Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 1-августундагы № 431 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 518 токтому менен бекитилген
Бул жобо "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын "Лейлек" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана "Лейлек" эркин экономикалык зонасындагы чарбалык жана тышкы экономикалык иштин өзгөчө укуктук негиздерин аныктайт (мындан ары - "Лейлек" ЭЭЗи).
1. "Лейлек" ЭЭЗинин максаттары жана милдеттери
"Лейлек" ЭЭЗинин иштөөсүнүн максаты чет өлкөлүк капиталды, технологияларды, башкаруу тажрыйбасын тартуу үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу жана анын негизинде республиканын жана региондун кечиктирилгис социалдык-экономикалык милдеттерин чечүү болуп саналат. "Лейлек" ЭЭЗинин милдеттери азыркы өндүрүштүк жана социалдык инфраструктураны, жаңы жумушчу орундарын түзүү, рынокту товарларга толтуруу, калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
2. Статусу жана өзгөчө укуктук режими
2. "Лейлек" ЭЭЗинин тосулган аймагы жана чек аралары, ченемдик базасы, бюджети, өзүнүн башкаруу органдары болот.
3. "Лейлек" ЭЭЗи Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук айылынын чек араларында жайгашкан (N 101-81 га, 102-14,0 га контур) - 100 ганы ээлейт (картасы тиркелет).
4. Республиканын министрликтери жана администрациялык ведомстволору өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө эгерде алар "Лейлек" ЭЭЗи аймагынын зонасынын кызыкчылыктарын козгосо, жалаң гана Башкы дирекция аркылуу аракет кылышат. Карама-каршылыктар пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чечилет.
"Лейлек" ЭЭЗинин субъекттериндеги алардын финансылык-чарбалык иши боюнча ар кандай текшерүүлөр жана салык салуулар "Лейлек" ЭЭЗинин Башкы дирекциясынын билүүсү менен жылына кеминде бир жолу салыктык укуктук мамилелерди жана бажы ишинин чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. "Лейлек" ЭЭЗинин субъекттеринин чарба ишине ар кандай мамлекеттик орган тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө чечимдери буга кирбейт.
5. "Лейлек" ЭЭЗинин аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана эркин экономикалык зоналар жөнүндө бул жобонун нормалары, эгерде алар "Эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбесе колдонулат.
6. "Лейлек" ЭЭЗинде чет өлкөлүк инвестициялык ишти жүзөгө ашырууга байланышкан мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин жоболору менен жөнгө салынат.
7. Башкы дирекция Кыргыз Республикасынын карыздары жана милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, Кыргыз Республикасы Башкы дирекциянын карыздары жана милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
8. Чет өлкөлүк инвесторлордун жана инвестициялык иштин катышуучуларынын укуктук абалын жөнгө салуучу негизги документ Келишим (Макулдашуу) болуп саналат.
Өнөктөштөрдү тандап алуу, келишимдерди түзүү, милдеттерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка чарбалык мамилелердин шарттарын аныктоо чет өлкөлүк инвесторлордун жана инвестициялык ишке катышуучулардын бирден-бир компетенциясы болуп саналат.
Чет өлкөлүк инвесторлор менен инвестициялык иштин катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин шарттары келишимде колдонулган бүткүл мөөнөттө өз күчүн сактап калат. Келишим түзгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен чет өлкөлүк инвестордун жана (же) инвестициялык иштин катышуучусунун абалын начарлатуучу эрежелер белгиленген учурларда Келишимдин шарттары ал колдонулган бардык мөөнөттө өз күчүн сактап калат.
Чет өлкөлүк инвестор менен Башкы дирекциянын ортосунда келип чыккан чарбалык талаш-тартыштар тараптар ортосунда алдын-ала макулдашылган, ар кандай колдонулуучу жол-жобого ылайык чечилет, бул инвестордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктук коргоонун башка каражаттарын пайдалануусун жокко чыгарбайт.
3. "Лейлек" ЭЭЗинин чет өлкөлүк инвесторлору үчүн мамлекеттик кепилдиктер
9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык нормаларга ылайык чет өлкөлүк инвестицияларды укуктук коргоо кепилденет.
10. Чет өлкөлүк инвестициялардын укуктук режимдери артыкчылыктуу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жарандары ишке ашыруучу инвестициялар үчүн укуктук режимден жагымсыз болушу мүмкүн эмес.
11. "Лейлек" ЭЭЗинин чет өлкөлүк инвестициялары мамлекеттештирүүгө жатпайт. Эгерде чет өлкөлүк инвестициялар жарандардын ден-соолугуна жана өмүрүнө, мамлекеттик жана коомдук коопсуздукка коркунуч туудурган учурда чет өлкөлүк инвесторлор Башкы дирекция коркунучту четтетүү мөөнөтү жөнүндө кабарлайт. Баш тартылган же бул коркунучту жое албаган учурда Башкы дирекция бул коркунучту чет өлкөлүк инвестордун эсебинен жоюу боюнча чара көрүүгө укуктуу болот.
4. "Лейлек" ЭЭЗин уюштуруунун жана анын иштөөсүнүн негизги принциптери
12. Ата-мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактар "Лейлек" ЭЭЗинин аймагында ишканаларды, ар кандай түрдөгү бирикмелерди түзүшөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынгандардан тышкары бардык чөйрөлөрдө чарба ишин жүргүзүшөт.
"Лейлек" ЭЭЗинде катталган ишканалар жана бирикмелер Кыргыз Республикасында жана андан тышкарыда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн филиалдарын ачуу укугуна ээ болушат.
Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн "Лейлек" ЭЭЗинин Башкы дирекциясында катталган юридикалык жактары "Лейлек" ЭЭЗинин субъекттери болуп саналат.
13. "Лейлек" ЭЭЗинде түзүлгөн ишканаларды каттоону "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык аныкталган тартипте Башкы дирекция ишке ашырат.
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык "Лейлек" ЭЭЗинин Башкы дирекциясы аймактык салык органына, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жаңы катталган субъекттер жөнүндө маалыматты, ошондой эле ЭЭЗ субъекти катары каттоо жөнүндө күбөлүгү кайра алынган субъекттер жөнүндө маалыматты ай сайын берүүгө милдеттүү.
"Лейлек" ЭЭЗинде катталган субъекттер ЭЭЗге катталган күндөн тартып 15 календарлык күндөн кеч эмес мөөнөттө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аймактык салык органында салыктык катталуудан өтүүгө милдеттүү.
Башкы дирекцияга чекене соода жүргүзгөн чарба субъекттерин каттоого жана "Лейлек" ЭЭЗинин субъекттери катары ички рынокко ар кандай кызматтар көрсөтүүгө тыюу салынат.
Кыргыз Республикасында статистика жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Лейлек" ЭЭЗинин Башкы дирекциясы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине "Лейлек" ЭЭЗинде катталган чарбакер субъекттер тууралуу маалыматты берип турууга милдеттүү.
14. "Лейлек" ЭЭЗинин аймагында курчап турган чөйрөгө зыян келтирген кандайдыр бир өндүрүш жүргүзүүгө тыюу салынат.
15. "Лейлек" ЭЭЗинин аймагында импорттун ордуна жергиликтүү сырьену жана материалдарды милдеттүү түрдө пайдалануу же субсидияны, ушундай талаптар менен шартталган башка жеңилдиктерди берүү жөнүндө талаптар белгиленбейт.
16. "Лейлек" ЭЭЗинин субъекттери тарабынан жер аянттарын узак мөөнөткө ижарага алуу мөөнөтү, жерге ижара акысы жерди пайдалануунун максатына, участоктун жайгашкан жерине, долбоорго капиталдык салымдын өлчөмүнө жана башка критерийлерге жараша ижарага берүүчү катары Башкы дирекция тарабынан аныкталат.
Келишимдерди түзгөндө "Лейлек" ЭЭЗинин Башкы дирекциясы "Лейлек" ЭЭЗи түзүлгөн учурдан баштап ага кирген чарбакер субъекттердин кызыкчылыгын эске алууга тийиш.
17. "Лейлек" ЭЭЗинин субъекттерине өз ишин чет өлкөдө жүргүзүүгө укук берилет.
18. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш жүргүзгөн "Лейлек" ЭЭЗинин субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган Кыргыз Республикасынын юридикалык жагынын статусуна, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы банктык эсепке ээ болууга тийиш.
Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар "Лейлек" ЭЭЗинде өз ишин чет өлкөдө жүргүзгөн компания катары катталбайт.
"Лейлек" ЭЭЗи субъекттерине алардын катталган датасына карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык жана бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, "Лейлек" ЭЭЗинин аймагында акциздик товарларды ташууга, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат.
Эгерде кайра иштетүүнүн натыйжасында Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товарлардын классификациялык кодунун өзгөрүүсү кайра иштетүүчү продукттун биринчи төрт белгисинин деңгээлинде болсо, анда "Лейлек" ЭЭЗинин субъекттерине "Лейлек" ЭЭЗинде өндүрүлгөн товарларды Кыргыз Республикасынын ички рыногунда сатууга уруксат берилет.
5. Финансылык-кредиттик жана валюталык механизм
19. "Лейлек" ЭЭЗин түзүү жана анын иштөөсү өз алдынча каржылоонун, анын ичинде валюталык каржылоонун негизинде жүргүзүлөт.
20. "Лейлек" ЭЭЗинин иштөөсүн камсыз кылуу максатында анын бюджети түзүлөт, анын кирешесине "Лейлек" ЭЭЗинин администрациясынын карамагына кирген жерлерди, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүүдөн, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан, зоналык займдарды жана баалуу кагаздарды чыгаруудан, жүгүртүүдөн түшкөн каражаттар эсептелет.
"Лейлек" ЭЭЗин инфраструктуралык жабдууну каржылоо республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен (бюджеттик кредиттерди берүүнүн, ошондой эле өндүрүштүк жана социалдык инфраструктуранын артыкчылыктуу объекттерин түзүүгө тикелей инвестициялоо түрүндө), ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, чет мамлекеттер жана инвесторлор берген кредиттердин, гранттардын эсебинен жүргүзүлөт.
Республикалык бюджеттин каражаттарын тартуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган шарттарда жүргүзүлөт.
"Лейлек" ЭЭЗинин бюджети эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
Эркин экономикалык зонанын Башкы дирекциясы калктын жашоо деңгээлин көтөрүү максатында эркин экономикалык зонанын Башкы дирекциясынын бюджетинен 0,01 процентти өзү жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чегерет.
21. Интеллектуалдык менчикти колдонгондугу, ижара үчүн төлөмдөр, лицензиялар, адистерге гонорарлар жана башкалар суммасын чектөөсүз "Лейлек" ЭЭЗинде жүргүзүлөт.
6. "Лейлек" ЭЭЗиндеги бажы иши
22. "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Лейлек" ЭЭЗинин аймагында Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык өзгөчө бажы режими белгиленет.
23. "Лейлек" ЭЭЗинде бажы контролу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
24. "Лейлек" ЭЭЗинин субъекттери Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүчү товарлардан, "Лейлек" ЭЭЗиндеги кайра иштетүүнүн деңгээлине, бүтүмдүн өлчөмүнө жана сатып алуучусуна карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акциз салыгы, кошумча нарк салыгы алынат. "Лейлек" ЭЭЗдин аймагында өндүрүлбөгөн жана "Лейлек" ЭЭЗинин субъекттери Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына жеткирүүчү товарлардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы алынат.
Эркин экономикалык зонада өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо квоталоодон бошотулат, буга Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына экспорттоо кирбейт, анын өлчөмү жыл ичинде "Лейлек" ЭЭЗинде өндүрүлгөн продукциянын жалпы өлчөмүнөн жана лицензиялоонун 30 процентинен ашпоого тийиш.
Эркин экономикалык зонада өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынан тышкары экспорттоодо эркин экономикалык зонанын бул продукциясы Кыргыз Республикасынын бажылык аймагында өндүрүлгөн продукция болуп эсептелет.
7. "Лейлек" ЭЭЗинде салык алуу
25. "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын ички рыногунда керектөө үчүн кызмат көрсөтүүчү "Лейлек" ЭЭЗи субъектисин кошпогондо, чарбалык жана тышкы экономикалык иштердин катышуучулары (белгиленген тартипте каттоодон өткөн юридикалык жактар) ЭЭЗде иш жүргүзүү мезгилинде салыктардын, алымдардын жана жыйымдардын бардык түрлөрүнөн бошотулат.
Кыргыз Республикасында ички рыногунда керектөө үчүн "Лейлек" ЭЭЗинин субъекттери көрсөтүүчү кызматтардан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салык алынат. Кыргыз Республикасынын ички рыногунда керектөө үчүн кызматтар болуп Кыргыз Республикасында "Лейлек" ЭЭЗинин аймагында каалаган жеке адам сатып алуучу кызматтар эсептелет.
"Лейлек" ЭЭЗинин субъекттеринде жалдоо боюнча иштөөчү жеке адамдардан социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү жана киреше салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алынат. Кыргыз Республикасында туруктуу иштөөсү менен байланышпаган резидент эместердин кирешесинен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте салык алынууга тийиш.
Товарлар эгерде толук боюнча ата мекендик материалдардан жана (же) бөлүктөрдөн гана даярдалса, анда алар "Лейлек" ЭЭЗинде чыгарылган болуп эсептелет. Ал эми товарлар чет өлкөлүк материалдардан жана (же) бөлүктөрдөн чыгарылса, алар ата мекендик бөлүктөр же материалдар менен аралаштырылганына же бириктирилгенине карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жетишээрлик кайра иштетүүнүн талаптарына жооп берсе товарлар "Лейлек" ЭЭЗинде чыгарылды деп эсептелет.
Мурда эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган же ата мекендик материалдардан жана (же) бөлүктөрдөн ЭЭЗде даярдалган Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан чыгарылуучу товарлардан бажы алымдары алынбайт жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагына кайтарууда экономикалык саясат чараларына тийиштүү болбойт.
"Лейлек" ЭЭЗинин аймагынан Кыргыз Республикасынын бажы аймагына чыгарылуучу товарларга карата:
1) салык алуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык колдонулат.
"Лейлек" ЭЭЗинин аймагында чыгарылбаган жана "Лейлек" ЭЭЗинин субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы аймагына берилген товарлардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы алымдары, кошумча нарк салыгы жана акциздик салык алынат.
Эгерде "Лейлек" ЭЭЗи субъектиси ЭЭЗдин аймагында, ошондой эле анын чегинен сыртта иш жүргүзсө, анда мындай субъект өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү. Бул учурда ЭЭЗдин аймагынан сырттагы субъекттин ишинен жалпы негизде салык алынат (салыктык жеңилдиксиз).
8. Төлөөчүлөрдүн милдеттенмелери
26. "Лейлек" ЭЭЗинин салык төлөөчүлөрү Кыргыз Республикасында белгиленген тартипке ылайык финансылык-чарбалык иштер жөнүндө бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана отчет берет.
9. "Лейлек" ЭЭЗиндеги эмгек мамилелери
27. Кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жана өлчөмдөрү, ошондой эле кирешелеринин башка түрлөрү, анын ичинде чет өлкөлүк валютада дагы "Лейлек" ЭЭЗинин ишканалары жана уюмдары тарабынан өз алдынча, өздүк каражаттардын эсебинен белгиленет.
28. Жамааттык жана эмгек келишимдеринин (контракттарынын) шарттары Кыргыз Республикасында колдонулган эмгек жөнүндө мыйзамдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасы ратификациялаган Эл аралык эмгек уюмунун конвенциясында каралган шарттарга салыштырганда ушул ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин абалдарын начарлатпоого тийиш.
10. "Лейлек" ЭЭЗине кирүү жана чыгуу тартиби
29. "Лейлек" ЭЭЗинин аймагында чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнүн жана чыгуусунун жөнөкөйлөтүлгөн режими иштейт.
"Лейлек" ЭЭЗинин аймагында консулдук тейлөөнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы ишке ашырат.
11. "Лейлек" ЭЭЗин башкаруу
30. "Лейлек" ЭЭЗинин аймагындагы башкаруу органы болуп башкы директор башкаруучу Башкы дирекция эсептелет.
31. "Лейлек" ЭЭЗинин башкы директору Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
"Лейлек" ЭЭЗинин башкы директорунун орун басары "Лейлек" ЭЭЗинин башкы директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
32. Башкы директордун администрациялык башкаруу аппараты болот жана анын түзүмүн аныктайт.
33. "Лейлек" ЭЭЗинин башкы директорунун функциясына төмөнкүлөр кирет:
- администрациялык башкаруунун кызматкерлерин жумушка кабыл алууну жана бошотууну жүргүзүү;
- "Лейлек" ЭЭЗинин ишин жөнгө салуучу буйруктарды, тескемелерди, жоболорду жана нускамаларды чыгаруу жана алардын колдонулушун камсыздоо;
- "Лейлек" ЭЭЗинин чегинде республиканын экономикалык кызыкчылыктарын жана анын компетенциясын коргоо;
- республиканын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо, алардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерди, ошондой эле ушул Жобону "Лейлек" ЭЭЗинин бардык органдарынын жана субъекттеринин анын аймагында аткарышын камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсү менен "Лейлек" ЭЭЗин өнүктүрүүнүн Башкы планын иштеп чыгуу;
- "Лейлек" ЭЭЗи субъектисин каттоо күбөлүгүн жана анын статусу жөнүндө күбөлүктү берүү.
34. "Лейлек" ЭЭЗинин Башкы дирекциясы, юридикалык жак катары эркин экономикалык зонанын субъектиси болуп эсептелет.