Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-ноябры № 673
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү курамынын кызмат орундарына иштөө үчүн конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тандап алуу конкурстук негизде жүргүзүлүүчү кызмат орундарынын тизмегин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү курамынын кызмат орундарында иштөө үчүн конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тандап алуу конкурстук негизде жүргүзүлүүчү кызмат орундарынын тизмеги, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы жөнүндө жобонун 21-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- 2015-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тандап алуу конкурстук негизде жүргүзүлүүчү кызмат орундарынын тизмегин кеңейтүү боюнча иш жүргүзсүн жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
2-тиркеме
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын орто жана жогорку жетектөөчү курамынын кызмат орундары.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тармагындагы бөлүктөрүнүн жана кызматынын кенже, орто жана жогорку жетектөөчү курамынын кызмат орундары.