Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июлу № 425
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
“21. ЖАКтын ишинин негизги принциптери көз карандысыздык, компетенттүүлүк, объективдүүлүк жана кесиптик этиканын ченемдерин сактоо болуп саналат.”;
- 3-пункттун биринчи абзацы “ага бекитилип берген мүлкү,” деген сөздөрдөн кийин “расмий бланкы жана” деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пунктта:
төртүнчү абзац “бирдиктүү билим берүү” деген сөздөрдөн кийин “жана илимий” деген сөз менен толукталсын;
бешинчи абзацтагы “киргизүү” деген сөз “өркүндөтүү” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-пунктта:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“- диссертацияларды коргоого кабыл алуу укугу берилүүчү адистиктердин тизмегин президиумдун бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизет;”;
сегизинчи абзац “даражаларын ыйгарат” деген сөздөрдөн кийин “же диссертациялык кеңештердин окумуштуулук даражаларын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч катын четке кагат” деген сөздөрү менен толукталсын;
тогузунчу абзац “окумуштуулук наамдарын ыйгарат” деген сөздөрдөн кийин “же тиешелүү өтүнүч катты четке кагат” деген сөздөр менен толукталсын;
он төртүнчү абзац “жарыялоо үчүн” деген сөздөрдөн кийин “ЖАК тарабынан сунушталган” деген сөздөр менен толукталсын;
он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“- белгиленген тартипте ведомстволор аралык мүнөздөгү эл аралык келишимдерди түзөт жана ЖАКтын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоого катышат;”;
он сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жана Евразиялык экономикалык коомго мүчө - мамлекеттердин бирдиктүү илимий-билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү максатында мамлекеттер аралык диссертациялык кеңештерди түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;”;
жыйырма төртүнчү абзацтагы “киргизүү” деген сөз “өркүндөтүү” деген сөзгө алмаштырылсын:
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу - отуз экинчи абзацтар менен толукталсын:
“- кандидаттык сынактардын тизмегин аныктайт;
- изденүүчүгө окумуштуулук наам ыйгарууну сунуштаган окумуштуулар кеңешинин, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жеке адамдардын өтүнүч каттары боюнча профессорду, доцентти, улук илимий кызматкерди окумуштуулук наамдарынан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- окумуштуулук даражалары берилген жана окумуштуулук наамдары ыйгарылган күндөн тартып 3 жыл өткөндөн кийин ЖАК окумуштуулук даражаларынан жана наамдарынан ажыратуу жөнүндө өтүнүч каттарды карабайт;
илим-изилдөө институттарын мамлекеттик аккредитациялоодон (аттестациялоодон) өткөрөт.”;
- 7-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“- диссертациялык жана эксперттик кеңештердин жетекчилеринин отчетторун алардын иш тажрыйбасын текшерүү жана жалпылоо максатында угат;”;
бешинчи абзац “алууга” деген сөздөн мурда “суроого жана” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
“- илимдин кандидаты же доктору окумуштуулук даражасы ыйгарылгандан кийин 3 жылдын ичинде изденүүчүнүн диссертациялык ишинен плагиат аныкталган учурда, окумуштуулук даражасынан ажыратуу жөнүндө маселени кароого.”;
8-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“ЖАКты ЖАКтын курамынын мүчөлөрүнүн добуш берүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча көп добушка ээ болгон талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 5 жылга кызматка дайындалуучу төрага башкарат. ЖАКтын төрагасы кызматынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бошотулат.”;
9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“9. ЖАКтын курамы республикадагы алдыңкы окумуштуулардын ичинен ЖАКтын төрагасынын сунушу боюнча түзүлөт жана төрагадан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 4 жылдык мөөнөткө бекитилет, анын курамы кийин ЖАКтын төрагасынын сунушу боюнча 50дөн кем эмес пайызга жаңыртылат. Мында ЖАКтын курамынын мүчөсү өзүнүн функцияларын катары менен эки мөөнөттөн ашык аткара албайт. ЖАКтын курамы өзүнүн ишин коомдук негизде ишке ашырат.”;
12-пунктта:
биринчи абзацтагы “жетекчилеринен” деген сөз “өкүлдөрүнөн” деген сөз менен алмаштырылсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“- ЖАКтын президиумунун курамы 2 жылдык мөөнөткө бекитилет жана ротациялоо жолу менен президиумдун мүчөлөрүнүн жалпы санынын 1/3ү жаңыртылат. Профессор наамы бар илимдин докторлору гана ЖАКтын президиумунун мүчөлөрү боло алат.”;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“Жашырын добуш берүү талаш маселелер боюнча чечим кабыл алуу учурунда жүргүзүлөт.”;
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
“Төрага жок болгон учурда төраганын орун басары анын милдеттерин аткарат.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 “Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункттагы “мамлекеттик аккредитациясынын” деген сөздөр “аккредитациянын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“12. Медициналык илимдер боюнча диссертацияларды коргоого жогорку медициналык билими бар адамдарга, ветеринардык илимдер боюнча диссертацияларды коргоого жогорку ветеринардык билими бар адамдарга, юридикалык илимдер боюнча диссертацияларды коргоого жогорку юридикалык билими бар адамдарга жол берилет.”.
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Илимий диссертациянын сапатын жогорулатуу максатында изденүүчүлөр үчүн кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоонун ортосуна 5 жылдан кем эмес убактылуу интервал белгиленет.”;
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“16. Доктордук диссертациянын негизги илимий жыйынтыктары жеке өзүнүн монографиясында жана 25тен кем эмес илимий эмгектерде (докладдын тезистеринен, депонирленген кол жазмалардан жана газетага жарыялангандардан тышкары), анын ичинен кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин - 15тен кем эмес макаласы жарыяланышы керек. Комиссия тарабынан сунушталган рецензиялануучу мезгилдүү басылмаларда 10 макала жарыяланышы керек, анын ичинен 5тен кем эмеси жеке өзүнүн макалалары жана изденүүчү 5тен кем эмес макалага биринчи же экинчи автор болушу керек, алардын 3төн кем эмеси Комиссия тарабынан тизмеси аныкталуучу рейтингдүү илимий мезгилдүү басылмаларда жарыяланышы керек.”;
20-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Кандидаттык диссертациянын негизги жыйынтыктары 7ден кем эмес басылмаларда (докладдын тезистеринен, депонирленген кол жазмалардан жана газетага жарыялангандардын тышкары), анын ичинен 4төн кем эмес макаласы Комиссия тарабынан сунушталган рецензиялануучу мезгилдүү басылмаларда, алардын 1и Комиссия тарабынан тизмеси аныкталуучу рейтингдүү илимий мезгилдүү басылмаларда жарыяланышы керек. Илимий иштердин ичинде жеке өзүнүн 3 макаласы болушу керек.”;
26-пунктта:
“жекече бекитилиши керек” деген сөздөрдөн кийин “жана негизги иштеген жери боюнча жетекчилик менен макулдашылышы керек” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Докторлук диссертациялык иштердин темалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу илимий багыттары менен байланыштуу болушу керек.”;
27-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Докторлук диссертациянын темасы кандидаттык диссертацияны коргогондон кийин, диссертация даярдалган илимий мекеменин жана жогорку окуу жайларынын окумуштуулар кеңешинин чечими менен диссертация коргоого коюлганга чейин 5 жылдан кем эмес убакытта бекитилет.”;
- 28-пункттун биринчи сүйлөмү “илимдин доктору” деген сөздөрдөн мурун “адистиги боюнча авторефератка, ал эми башка адистиктер боюнча эмгектердин жыйындысына шайкеш келген” деген сөздөр менен толукталсын;
- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“30. Кандидаттык диссертация боюнча тема жана илимий жетекчи диссертация даярдалган илимий мекеменин же жогорку оку жайларынын окумуштуулар кеңешинин чечими менен диссертация коргоого коюлганга чейин 3 жылдан кечиктирилбеген мөөнөттө бекитилет.”;
- 33-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Диссертацияда авторго жана (же) өздөштүрүлгөн булакка, окумуштуулук даражаны изденүүчү менен авторлош аткарылган илимий иштердин жыйынтыктарына, авторлошторго шилтеме жасабастан өздөштүрүлгөн материалдар колдонулган, диссертациянын негизги илимий жыйынтыктары баяндалган окумуштуулук даражаны изденүүчү тарабынан жарыяланган иштер жөнүндө диссертацияда туура эмес маалыматтар берилген учурларда, комиссия тарабынан аталган диссертацияны 2 жылдан эрте эмес убакыттан кийин кайрадан коргоо укугу менен диссертация кароодон алып салынат.”;
- 45 жана 46-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“45. Илимдин тарыхы жана философиясы боюнча кандидаттык сынакты өз алдынча философия кафедралары бар жогорку окуу жайларында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын институттарында тапшырууга уруксат берилет.
“46. Чет тили боюнча кандидаттык сынакты тиешелүү чет тилдеринин багыты боюнча илимдин кандидаттары жана докторлору иштеген жогорку окуу жайларында жана илимий мекемелерде тапшырууга жол берилет.”;
- 71-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“71. Президиумдун, эксперттик кеңештердин мүчөлөрү жана Комиссиянын аппаратынын кызматкерлери, диссертацияны коргоого кабыл алган диссертациялык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары жана окумуштуу катчысы, изденүүчүнүн илимий жетекчилери (консультанттары), диссертациянын темасы боюнча жарыяланган иштер боюнча изденүүчүнүн авторлоштору, илимий жетекчинин же консультанттын жалпы жетекчилигинин алдында диссертациялык иштерди аткарышкан адистер расмий оппонент боло алышпайт.”;
- 75-пункт “өндүрүштүк уюмдар,” деген сөздөрдөн кийин “мекемелер,” деген сөз менен толукталсын;
- 94-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Коргоонун жыйынтыгы боюнча диссертациялык кеңеш тарабынан терс чечим чыгарылган диссертация 2 жылдан кийин гана кайра коргоого коюлушу мүмкүн.”;
- 106-пункттагы “диссертациялык кеңештин же” жана “жаңы иш катары” деген сөздөр алып салынсын;
- 112-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү “диссертациясы” деген сөздөн кийин “мамлекеттик же расмий тилдерге которулушу керек жана” деген сөздөр менен толукталсын;
- 114-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражалары үчүн кошумча акы башка мамлекеттерден берилген окумуштуулук даражалары жөнүндө дипломдор Комиссиядан нострификациялангандан жана кайрадан аттестациялангандан кийин изденүүчүнүн негизги иштеген жери боюнча төлөнүп берилет.”;
- 122-пункт “диссертация корголгон диссертациялык кеңештердин” деген сөздөрдөн кийин “, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жарандардын” деген сөздөр менен толукталсын;
- 132-пункттун экинчи абзацындагы “Комиссиянын төрагасынын орун басары -” деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Диссертациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“5. Диссертациялык кеңештер Комиссия тарабынан билимдин тийиштүү тармактарында өзүнүн жетишкендиктери менен кеңири белгилүү болгон, аккредитациядан өткөн жогорку окуу жайларында, академиялык жана тармактык илим-изилдөө институттарында түзүлөт, мында уюмдардын - демилгелөөчүлөрдүн штаттарында коргоого кабыл алынуучу диссертациялардын профили боюнча илимдин докторлорунун жалпы саны 5тен кем эмес болушу керек.
Комиссия диссертациялык кеңештердин негиздөөчүлөрү катары экиден кем эмес уюмду – ЖОЖдорду жана/же ИИИлерди бекитет.
Кыргыз Республикасынын аймагында Комиссия менен макулдашуу боюнча ЖОЖдордо жана ИИИлерде мамлекеттер аралык диссертациялык кеңештер ачылса болот.”.
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“22. Диссертациялык кеңештин курамындагы ар бир адис экиден көп эмес адистик боюнча иш алып бара алат жана бир диссертациялык кеңешке мүчө боло алат. Эгерде адис автореферат боюнча эки шифрге ээ болсо, анда ал эки диссертациялык кеңешке мүчө боло алат.”;
- 23-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
“Диссертациялык кеңештин курамы ар бир эки жылда жаңыртылып турат.”;
- 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“26. Диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн саны 12ден кем эмес жана 25тен көп эмес адамдан болушу керек. Диссертациялык кеңештеги чет өлкөлүк өкүлчүлүктүн жалпы курамы 20дан ашпашы керек, мында бир адистик боюнча алардын саны 2 адистен көп болбошу керек.”;
- 27-пункттун биринчи абзацы “кеңештин төрагасы” деген сөздөрдөн кийин “илимдердин докторлорунун -” деген сөздөр менен толукталсын;
- 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“43. “Изденүүчүнүн каалоосу боюнча диссертациялык ишти “Антиплагиат” компьютердик программасы боюнча текшерүү диссертация корголгонго чейин акы төлөө негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Комиссия “Антиплагиат” компьютердик программасы боюнча текшерүүнү диссертация корголгондон кийин жүргүзөт.
Плагиат жок болсо же дал келүү 10 пайызды түзгөн өздөштүрүүнүн уруксат берилген пайызын түзсө диссертация экспертиза жүргүзүү үчүн эксперттик кеңешке берилет.
Гуманитардык жана коомдук илимдер боюнча диссертациялар үчүн өздөштүрүүнүн уруксат берилген пайызы 15 пайызга чейин белгиленет. Белгиленген чектен ашып кеткен учурда, диссертация диссертациялык кеңешке кайтарылат.
Диссертация корголгонго чейин “Антиплагиат” компьютердик программасы боюнча текшерүүдөн өтүүнүн жыйынтыгы боюнча плагиаттын жоктугу жана өздөштүрүүнүн уруксат берилген пайызы бар экендиги жөнүндө маалымкат алынган учурда, Комиссия тарабынан диссертация корголгондон кийин кайра текшерүү жүргүзүлбөйт.”;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө жободо:
төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Окумуштуулук наамдар Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитациядан өткөн жогорку окуу жайларынын жана илимий мекемелердин кызматкерлерине ыйгарылат.”;
- 2-пункттагы “мамлекеттик аккредитациясы, аттестациясы бар” деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункттагы “мамлекеттик аккредитациясы, аттестациясы бар” деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“а) диссертациясын коргогондон кийин көрсөтүлгөн кызмат орундарында 3 окуу жылынан кем эмес мезгил ийгиликтүү иштеп жатышса;”;
13-пунктта:
биринчи абзац “илимдин докторлоруна жана кандидаттарына” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле философиянын доктору (РhD) академиялык даражасынын ээлерине” деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“а) кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин наамга сунушталган жери боюнча көрсөтүлгөн кызмат орундарында 3 окуу жылынан кем эмес мезгил ийгиликтүү иштеп жатышса;”;
- 17-пункттун биринчи абзацы “илимдин докторлоруна, кандидаттарына,” деген сөздөрдөн кийин “философиянын докторлоруна (РhD),” деген сөздөр менен толукталсын;
- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“30. Комиссияга мамлекеттик уюмдардан жана мекемелерден, ошондой эле жеке адамдардан окумуштуулук наамынан ажыратуу (калыбына келтирүү) маселесин кароо үчүн негиз болуучу себеби баяндалган өтүнүч каттар келип түшкөндө, Комиссия Президиумдун жыйынында бул маселени карайт жана өз чечимин чыгарат.”;
- 38-пункттагы “, Комиссиянын төрагасынын орун басары-” деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эксперттик кеңеш жөнүндө жободо:
- 7-пункттун төртүнчү абзацындагы “25-29” цифралары “26-30” цифраларына алмаштырылсын;
- 23-пункттагы “төраганын орун басары - башкы окумуштуу катчынын” деген сөздөр “төраганын орун басарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 26 - 30-пункттардагы “Эксперттик кеңештин мүчөсү” деген сөздөр “Эксперт” деген сөз менен алмаштырылсын.
- 30-пункттагы “жана бир илимий жетекчинин же кеңешчинин жетекчилиги менен иш аткарган” деген сөздөр алып салынсын;
- 79-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү “жана изденүүчүнүн окумуштуулук даражасы жок учурда” деген сөздөр алып салынсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |