Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № 542
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды мындан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация жеке илимий-квалификациялык иш болушу керек жана анын мазмуну төмөндөгү квалификациялык белгиге туура келиши керек: илимдин изилденип жаткан чөйрөсүндөгү жаңы багытты иштеп чыгуу.";
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Медициналык илимдер боюнча илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияны коргоого адистин же магистрдин диплому менен ырасталган жогорку медициналык билими бар, ветеринардык илимдер боюнча - адистин же магистрдин диплому менен ырасталган жогорку ветеринардык билими бар, ал эми юридикалык илимдер боюнча - адистин же магистрдин диплому менен ырасталган жогорку юридикалык билими бар адамдарга жол берилет.
Илимдин кандидаты жана илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн корголуп жаткан диссертация эки илимдин чегинде аткарылса, изденүүчүнүн адистиги же адистигинин бири экинчи деңгээлден (магистр) төмөн эмес жогорку кесиптик билими тууралуу ырастаган документтер менен бекитилген изденүүчүнүн адистигине дал келиши керек.
Кандидаттык диссертацияны коргоого аспирантураны бүтүргөн адамдарга, ошондой эле изденүүчүлөргө - илимий-изилдөө мекемелеринин үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз стажы бар штаттык кызматкерлерине уруксат берилет.";
- 16 жана 17-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Доктордук диссертациянын негизги илимий жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиуму тарабынан бекитилүүчү Рецензиялануучу илимий басылмалардын тизмегине кирген илимий басылмаларда жарыяланышы керек. Баллдын тийиштүү өлчөмү Комиссиянын президиумунун чечими менен белгиленет. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарыяланган "Scopus", "Web of Science" же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий басылмаларда 7ден кем эмес макаланын болушу милдеттүү болуп саналат.
Рецензиялануучу илимий басылмалардын тизмеги Комиссия тарабынан илимий мезгилдүү басылмалардын редакциясынын өтүнүч каты боюнча эксперттик кеңештин сунушунун негизинде түзүлөт жана эки жылда бир жолу жаңыртылат. Ар бир илимий басылма үчүн баллдык баа Комиссиянын президиумунун чечими менен коюлат.
17. Гезиттик макалалар, депонирленген кол жазмалар, докладдын тезистери жарыяланган эмгектердин тизмесине кирбейт.";
- 19-пункттун биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Кандидаттык диссертациянын негизги илимий жыйынтыктары Рецензиялануучу илимий басылмалардын тизмегине кирген илимий басылмаларда жарыяланышы керек. Баллдын тийиштүү өлчөмү Комиссиянын президиумунун чечими менен белгиленет.
Кыргыз Республикасынан чегинен тышкары жарыяланган "Scopus", "Web of Science" же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий басылмаларда 2ден кем эмес макаланын болушу милдеттүү болуп саналат.";
- 27-пункттун үчүнчү абзацында:
"кандидаттык диссертациясын коргоо" деген сөздөр "изденүүчүгө илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын ыйгаруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"жана" деген байламта "же" деген байламта менен алмаштырылсын;
- 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29. Комиссиянын эксперттик кеңеши аныктаган өзгөчө учурларда Комиссиянын уруксаты менен илимий жетекчиликке илимий жана илимий-педагогикалык стажы бар илимдин кандидаты тартылышы мүмкүн. Ага илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы ыйгарылган учурдан баштап 5 жылдан кем эмес убакыт өтүшү керек, кандидат 5 жылдан кем эмес доцент окумуштуулук наамында болушу, ошондой эле "Scopus", "Web of Science" же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий басылмаларда жарыяланган макалаларды тапшыруусу зарыл. Баллдын тийиштүү өлчөмү Комиссиянын президиумунун чечими менен белгиленет.";
- 30-пункттагы "кечиктирилбеген" деген сөз "кем эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 36-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик тилден;";
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 38-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38. Кандидаттык экзамендер мекемелердин же жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин уруксаты боюнча бир жылда эки жолу (май-июнь, октябрь-ноябрь) сессия түрүндө кабыл алынат.";
- 46-пункт:
"чет" деген сөздөн кийин "жана мамлекеттик" деген сөздөр менен толукталсын;
"тили" деген сөз "тилдер" деген сөз менен алмаштырылсын;
"чет тилдеринин" деген сөздөр алып салынсын;
- 63-пункттагы экинчи сүйлөм алып салынсын;
- 75-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жетектөөчү уюм катары диссертациялык кеңештердин негиздөөчү уюмдары дайындалбайт";
- 110-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Нострификациялоо үчүн Комиссияга берилген диссертация "Плагиат" компьютердик программасы боюнча текшерилет. Плагиатка текшерүүчү компьютердик программалардын тизмеги Комиссиянын Президиуму тарабынан бекитилет. Плагиат жок болсо же дал келүү жол берилген пайызда болсо, диссертация Комиссиянын эксперттик кеңешинин кароосуна берилет.
Комиссия белгилеген жол берилүүчү чектен ашып кеткен дал келүү пайызы аныкталган учурда изденүүчүнүн өтүнүч каты четке кагылат.";
- 127-пункттагы "он" деген сөз "үч" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 129-пункттагы "эки айдан" деген сөздөр "үч жылдан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Диссертациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43. Изденүүчүнүн каалоосу боюнча диссертациялык ишти "Плагиат" компьютердик программасы боюнча текшерүү диссертация корголгонго чейин акы төлөө негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.";
- 48-50-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"48. Диссертациялык кеңештин эксперттик комиссиясы диссертациялык кеңешке бир айдын ичинде ушул Жобонун 7-тиркемесиндеги формага ылайык корутунду берет.
49. Диссертациялык кеңеш диссертациянын алдын ала коргоосун өткөрөт жана ал протокол түрүндө таризделип, диссертациялык кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет.
50. Алдын ала коргоо диссертациялык кеңеш тарабынан кандидаттык диссертациялар боюнча документтерди тапшырган күндөн баштап үч айдан жана доктордук диссертация боюнча төрт айдан кечиктирилбеген мөөнөттө өткөрүлөт.";
- 51-пункт "курамынын" деген сөздөн кийин "ошондой эле уюмдардын-диссертациялык кеңешти негиздөөчүлөрдүн өкүлдөрүнүн - диссертациянын профили боюнча адистердин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 52-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52. Алдын ала коргоо ийгиликтүү өткөндө диссертациялык кеңеш ачык добуш берүү менен диссертацияны коргоого кабыл алат жана расмий оппоненттерин, жетектөөчү уюмду (ишкананы) дайындайт, автореферат жиберилчү кошумча тизмени аныктайт жана изденүүчүнү коргоонун электрондук кезегине киргизет.";
- 75-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"75. Диссертацияга жана авторефератка пикир алуу милдеттүү шарт болуп эсептелбейт.";
- жогоруда аталган Жобонун 14-тиркемесинде:
13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Алдын ала коргоонун протоколу (1 нуска).";
15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Жарыяланган эмгектердин түп нускасы.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пунктта:
в) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарыяланган "Scopus", "Web of Science" же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий басылмаларда жарыяланган 2ден кем эмес макаласы болсо.
Макалалары докторлук диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек;";
г) пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пунктта:
г) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"г) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарыяланган "Scopus", "Web of Science" же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий басылмаларда жарыяланган 5тен кем эмес макаласы болсо.
Макалалары докторлук диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек;";
е) пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 11-пунктта:
в) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарыяланган "Scopus", "Web of Science" же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий басылмаларда жарыяланган 5тен кем эмес макаласы болсо.
Макалалары докторлук диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек;";
г) пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пункттун в) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) "Scopus", "Web of Science" же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий басылмаларда жарыяланган 2ден кем эмес макаласы болсо.";
- 17-пункттун в) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) "Scopus", "Web of Science" же РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий басылмаларда жарыяланган 2ден кем эмес макаласы болсо. Макалалары диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек.";
- 36-пункттагы "эки айдан" деген сөздөр "үч жылдан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 37-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Каникул убактысы (июль, август) кароонун жалпы мөөнөтүнөн алып салынат.";
- 38-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Президиум тарабынан мурда чечим чыгарылган маселени кароо үчүн Комиссиянын төрагасы президиумдун мурдагы токтомун жокко чыгаруу жөнүндө буйрук чыгарат.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эксперттик кеңеш жөнүндө жободо:
51-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"51. Изденүүчүнүн диссертациясына терс пикир алынган учурда изденүүчүгө жазуу жүзүндөгү же электрондук билдирүү жиберилет. Эксперттик кеңеш Комиссиянын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча диссертацияны кошумча экспертизага жибере алат, ошондой эле өз жыйынына изденүүчүнү, илимий жетекчилерди (консультанттарды), диссертация боюнча корутунду берген диссертациялык кеңештин эксперттик комиссиясынын мүчөлөрүн чакыра алат.";
- 62-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"62. Көчүрүп алынган материалдын көрсөткүчү белгиленген пайыздан ашып кеткен учурда, аттестациялык бөлүм кагазга чыгарылган же "Плагиат" компьютердик программасы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгынын толук электрондук вариантын плагиаттын бар же жоктугун аныкташ үчүн жана ар бир бети боюнча кароого эксперттик кеңешке берет. Плагиаттын бар экендиги ырасталганда эксперттик кеңеш президиумга тиешелүү сунушун даярдайт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |