үлүштөш салымдардын) 20 же андан көп пайыздарына ээлик кылса;
- мамлекеттик өкүл же анын жакын туугандары (жубайы, ата теги жана урпактары боюнча туугандары, эже-сиңдилери, ага-инилери жана алардын ата теги жана урпактары боюнча туугандары) бүтүм түзүүчү тарап болуп саналган же ага өкүл же ортомчу катары катышкан юридикалык жактын кызмат адамы болуп саналса.
Мамлекеттик өкүл өзүнүн финансылык кызыкчылыгы бар бүтүм боюнча Директорлор кеңеши тарабынан чечим кабыл алынган учурда добуш берүүгө катышууга укугу жок.
4. Ишеним көрсөтүүчүнүн жана тескөөчү мамлекеттик органдын милдеттери
12. Мамлекеттик өкүл тарабынан ага жүктөлгөн милдеттердин натыйжалуу аткарылышы үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында Ишеним көрсөтүүчү, эгер Коомдун башкаруучу органынын кезектеги жыйынынын (жыйналышынын) күн тартибинде ушул Келишимдин 5-пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу каралса мамлекеттик өкүлдүн сунуштарын өз убагында кароого жана тиешелүү көрсөтмө берүүгө милдеттүү.
13. Ишеним көрсөтүүчү мамлекеттин менчигине бекитилген акциялардын бөлүктөрүн ажыратуу жана добуштардын санынын тиешелүү өзгөрүүсү жөнүндө мамлекеттик өкүлгө өз убагында билдирүүгө милдеттенет.
14. Ишеним көрсөтүүчү жана тескөөчү мамлекеттик орган Мамлекеттик өкүл өз укуктарын жана жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты ага берүүгө милдеттүү.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
15. Мамлекеттик өкүл ушул Келишимде белгиленген өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
16. Мамлекеттик өкүлдүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен келтирилген материалдык зыян Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык орду толтурулууга тийиш.
6. Келишимдин колдонулуу мөөнөтү, аны токтотуунун жана бузуунун негиздери
17. Келишим ага эки тарап тең кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Келишимдин колдонулуу мөөнөтү бир жылды түзөт.
Келишим аны колдонуу мөөнөтү аяктаганда, чарбакер коом кайра уюштурулганда жана жоюлганда, акционерлердин жалпы жыйынында мамлекеттик өкүл болуп саналган директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу, акциялардын мамлекеттик пакетин сатуу, Ишеним көрсөтүүчүнүн тапшырмасын жокко чыгаруу, мамлекеттик өкүлдүн тапшырманы аткаруудан баш тартуусу, Ишеним көрсөтүүчүнү жоюу жөнүндө чечим кабыл алынганда, тескөөчү мамлекеттик орган тарабынан белгиленген милдеттер өз убагында эмес жана сапатсыз аткарылганда, ошондой эле мамлекеттик өкүл эмгекке жарамсыз, эмгекке жарамдуулугу чектелүү же дайынсыз жоголгон деп таанылган учурда токтотулат.
18. Ишеним көрсөтүүчү төмөнкү учурларда келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууга укуктуу:
- мамлекеттик өкүл тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулганда же ага берилген көрсөтмөлөр аткарылбаганда же талаптагыдай эмес аткарылганда;
- акцияларды (акциялардын бөлүгүн) мамлекеттик менчикке бекитүү мөөнөтүн кыскартуу жана аларды белгиленген тартипте сатуу жөнүндө чечим кабыл алынганда;
- мамлекеттик өкүл тарабынан отчеттуулукту берүүнүн белгиленген мөөнөттөрү бир нече жолу бузулганда;
- мамлекеттик өкүлгө өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган милдеттенмелер келип чыкканда;
- Коом жоюлганда (кайра уюштурулганда);
- мамлекеттик өкүл тарабынан Ишеним көрсөтүүчүнүн макулдугусуз башка акционерлердин өкүлүнүн ыйгарым укуктары ишке ашырылганда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда.
19. Тескөөчү мамлекеттик орган Келишимдин шарттары сапатсыз жана өз убагында эмес аткарылган, ошондой эле анын шарттары толук көлөмдө аткарылбаган учурда аны мөөнөтүнөн мурда бузууга укуктуу.
20. Ушул Келишимдин 18 жана 19-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча Келишим бузулган учурда Ишеним көрсөтүүчү мамлекеттик өкүлгө тиешелүү билдирүүнү жиберет.
Мамлекеттик өкүл келишимдик милдеттенмелерди аткаруудан Ишеним көрсөтүүчүгө жана тескөөчү мамлекеттик органга аларды аткарууну токтотууга чейин _________ күндөн кечиктирбестен тиешелүү билдирүүнү жиберүү менен баш тарта алат.
Тескөөчү мамлекеттик орган
20__-жылдын "___" ______________________
Юридикалык дареги:
Ишеним көрсөтүүчү
20__-жылдын "___" ______________________
Юридикалык дареги:
Мамлекеттик өкүл:
Жашаган жеринин дареги: ______________________________
Банктык маалым даректери: _____________________________
Паспорттук маалыматтар: ______________________________