Загрузка документа…
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 токтому менен бекитилген |
Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2015-жылдын 30-июлундагы № 542, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдарын ыйгаруунун тартибин аныктайт.
1-1. Окумуштуулук наамдар Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитациядан өткөн жогорку окуу жайларынын жана илимий мекемелердин кызматкерлерине ыйгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Профессордун жана доценттин окумуштуулук наамдары Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) тарабынан жогорку окуу жайларда же квалификацияны жогорулатуу институттарында педагогикалык иш жүргүзгөн, педагогикалык устаттыкка ээ болгон, терең кесиптик билими жана илимий жетишкендиктери бар, илимий-педагогикалык кызматкерлерге ошол мекемелердин окумуштуулар кеңештери берген өтүнүч каттын жана документтердин негизинде ыйгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Профессордун жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдары Комиссия тарабынан илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын жана квалификацияны жогорулатуу институттарынын илимий бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине ушул мекемелердин окумуштуулар кеңештери берген өтүнүч каттарынын жана документтеринин негизинде ыйгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдары жогорку окуу жайларында же квалификацияны жогорулатуучу институттарда, илимий мекемелерде айкалыштырып (совместитель) иштеп жатышкан адамдарга, алар ушул Жобонун талаптарына ылайык келген учурларында ыйгарылат.
5. Окумуштуулук наам ыйгарылган адамдарга бирдиктүү мамлекеттик үлгүдөгү тийиштүү аттестат берилет.
2. Профессордун окумуштуулук наамын ыйгаруу
6. Профессор - бул жогорку окуу жайдын окутуучусунун же илимий-изилдөө институтунун илимий кызматкеринин окумуштуулук наамы, ал компетенттүүлүктүн жогорку деңгээлиндеги жана илимдин же искусствонун белгилүү бир тармагында жогорку квалификациялуу адис деп эсептелген адамга ушул Жободогу талаптарды аткаруунун негизинде ыйгарылат.
7. Профессордун окумуштуулук наамы жогорку окуу жайларда профессордун, кафедра башчысынын, факультеттин деканынын, филиалдын, институттун жетекчисинин, жогорку окуу жайынын же квалификацияны жогорулатуу институтунун ректорунун, проректорунун кызмат ордунда иштеп жаткан илимдин докторлоруна, эгер алардын жарык көргөн окуу-методикалык жана илимий иштери болсо, лекциялардын курсун жогорку кесиптик деңгээлде окушса, ошондой эле аттестациялык документтерин берип жаткан учурда төмөндөгү талаптарга жооп берсе:
а) диссертациясын коргогондон кийин көрсөтүлгөн кызмат орундарында 3 окуу жылынан кем эмес мезгил ийгиликтүү иштеп жатышса;
б) жогорку окуу жайларында же квалификацияны жогорулатуу институттарында 10 жылдан кем эмес илимий-педагогикалык стажы болсо;
в) "5тен кем эмес окуу-методикалык жана илимий эмгектери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарыяланган "Scopus", "Web of Science" же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү, нөлдөн кем эмес импакт-факторго ээ басылмаларда жарыяланган 4төн кем эмес макаласы болсо.
Эмгектери докторлук диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек;
г) (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
д) доценттин же улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамы бар болгон учурда ыйгарылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2015-жылдын 30-июлундагы № 542, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Профессордун окумуштуулук наамы, профессордун, кафедра башчысынын, факультеттин деканынын, филиалдын же институттун жетекчисинин, жогорку окуу жайынын же квалификацияны жогорулатуу мекемесинин ректорунун, проректорунун кызмат ордунда иштеп жатышкан илимдин кандидаттарына, эгер алардын жарыяланган окуу-методикалык жана илимий иштери болсо, жогорку кесиптик деңгээлде лекциялардын курсун окуп жатышса, ошондой эле аттестациялык документтерин берип жаткан учурда төмөндөгү талаптарга жооп берсе.
а) көрсөтүлгөн кызмат ордунда 3 окуу жылынан кем эмес ийгиликтүү иштеп жатышса;
б) 15 жылдан кем эмес илимий-педагогикалык стажы болуп, анын 10дон кем эмеси жогорку окуу жайларында педагогикалык иште өткөн болсо;
в) доценттин же улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамы бар болсо;
г) 5тен кем эмес окуу-методикалык жана илимий эмгектери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарыяланган "Scopus", "Web of Science" же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү, нөлдөн кем эмес импакт-факторго ээ басылмаларда жарыяланган 9дан кем эмес макаласы болсо.
Макалалары кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек;
д) Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы толук ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жогорку окуу жайлары, квалификацияны жогорулатуу институттары үчүн сунуш кылынган 10 басма табак көлөмдөгү жалпы тиражы 500 нускадан кем эмес, педагогикалык иште колдонулуучу окуу китептердин автору болушса;
е) (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
ж) илимий жетекчи катары илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы берилген 2ден кем эмес окуучуларды даярдаган учурда.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомдорунун редакциясына ылайык)
9. Профессордун окумуштуулук наамы жогорку окуу жайларында профессордун, кафедра башчысынын, декандын, проректордун, ректордун, филиалдын жетекчисинин кызмат ордунда иштеп жатышкан искусство кызматкерлерине, эгер алар лекциялардын курсун окуп жатышса же жогорку кесиптик деңгээлде сабак беришсе, ошондой эле аттестациялык документтерин берип жаткан учурда төмөндөгү талаптарга жооп берсе:
а) көрсөтүлгөн кызмат орундарында 3 окуу жылдан кем эмес ийгиликтүү иштеп жатышса;
б) жогорку окуу жайлардагы чыгармачыл-педагогикалык иш стажы 10 жылдан кем болбосо;
в) тиешелүү жогорку билими болсо;
г) профессордук окумуштуулук наамга көрсөтүлгөнгө чейин 5 жыл мурун алган доценттик окумуштуулук наамы бар болсо;
д) Кыргыз Республикасынын, мурунку СССРдин же болбосо мурунку союздук республикалардын (эл артистинин, эл сүрөтчүсүнүн, эл архитекторунун, искусствого эмгек сиңирген ишмеринин, эмгек сиңирген артистинин, эмгек сиңирген сүрөтчүсүнүн, эмгек сиңирген архитекторунун) ардак наамдары бар болсо;
е) эл аралык көргөзмө, конкурс, фестиваль, кароолордун, сыйлыктардын лауреаттары (дипломанттары) болгон 2ден кем эмес окуучуларын даярдашса;
ж) 10дон кем эмес илимий, окуу-методикалык же чыгармачыл иштердин автору (авторлошу) болгон учурларда ыйгарылышы мүмкүн.
10. Профессордун окумуштуулук наамы жогорку окуу жайларында профессордун, кафедра башчысынын, декандын, проректордун, ректордун, филиалдын жетекчисинин, окуу жайына караштуу спорттук мектептин жетекчиси кызмат ордунда иштеп жатышкан дене тарбия жана спорт адистерине, эгер алардын жарык көргөн окуу-методикалык жана илимий иштери болсо, лекциялардын курсун окушса, жогорку кесиптик деңгээлде сабактарды беришсе, ошондой эле аттестациялык документтерди берген учурда төмөндөгү талаптарга жооп берсе:
а) көрсөтүлгөн кызмат ордунда 3 окуу жылдан кем эмес ийгиликтүү иштеп жатышса;
б) жогорку окуу жайларында 15 жылдан кем эмес иштеген илимий-педагогикалык стажы, анын ичинде жогорку окуу жайларында же квалификацияны жогорулатуу институттарында 10 жылдан кем эмес педагогикалык иште болсо;
в) тиешелүү жогорку билими болсо;
г) профессордук окумуштуулук наамга көрсөтүлгөнгө чейин 5 жыл мурун алган доценттик окумуштуулук наамы бар болсо;
д) Кыргыз Республикасынын, мурунку СССРдин же мурунку союздук республикалардын "Эмгек сиңирген машыктыруучу", "Спортко эмгек сиңирген чебер" спорттук наамдарына же "Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамына ээ, спорт жаатында жана машыктыруучулук иште жеке көрүнүктүү жетишкендиктери болсо;
е) 15тен кем эмес жарык көргөн илимий, окуу-методикалык иштердин, анын ичинде акыркы 3 жылда чыккан 3төн кем эмес окуу-методикалык иштердин автору (авторлошу) болушса;
ж) Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим башкармалыгынын мамлекеттик органдары тарабынан билим берүү чөйрөсүндө пайдаланууга сунуш кылынган жогорку жана орто окуу жайлары, квалификацияны жогорулатуу мекемелери, жалпы билим берүүчү мекемелер менен башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелери үчүн акыркы 10 жыл ичинде чыккан окуу китептердин (окуу куралдарынын) автору болсо, же Олимпиадалык оюндардын, Дүйнөлүк чемпионаттардын, Континенттин, Бүткүл дүйнөлүк универсиаданын ж.б. эл аралык мелдештердин экиден кем эмес чемпиондорун же байге ээлерин даярдашса ыйгарылышы мүмкүн.
11. Профессордун окумуштуулук наамы илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайларынын же квалификацияны жогорулатуу институттарынын илим-изилдөө бөлүмүнүн (бөлүмчөсүнүн, секторунун, лабораториянын) башчысынын (начальнигинин), башкы илимий кызматкеринин илимий мекемелерде окумуштуу катчы, директор, директордун орун басарынын кызмат ордунда иштеп жатышкан илимдин докторлоруна, эгер алардын аттестациялык документтерди берип жаткан учурда төмөндөгү талаптарга жооп берсе:
а) көрсөтүлгөн кызмат ордунда 3 жылдан кем эмес ийгиликтүү иштеп жатышса;
б) 10 жылдан кем эмес илимий иш стажы болсо;
в) 5тен кем эмес методикалык эмгектери, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарыяланган "Scopus", "Web of Science" же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү, нөлдөн кем эмес импакт-факторго ээ басылмаларда жарыяланган 4төн кем эмес макаласы болсо.
Эмгектери докторлук диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек;
г) (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
д) доценттин же улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамы бар болгон учурда берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Доценттин окумуштуулук наамын ыйгаруу
12. Доцент - компетенттүүлүктүн жогорку деңгээлиндеги жана илимдин же искусствонун белгилүү бир тармагында лекциялардын курсун окуган окутуучунун окумуштуулук наамы, ал ушул Жободогу талаптарды аткаруунун негизинде ыйгарылат.
13. Доценттин окумуштуулук наамы доценттин, кафедра башчысынын, факультеттин деканынын, филиалдын же институттун жетекчисинин, жогорку окуу жайынын же квалификацияны жогорулатуу институтунун ректорунун, проректорунун кызмат ордунда иштеп жатышкан илимдин докторлоруна жана кандидаттарына, ошондой эле философиянын доктору (PhD) академиялык даражасынын ээлерине эгер алардын жарык көргөн окуу-методикалык жана илимий иштери бар болсо, лекциялардын курсун жогорку кесиптик деңгээлде окуп жатышса, ошондой эле аттестациялык документтерди берип жаткан учурда төмөндөгү талаптарга жооп берсе:
а) кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин наамга сунушталган жери боюнча көрсөтүлгөн кызмат орундарында 3 окуу жылынан кем эмес мезгил ийгиликтүү иштеп жатышса;
б) 8 жылдан кем эмес илимий-педагогикалык иш стажы болсо, анын 5 кем эмес жылы жогорку окуу жайларында же квалификацияны жогорулатуу институттарында педагогикалык иште өткөн болсо;
в) 2ден кем эмес окуу жана/же окуу-методикалык эмгектери, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарыяланган "Scopus", "Web of Science" же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү, нөлдөн кем эмес импакт-факторго ээ басылмаларда жарыяланган 2ден кем эмес макаласы болсо.
Эмгектери кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2015-жылдын 30-июлундагы № 542, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Доценттин окумуштуулук наамы жогорку окуу жайларында доценттин, кафедра башчысынын, декандын кызмат ордунда иштеп жатышкан искусство кызматкерлерине, эгер алар лекциялардын курсун окуп жатышса, жогорку кесиптик деңгээлде сабак беришсе, ошондой эле аттестациялык документтерди берип жаткан учурда төмөндөгү талаптарга жооп берсе:
а) көрсөтүлгөн кызмат орундарында 3 окуу жылынан кем эмес ийгиликтүү иштеп жатышса;
б) жогорку окуу жайларында 5 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы болсо;
в) тиешелүү жогорку билими болсо;
г) өзүнүн чыгармачылык жаатында жеке жетишкендиктери, Кыргыз Республикасынын, мурунку СССРдин же болбосо мурунку союздук республикалардын ардак наамдары (эл артистинин, эл сүрөтчүсүнүн, эл архитекторунун, искусствого эмгек сиңирген ишмеринин ж.б.) бар болсо.
д) педагогикалык иште колдонулган 3төн кем эмес окуу-методикалык илимий жана чыгармачыл иштердин автору болсо;
е) эл аралык жана республикалык конкурс, көргөзмө, фестиваль, кароолордун, сыйлыктардын 2ден кем эмес лауреатын (дипломантын) даярдаган учурларда ыйгарылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Доценттин окумуштуулук наамы жогорку окуу жайларында доценттин, кафедра башчысынын, декандын кызмат ордунда иштеп жатышкан дене тарбия жана спорт адистерине, эгер алардын жарык көргөн окуу-методикалык жана илимий иштери болсо, лекциялардын курсун окушса, жогорку кесиптик деңгээлде сабак беришсе, ошондой эле аттестациялык документтерди берип жаткан учурда төмөндөгү талаптарга жооп берсе:
а) көрсөтүлгөн кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес ийгиликтүү иштеп жатышса;
б) жогорку окуу жайларында 5 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы болсо;
в) тиешелүү жогорку билими болсо;
г) өзүнүн иш чөйрөсүндө жеке жетишкендиктери, Кыргыз Республикасынын, мурунку СССРдин же мурунку союздук республикалардын "Эмгек сиңирген машыктыруучу", "Спортко эмгек сиңирген чебер" спорттук наамдарына же, "Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген ишмер" деген ардак наамына ээ болсо;
д) акыркы 3 жылда жарык көргөн 5тен кем эмес илимий жана окуу-методикалык иштердин автору (авторлошу) болгон учурда ыйгарылышы мүмкүн.
4. Улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамын ыйгаруу
16. Улук илимий кызматкер - илимий-изилдөө мекемесинин компетенттүүлүктүн жогорку деңгээлиндеги илимий кызматкеринин окумуштуулук наамы, ал ушул Жобонун талаптарын аткаруунун негизинде ыйгарылат.
17. Улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамы жогорку окуу жайларынын жана квалификацияны жогорулатуу институттарынын улук илимий кызматкеринин, жетектөөчү илимий кызматкеринин, башкы илимий кызматкеринин, илимий-изилдөөчүлүк бөлүмүнүн (бөлүмчөсүнүн, секторунун, лабораториянын) башчысынын (начальнигинин), илимий мекемелердин окумуштуу катчы, директор, директордун орун басарынын кызмат ордунда иштеп жатышкан илимдин докторлоруна, кандидаттарына, философиянын докторлоруна (РhD), эгер алар аттестациялык документтеринин берип жаткан учурда төмөндөгү талаптарга жооп берсе:
а) көрсөтүлгөн кызмат орундарында 2 жылдан кем эмес ийгиликтүү иштеп жатышса;
б) 10 жылдан кем эмес илимий-педагогикалык (илимий) иш стажы болсо;
в) 2ден кем эмес методикалык эмгектери, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары "Scopus", "Web of Science" же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү, нөлдөн кем эмес импакт-факторго ээ басылмаларда жарыяланган 2ден кем эмес макаласы болсо.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2015-жылдын 30-июлундагы № 542, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Аттестациялык документтердин формасы жана тариздөө тартиби
18. Окумуштуулук наамды ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечими жашырын добуш менен ар бир талапкер боюнча жекече кабыл алынат.
19. Окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин жыйыны, эгер ага кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышып отурса, толук укуктуу деп эсептелет. Окумуштуулук наамды ыйгаруу маселеси боюнча окумуштуулар кеңешинин чечими, эгер жыйынга катышып отурган кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси добуш берген учурда оң чечилди деп эсептелет.
20. Окумуштуулар кеңеши кеңештин жыйынынан кийин бир айлык мөөнөттө Комиссияга окумуштуулук наамды изденүүчүнүн аттестациялык документтерин жиберет (ушул Жобонун 1-тиркемеси).
21. Комиссияда профессордун окумуштуулук наамын изденүүчүлөрдүн аттестациялык документтерин кароо мөөнөтү 4 айдан, ал эми доцент жана улук илимий кызматкердики - 3 айдан ашпашы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Ушул Жобонун талаптарына жооп бербей калган учурда Комиссиянын президиуму окумуштуулук наамдарды ыйгаруу маселеси боюнча терс чечим кабыл алат, окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө жаңы өтүнүч кат окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши тарабынан каралып жана Комиссияга бир жылдан эрте эмес убакытта жиберилет.
23. Окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө кайрадан өтүнүч кат бериш үчүн изденүүчүнүн ушул Жобонун талаптарына ылайык келген, жаңы жарык көргөн окуу-методикалык жана илимий иштеринин болушу сөзсүз шарт катары эсептелет.
6. Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү документтердин эквиваленттүүлүгүн (нострификациясын) таануу жана аныктоо. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо
24. Окумуштуулук наамдарды таануу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен келишимдерди (макулдашууларды) түзгөн мамлекеттерде берилген окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтерди таануу жана эквиваленттүүлүгүн аныктоо (нострификация) изденүүчү иштеген мекеменин өтүнүч каты же анын жеке арызы боюнча Комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
25. Профессордун, доцентин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдары Кыргыз Республикасынын тийиштүү мекемелерине педагогикалык жана илимий ишке чакырылган чет мамлекеттин жарандарына ушул Жобонун талаптарына ылайык ыйгарылышы мүмкүн.
7. Аттестаттарды тариздөө жана берүү
26. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобого ылайык, Комиссия окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тууралу аттестаттарды тариздейт жана белгиленген тартипте берет.
27. Окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндөгү чечим Комиссиянын президиуму тарабынан кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
28. Окумуштуулук наам ыйгарылгандыгы жөнүндөгү аттестаты жоголуп кеткен учурда дубликат берилиши мүмкүн.
29. Фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөрүлгөн учурда аттестаттар жаңыга алмаштырылбайт.
8. Окумуштуулук наамдардан ажыратуу (калыбына келтирүү)
30. Комиссияга мамлекеттик уюмдардан жана мекемелерден, ошондой эле жеке адамдардан окумуштуулук наамынан ажыратуу (калыбына келтирүү) маселесин кароо үчүн негиз болуучу себеби баяндалган өтүнүч каттар келип түшкөндө, Комиссия Президиумдун жыйынында бул маселени карайт жана өз чечимин чыгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңештеринин чечими менен мурда окумуштуулук наамдарынан ажыратылган адамдар, ошол окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңештеринин өтүнүч катынын негизинде Комиссиянын президиумунун чечими менен наамдарын кайра алышы мүмкүн.
32. Окумуштуулук наамдардан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндөгү өтүнүч каттар 6 айдан кем эмес убакытта каралат.
33. Өзгөчө жагдайларды эске алууну талап кылган учурларда, анын ичинде көрсөтүлгөн кеңештердин иши токтогон учурда, окумуштуулук наамдан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндө өтүнүч катты кайра козгоо жөнүндөгү маселелер Комиссиянын тапшыруусу боюнча башка кеңештер тарабынан каралат.
34. Окумуштуулар кеңешинин жыйыны, анын ишине кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышып отурса укуктуу деп эсептелет. Окумуштуулук наамдан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндөгү окумуштуулар кеңешинин чечими жыйынга катышып жаткан кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эместеринин жашырын добуш берүүсү менен кабыл алынат.
35. Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө он жылдан ашык убакыт мурун кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгүнө байланышкан маселелер аттестация органдары тарабынан каралбайт.
9. Апелляциялардын каралышы
36. Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу, ажыратуу, калыбына келтирүү жана илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлерди кайрадан аттестациялоо жөнүндөгү Комиссиянын президиумунун чечимине берилген апелляция, тийиштүү чечим чыккандан кийин үч жылдан кеч эмес убакытта Комиссияга жиберилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Комиссиянын президиумунун чечимдерине болгон апелляцияны кароо мөөнөтү профессордук окумуштуулук наам боюнча 6 ай, доценттин жана улук илимий кызматкердик окумуштуулук наам боюнча 4 айды түзөт.
Каникул убактысы (июль, август) кароонун жалпы мөөнөтүнөн алып салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Апелляцияны кароо үчүн Комиссиянын жетекчилигинин чечими боюнча апелляциялык комиссия түзүлөт. Апелляциялык комиссиянын курамына Комиссиянын президиумунун мүчөлөрү, каралып жаткан окумуштуулук наамдын адистиги боюнча эксперттик кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле, - башкы окумуштуу катчы жана тиешелүү аттестациялык бөлүмдүн башчысы киргизилет.
Президиум тарабынан мурда чечим чыгарылган маселени кароо үчүн Комиссиянын төрагасы президиумдун мурдагы токтомун жокко чыгаруу жөнүндө буйрук чыгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2015-жылдын 30-июлундагы № 542 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
39. Апелляциялык комиссиянын жыйынына изденүүчү жана комиссиянын пикири боюнча апелляцияда коюлган маселенин мазмунуна түздөн-түз катышы бар башка адамдар да чакырылышы мүмкүн. Апелляциялык комиссия кошумча материалдарды суратып алууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Апелляциялык комиссия каралып жаткан маселе боюнча чечимди ачык добуш берүү жолу менен кабыл алат. Апелляциялык комиссиянын жыйынынын протоколу Комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет.
41. Апелляциялык комиссиянын чечими Комиссиянын президиумунун жыйынына кайрадан кароо жана бекитүү үчүн чыгарылат.
42. Аппеляция маселеси боюнча Комиссиянын президиумунун чечими акыркы чечим болуп саналат.
|
| Окумуштуулук наамдарды ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Окумуштуулук наамды изденүүчүлөрдүн Комиссияга берүүчү документтердин ТИЗМЕСИ
1. Документтердин тизмеси (1 нуска).
2. Уюмдун жетекчисинин колу коюлган ошол уюмдун бланкасына жазылган коштомо кат (1 нуска).
3. Окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө маалымкат (1 нуска).
4. Иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн, сүрөтү менен кадрлардын эсепке алуу боюнча жеке баракча (1 нуска).
5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
6. Паспортунун көчүрмөсү.
7. Жогорку билими жөнүндө документинин көчүрмөсү, илимдин кандидатынын жана илимдин докторунун дипломдорунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (чет өлкөдө окумуштуулук даража алган адамдар үчүн, КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандарын кошуу менен - кошумча эквиваленттүүлүк жөнүндөгү документтин көчүрмөсү).
8. Илимий жана илимий-методикалык эмгектери тизмеси.
9. Окумуштуулар кеңешинин протоколунан көчүрмө.
10. Жарыяланган эмгектердин түп нускалары же көчүрмөлөрү.
Эскертүү: Профессордун окумуштуулук наамын изденүүчүлөр өз жетекчилигинде даярдалган окуучуларынын диссертацияларынын авторефераттарын кошо тиркеп бериши керек.