Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 670 токтому менен бекитилген |
Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөрдө балдарды багуу жана тарбиялоо жана асырап алган ата-энелерге
жардам жана колдоо көрсөтүү боюнча минималдык
СТАНДАРТТАР
1. Багып алуучу үй-бүлөдөгү коопсуз жана жагымдуу тарбиялоо
шарттары
3. Каттоо жана маалыматка жетүү
4. Баланын үй-бүлөсү, тууган-туушкандары жана жолдоштору менен
байланышы
5. Саламаттык жана өсүп-өнүгүү
8. Багып алуучу ата-энелерге жардам көрсөтүү жана аларды колдоо
9. Багып алуучу ата-энелерди окутуу жана алардын ишине талдоо
жүргүзүү
10. Аймактык бөлүмдөр, кесиптик квалификация жана аймактык
бөлүмдөрдүн кызматкерлерин зарыл окутуу
1. Багып алуучу үй-бүлөдөгү коопсуз жана жагымдуу
тарбиялоо шарттары
1. Багып алган ата-энелер баланын өсүп-өнүгүшү үчүн ага коопсуз, таза жана жагымдуу шарттарды түзөт.
2. Багып алган үй-бүлөдө бала жашап жүргөн мезгилде турак жай-тиричиликтик шарттар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген санитардык-гигиеналык талаптарга жана коопсуздук талаптарына ылайык келиши керек.
3. Баланын өзүнчө керебети, сабак окуу, ойноо үчүн жазуу столу, кийим-кечеси үчүн кичинекей шкафы болушу керек.
4. Багып алган ата-энелер Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, баланын өзүнүн каалоосун эске алып, баланы тиешелүү сезонго жана анын курагына ылайык келген кийим-кече жана бут кийим, ошондой эле тамак-аш менен камсыз кылат.
5. Багып алган ата-энелер Балага кам көрүү планына (мындан ары План) ылайык түзүлгөн баланын жашоо-турмушунун коопсуздук чаралары жөнүндө маселелер боюнча окуудан өтүшөт жана окуудан өткөндүгүн ырастоочу расмий документ алышат.
6. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү (мындан ары - аймактык бөлүм) белгиленген талаптарга ылайык багып алган үй-бүлөдө баланын жашоо жана тарбиялоо шарттарынын ылайык келишин айына бир жолудан кем эмес контролдойт.
2. Баланы зомбулуктан коргоо
7. Багып алуучу үй-бүлөдө болуу жана жашоо шарттары балага карата зомбулуктун бардык түрүнөн жана тоотпогондуктан коргоого жардам бериши керек.
8. Багып алган ата-энелер курмандык болгон балага кам көрүү методдоруна, кылдат багуу көндүмдөрүнө, ырайымсыз мамиле кылуунун белгилерин аныктоого окутулушу керек.
9. Багып алуучу ата-энеге баланын денесин ар кандай түрдө зыянга учуратууга жана мамиле кылуунун жана жазалоонун кадыр-баркты кемсинтүүчү башка түрлөрүн колдонушуна тыюу салынат. Аймактык бөлүмдүн кызматкери зомбулуктун бардык түрлөрүн аныктоо жана алдын алуу максатында айына бир жолудан кем эмес бала менен маектешет.
10. Балага ырайымсыз мамиле жасалган же анын кызыкчылыктары баркка алынбаган учурда каалаган адам багып алуучу ата-энеге даттануу менен аймактык бөлүмгө кайрылууга укуктуу. Балага аймактык бөлүмгө кайрылуусу үчүн контакттык байланыштар берилүүгө тийиш.
11. Аймактык бөлүм багып алуучу ата-эне жана/же анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан балага ырайымсыз мамиле жасалган учурда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык шашылыш чечим кабыл алат.
12. Ырайымсыз мамиле жөнүндө бала оозеки же жазуу жүзүндө кайрылган учурда аймактык бөлүм кайрылган учурдан тартып бир суткадан кечиктирбестен фактыны текшерет жана баланы коргоо үчүн зарыл болгон чараларды көрөт.
13. Аймактык бөлүм балага ырайымсыз же барк албай мамиле жасалганы жөнүндө кайрылуулардын эсебин жүргүзөт, баланы коргоо боюнча көрүлгөн чараларды, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди белгилейт.
3. Каттоо жана маалыматка жетүү
14. Багып алуучу үй-бүлөгө берилген балага өздүк дело жүргүзүлөт, анда баланын жашоо-турмушундагы окуялар тууралуу толук маалыматтар камтылат.
15. Аймактык бөлүмдүн кызматкерлери багып алуучу үй-бүлөгө берилген баланын өздүк делосун жүргүзүү боюнча окуудан өтүшөт.
16. Баланын өздүк делосуна жазуулар аймактык бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
17. Документтер Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген мөөнөт ичинде сакталат.
18. Балага, анын ата-энелик укуктары чектелбеген, ата-энелик укуктан ажыратылбаган жана аракетке жөндөмдүү ата-энесине, ошондой эле багып алган ата-энесине делодо сакталган маалыматтын купуялуулугу, ошондой эле ушул маалыматка жетүү тартиби тууралуу маалымдалат.
19. Баланын өздүк делосуна улуту, диний таандыктыгы, багып алуучу үй-бүлөгө берилген баланын маданияты жана тили, баланын өнүгүү өзгөчөлүктөрү жана баланын инсандыгына тиешелүү, анын ичинде үчүнчү жак тарабынан берилген башка маалыматтар жазылат.
20. Баланын өткөн-кеткени тууралуу маалымат Планга ылайык анын курагын, акыл-эс жагынан өсүп-өнүгүшүн эске алуу менен ага жеткирилет.
21. Өздүк делодо баланын ой-пикирлери жана анын каалоолору, ошондой эле балага карата тигил же бул чечимди кабыл алууда эске алынган анын каалоолору белгиленет.
4. Баланын үй-бүлөсү, тууган-туушкандары жана
жолдоштору менен байланышы
22. Багып алган үй-бүлөдөгү балага Планга жана Келишимге ылайык ал ата-энелик укуктары чектелбеген, ата-энелик укуктан ажыратылбаган жана аракетке жөндөмдүү ата-энеси, тууган-туушкандары жана жоро-жолдоштору менен дайыма байланышып турушуна колдоо көрсөтүлөт.
23. План багып алган үй-бүлөгө берилген баланын ата-энелик укуктары чектелбеген, ата-энелик укуктан ажыратылбаган жана аракетке жөндөмдүү ата-энеси жана баланын тууган-туушкандары менен жолугушууларын өткөрүү мүмкүндүгү жана тартиби тууралуу толук маалыматты камтыйт.
24. Баланын жогоруда аталган адамдар менен байланышып турушунун зарылдыгы жана пайдасы баланын ой-пикирин эске алуу менен багып алуучу үй-бүлөгө баланы берүү этабында каралат.
25. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери жолугушуулардын тездигин жана өткөрүү жерин кошо алганда, бардык жолугушууларды уюштурууну координациялайт, мында сууп бара жаткан мамилелерди колдоого өзгөчө көңүл бурулат.
26. Багып алуучу ата-эне баланын маанилүү чөйрөсү менен жолугушуулары жөнүндө маалыматтарды белгилейт. Бул маалымат, ошондой эле баланын ой-пикири баланын өздүк делосунда белгиленет.
5. Саламаттык жана өсүп-өнүгүү
27. Багып алуучу үй-бүлөгө берилген бала Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык зарыл медициналык жардам алат.
28. Баланын саламаттыгын сактоо боюнча чаралар тууралуу маалымат Планга киргизилет. Планда баланын ден соолугунун абалы белгиленет, ал эми ооруп калган учурларда өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтар жазылат.
29. Багып алган ата-энелер бир багыттагы адистердин жана тиш доктурдун консультация беришин кошо алганда, тиешелүү дарылануу процессин көзөмөлдөйт.
30. Медициналык жардам жана дарылануу купуялуулук принциби жана тандоо укугу сакталып, баланын жашын эсепке алуу жана макулдугу менен көрсөтүлөт.
31. Баланын ден соолугунда жана өсүп-өнүгүшүндө проблемалар келип чыккан учурда маселе тиешелүү саламаттык сактоо органдары менен бирдикте аймактык бөлүм тарабынан чечилет.
32. Багып алган ата-энелер өздөрүндө тарбиялоодо болгон баланын ден соолугу жана өсүп-өнүгүшү жана дарыланууга баланын макулдугун алуу жол-жобосу тууралуу толук маалыматка ээ болушат.
6. Билим алууга керектөөлөр
33. Багып алуучу үй-бүлөгө берилген бала билим алса болот. Багып алган ата-эне баланын жөндөмдүүлүктөрүн ачуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүшү керек.
34. Планда жана Келишимде бөлүм бар, анда баланын окуу керектөөлөрү, окуу пландык иш-чаралар жана аларга жетишүү деңгээли, ошондой эле багып алуучу үй-бүлөгө берилген баланы окутуу үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча аймактык бөлүмдүн кызматкеринин жана багып алуучу ата-энелердин милдеттери белгиленет.
35. Аймактык бөлүм алар менен бирдикте багып алуучу үй-бүлөгө берилген баланы окутуу процессин пландаган тиешелүү билим берүү органдарына жана тиешелүү билим берүү мекемелерине окутуу процессин жана кошумча сабактарды уюштурууга зарыл кесиптик жардам берүү жөнүндө билдирет.
36. Багып алуучу ата-энелер баланын мектепке үзгүлтүксүз барышын, үй тапшырмаларын аткарышын контролдойт.
37. Аймактык бөлүм тиешелүү билим берүү мекемеси жана багып алуучу ата-энелер менен бирдикте багып алуучу үй-бүлөгө берилген баланын билим алуу процессине талдоо жүргүзөт, жыйынтыктары баланын өздүк делосуна киргизилет.
38. Багып алуучу үй-бүлөгө берилген балдарга билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу стратегиясын түзүү үчүн аймактык бөлүм тарабынан маалыматка талдоо жүргүзүлөт.
39. Тиешелүү билим берүү жана ишке орноштуруу органы багып алуучу үй-бүлөдөгү ар бир балага жогорку окуу жайында же кесиптик-техникалык окуу жайда билим алуусун улантууга же ишке орношуусуна мүмкүндүк берүүнү камсыз кылат.
7. Балдарды турмушка даярдоо
40. Планда баланы өз алдынча жашоо-турмушка даярдоо бөлүмү камтылган. Аймактык бөлүмдүн кызматкери жана багып алуучу ата-энелер чечимдерди кабыл алуу жана пландарды ишке ашыруу процесстерине баланын активдүү катышуусун колдоп, аны менен келечек жөнүндө маектешүүлөрдү жүргүзөт.
41. Аймактык бөлүм билим берүү, калкты ишке орноштуруу жана башталгыч кесиптик окутуу органдары менен багып алуучу үй-бүлөдө баланын болушу бүткөндөн кийин аны андан ары колдоо жөнүндө келишим түзөт.
42. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары багып алуучу үй-бүлөлөрдөгү балдарга жардам көрсөтүү жана колдоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт.
8. Багып алуучу ата-энелерге жардам көрсөтүү жана
аларды колдоо
43. Аймактык бөлүм багып алуучу ата-энелерге жардам берет жана аларды колдойт, бул аларга тарбиялоого берилген балага зарыл кам көрүүгө мүмкүндүк берет.
44. Аймактык бөлүм багып алуучу ата-энелерди окутууда керектөөлөрдү аныктайт, багып алуучу ата-энелерге жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын контролдойт.
45. Аймактык бөлүм менен багып алуучу ата-эненин ортосундагы келишим багып алуучу ата-эне ишенген жардамдын, анын ичинде шашылыш жардамдын жана аны күнү-түнү алуу ыкмаларынын баяндалышы камтылат.
46. Багып алуучу ата-энелер жардам жөнүндө толук маалымат да алат, алар аны багып алуучу ата-энелердин жергиликтүү топторунан, коомдук бирикмелерден жана башка кызыкдар адамдардан алат.
47. Аймактык бөлүмдүн кызматкери багып алуучу үй-бүлөдө бала жүргөн мезгилде айына бир жолудан кем эмес багып алуучу ар бир ата-эне менен маектешүү жүргүзөт.
48. Ар бир жолу барган сайын кызматкер баргандыгынын жыйынтыктары жөнүндө жазуу жүзүндө отчет түзөт. Багып алуучу ата-энелер аларга тарбиялоого берилген баланын баргандыгынын жыйынтыктары боюнча отчет менен таанышып чыгууга укуктуу.
49. Багып алуучу үй-бүлөгө баланы берүүдө багып алуучу ата-энелер баланын теги жана анын өткөн-кеткен турмушу жөнүндө толук маалымат алат.
50. Мамлекет багып алуучу ата-энелерге өз ара жардам берүү тармактарын түзүүгө дем берет жана аны колдойт, арыз ээлерин, багып алуучу ата-эне болууга талапкерлерди, багып алуучу ата-энелерди окутууга жана аларды колдоого тажрыйбалуу багып алуучу ата-энелерди тартат.
9. Багып алуучу ата-энелерди окутуу жана алардын
ишине талдоо жүргүзүү
51. Арыз ээлери, багып алуучу ата-эне болууга талапкерлер, багып алуучу ата-энелер баланы сапаттуу тарбиялоого мүмкүндүк берүүчү көндүмдөргө жана билимдерге ээ болуу максатында окуудан өтүшөт.
52. Окутуу учурда багып алган ата-энелер жана багып алуучу үй-бүлөдөгү балдар менен баарлашуу мүмкүндүгүн карайт (балдарды коргоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөн шартта).
53. Окутуу бирдей мүмкүнчүлүктөр жана басмырлоого жол бербөө принциптеринде ишке ашырылат.
54. Багып алуучу ата-эне болууга талапкерлерге жана багып алуучу ата-энелерге аймактык бөлүмдө өздүк файл жүргүзүлөт, анда ал өткөн бардык окуу курстары жана келечекте анын окуудагы керектөөлөрү чагылдырылат.
55. Багып алуучу ар бир үй-бүлөнүн ишине жыл сайын талдоо жүргүзүү окуудагы жана өсүп-өнүгүүдөгү керектөөлөргө баа берүүнү карайт, алар талдоо жүргүзүү жөнүндө отчетто чагылдырылат.
56. Арыз ээлери, багып алуучу ата-эне болууга талапкерлер, багып алуучу ата-энелер үчүн окуу курстарын жүргүзүүнүн мазмунуна жана процессине изилдөөнүн натыйжалуу тажрыйбасын жана жыйынтыктарын эске алып, окууда аныкталган керектөөлөрдү канааттандыруу планында багып алуучу ата-энелердин өздөрүнүн катышуусу менен жыл сайын талдоо жүргүзүлөт жана баа берилет.
57. Жыл сайын аймактык бөлүм тарабынан аймактык бөлүмгө багып алуучу ата-энелердин жөндөмдүүлүгүнө ынанууга жана андан ары балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарууга мүмкүндүк берүүчү, мамлекет көрсөтүүчү кызматтардын сапаты жана ар түрдүүлүгү жөнүндө маанилүү маалымат булагы болгон, ошондой эле багып алуучу ата-энелерди топтоо, баа берүү жана окутуу жаатындагы стратегияларды кыйла сабаттуу пландоого мүмкүндүк берүүчү багып алган ата-энелер менен биргелешкен талдоо жүргүзүлөт.
58. Аймактык бөлүмдүн кызматкери талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча отчет түзөт.
59. Отчет талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: багып алган үй-бүлөдө баланын андан ары болуу мезгилине иш планын, багып алган ата-энесинин окууга жана жардамга аныкталган керектөөлөрүн, багып алуучу ата-энелерди бекитүү жөнүндө чечимди күчүндө калтыруу тууралуу сунуштарды, ошондой эле багып алган ата-энелерге тарбиялоого сунушталган балдардын санын жана курагын. Отчетто баланын, багып алган ата-энелердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ой-пикири да баяндалат. Багып алган ата-энелер талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча отчет менен таанышып чыгууга жана өздөрүнүн сын-пикирлерин берүүгө укуктуу.
60. Багып алган ата-энелер алардын маселесин кароодо Балдардын иштери боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) жыйынына катышууга укуктуу. Кеңешме жана анда кабыл алынган чечимдер жөнүндө отчет багып алган ата-энелердин сын-пикирлери жана каршы пикирлери менен чогуу багып алган ата-энелердин өздүк делосуна киргизилет.
61. Багып алган ата-энелер талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жана тигил же бул чечимдин себептери жөнүндө жазуу жүзүндө билдирме, ошондой эле даттануу берүүнүн толук баяндалышын алат.
62. Балага ырайымсыз мамиле кылууга байланыштуу кандайдыр бир жаңжалдар, даттануулар же айыптоолор же баланын кызыкчылыктары баркка алынбаган учурлар болсо кошумча текшерүү жүргүзүлөт.
63. Өз милдеттерин аткарууну токтотууну чечкен багып алган ата-эне менен аймактык бөлүмдүн кызматкери стандарттык формада маектешүү жүргүзөт. Алынган маалыматтарга талдоо жүргүзүлөт жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары тандоо стратегияларын, багып алган ата-энелерди колдоо жана сыйлоо деңгээлин позитивдүү өзгөртүү үчүн негиз болуп кызмат кылат.
10. Аймактык бөлүмдөр, кесиптик квалификация жана аймактык
бөлүмдөрдүн кызматкерлерин зарыл окутуу
64. Аймактык бөлүм кызматкерлердин кызмат көрсөтүүлөрүн башкаруунун жана контролдоонун натыйжалуу түзүмүн иштеп чыгат.
65. Аймактык бөлүм анын ар бир кызматкеринин өз милдеттери жана ата-энесинин камкордугусуз калган баланы багып алуучу үй-бүлөгө берүү механизми жөнүндө билим алышы үчүн шарттарды түзөт.
66. Аймактык бөлүм балдарды тарбиялоо процессине баа берүүнү, пландоону текшерүүнү жана талдоо жүргүзүүнү уюштурат жана өткөрөт.
67. Аймактык бөлүм тиешелүү райондун аймагында берилүүчү балдарга кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат алууга милдеттүү, бул багып алган ата-энелерге кызмат көрсөтүүлөрдү өтө көп пайда алып келүү менен пландоого мүмкүндүк берет.
68. Аймактык бөлүм Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар базасын түзүү жана үзгүлтүксүз жаңылоо аркылуу багып алуучу ата-эне болууга талапкерлердин, багып алган ата-энелердин санына байкоо жана талдоо жүргүзөт.
69. Аймактык бөлүмдөр багып алуучу үй-бүлөдө балдарды тарбиялоо менен байланышкан квалификациялуу кызмат көрсөтүү үчүн зарыл көндүмдөрдү жана билимдерди аныктайт жана зарыл квалификациясы жана тажрыйбасы бар кызматкерлерди ишке алат.
70. Аймактык бөлүмдүн кызматкерлери балдар, алардын үй-бүлөлөрү жана багып алган ата-энелер менен иштөө боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан жана тиешелүү окуудан өтөт.
71. Аймактык бөлүмдөрдө багып алуучу үй-бүлөлөрдүн маселелери менен иштеген кызматкердин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу планы болот. Аймактык бөлүмдө багып алуучу үй-бүлөлөрдүн маселелери менен иштеген кызматкерди зарыл квалификация берүүчү окутуу программасы баланы өсүп-өнүктүрүү жана анын керектөөлөрүнө баа берүү, баланы багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштыруу жана багып алган ата-энелерге жардам жана колдоо көрсөтүү маселелери боюнча милдеттүү окутууну карайт.
72. Аймактык бөлүмдөр балдарды тарбиялоо боюнча кызмат көрсөтүүчү кызматтардын бардык кызматкерлерин окутууга жана алардын квалификациясын жогорулатууга керектөөлөрдү аныктоо үчүн зарыл баа берүү же биргелешкен талдоо жүргүзүү системасын иштеп чыгат.