Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 1-октябры № 670
Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 80-беренесине ылайык, багып алуучу (фостердик) үй-бүлө институту механизмин киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөрдө балдарды багуу жана тарбиялоо жана асырап алган ата-энелерге жардам жана колдоо көрсөтүү боюнча минималдык стандарттар 2-тиркемеге ылайык;
- багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө эмгек акынын өлчөмдөрү жана баланы багууга чыгымдар 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары багып алуучу үй-бүлөлөрдө балдарды тарбиялоо менен байланышкан маселелерди кароодо жана чечүүдө ушул токтомду жетекчиликке алышсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
3-тиркемеге
Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөгө эмгек акынын өлчөмдөрү жана баланы багууга ЧЫГЫМДАР
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
Багып алган бир баланы багууга кетүүчү чыгымдардын беренеси | Багып алган бир баланы багууга кетүүчү чыгым |
Тамактануу (бир күнгө) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна ылайык |
Кир жуучу каражаттар (бир айга) | 100 сом |
Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө (электр энергиясына, газ, суу, таштанды чыгаруу үчүн бир айга төлөө) | Чыгым: электр энергия - 25 киловатт; газ - 3 куб.м; суу - тариф боюнча; таштанды чыгаруу - тариф боюнча |
Кийим-кече жана бут кийим сатып алуу (1 сезонго) | 2000 сомго чейин ырастоочу документтерге (касса чеги, сатып алуу актысы, патент) ылайык |
Шейшептерди сатып алуу (баланы бирден эки айга чейин жайгаштырганда бир комплект каралат, эки айдан бир жылга чейин жайгаштырганда - эки комплект) | Шейшеп комплекти (400 сом х 2 = 800 сом) сатып алгандыгы жөнүндө ырастоочу документтерге (кассалык чек, сатып алуу актысы, патент) ылайык |
Медициналык, унаалык жана башка кызматтар (бир айга) | 1000 сом |
Багып алган ата-эненин (бала багып алган үй-бүлөнүн) эмгек акысы | Багып алган ата-эненин (багып алган үй-бүлөнүн) эмгек акысынын бир айлык өлчөмү 6000 сомду түзөт. |