Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
| Кыргыз еспубликасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 696 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-сентябрындагы № 493, 2018-жылдын 22-январындагы № 44 , 2019-жылдын 3-декабрындагы № 647 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жаратылышты коргоо фонддору Жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фондунан (мындан ары - Республикалык фонд) жана анын ведомстволук жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн жергиликтүү фонддордон (мындан ары - жергиликтүү фонд) турат.
2. Республикалык фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
3. Жергиликтүү фонддор Республикалык фонддун алдында түзүлөт.
4. Республикалык фонддун каражаттары республикалык бюджеттин эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардан түзүлөт:
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- алынган кирешелерден, жаратылышты коргоо иш-чараларына инвестицияларды тартуудан, гранттардан;
- жаратылышты пайдалануучулардын, башка жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн ыктыярдуу салымдарынан, демөөрчүлүк чегерүүлөрүнөн;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жаратылышты коргоо иштерин каржылоо үчүн жаратылышты пайдалануучулардын максаттуу каражаттарынан;
- колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка булактардан.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жергиликтүү фонддордун каражаттары республикалык бюджеттин эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардан түзүлөт:
- курчап турган чөйрөгө булгоочу заттарды жол берилген (лимиттенген) чыгаруу, таштоо жана калдыктарды жайгаштыруу үчүн төлөмдөрдөн;
- курчап турган чөйрөгө булгоочу заттарды жол берилгенден (лимиттенгенден) ашыкча чыгаруу, таштоо жана калдыктарды санкциясыз жайгаштыруу үчүн төлөмдөрдөн;
- жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн төлөмдөрдөн;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу курчап турган чөйрөгө, анын жаратылыш ресурстарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн өндүрүлгөн каражаттардан;
- жаратылыш ресурстарын алуунун (даярдоонун, кайра иштетүүнүн) конфискацияланган жана мыйзамсыз алынган (даярдалган, кайра иштетилген) жаратылыш ресурстарын же андан алынган продукцияларды сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттардан;
- алынган кирешелерден, жаратылышты коргоо иш-чараларына инвестицияларды тартуудан, гранттардан;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 647 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жаратылышты пайдалануучулардын, башка жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн ыктыярдуу салымдарынан, демөөрчүлүк чегерүүлөрүнөн;
- жаратылышты коргоо иштерин каржылоо үчүн жаратылышты пайдалануучулардын максаттуу каражаттарынан;
- мыйзамда белгиленгендерге карама-каршы келбеген башка булактардан.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44, 2019-жылдын 3-декабрындагы № 647 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Республикалык жана фонддун жана жергиликтүү фонддордун каражаттары төмөнкү иш-чараларды каржылоого (тең каржылоого) пайдаланылат:
- жаратылышты коргоо объекттерин курууга, техникалык жактан кайра жабдууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого;
- жаратылышты коргоо техникаларын, технологиялардын, приборлордун жана жабдуулардын жаңы түрлөрүн, мониторинг жүргүзүүнүн автоматташтырылган системаларын түзүү жана ишке киргизүү боюнча илим-изилдөө, иликтөө, долбоордук, тажрыйба-конструктордук иштерди жана курчап турган чөйрөнүн абалына баа берүү жана биоартүрдүүлүктү, токой тармагын коргоону камсыз кылуу боюнча башка иштерди жүргүзүүгө;
- республикалык жана региондук, анын ичинде курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртууга жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган жаратылышты коргоо конвенцияларынын жана эл аралык макулдашуулардын чегинде программаларды, долбоорду, долбоордук циклдерди иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга;
- жаратылышты коргоо багытындагы объекттерди курган, техникалык жактан кайра жабдыган (анын ичинде атайын техниканы сатып алуу), реконструкциялаган жана капиталдык оңдоодон өткөргөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга жана уюмдарга кайтарылма негизде каражаттарды жана субсидияларды берүүгө;
- жаратылыш объекттеринин бузулган чарбалык иштерин калыбына келтирүү боюнча жумуштарга;
- кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө;
- курчап турган чөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын абалына мониторинг жүргүзүү системасын өнүктүрүүнү колдоого;
- курчап турган чөйрөнүн абалы жөнүндө улуттук докладдарды жана башка экологиялык маалыматтарды даярдоого;
- экологиялык билимдерди жайылтууга, токойду, биоартүрдүүлүктү коргоо жана кайтаруу боюнча сынактарды, семинарларды, конференцияларды жана кеңешмелерди өткөрүүгө;
- курчап турган чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органдарынын, алардын ведомстволук жана аймактык органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эмгектик жана башка милдеттенмелерин аткаруу менен байланышкан сарптоолорду кызматкерлерге ордун толтуруу максатында эмгек акыга, иш берүүчү менен Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы жаатындагы мамлекеттик органдын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органынын ортосунда түзүлгөн коллективдүү келишим боюнча милдеттенмедеги эки эселенген жашоо минимумунан ашпаган өлчөмдө компенсациялык төлөөлөргө жана анын иши менен байланышкан башка чыгымдарга;
- токой чарбаларын, токойчулуктарды, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын (улуттук жаратылыш парктарды, мамлекеттик коруктарды, заказниктерди, жаратылыш эстеликтерин), егердик участкаларды өнүктүрүүнү колдоого жана уюштурууга жана аларды зарыл шаймандар менен, анын ичинде кайтарып берүү негизинде жабдууга;
- токойдун өртүнө каршы жана токойлорду зыянкечтер менен илдеттерден коргоо иштерине;
- курчап турган чөйрөнү коргоо системасы үчүн кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого;
- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-сентябрындагы № 493, 2018-жылдын 22-январындагы № 44 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Айрым учурларда Республикалык фонддун жана жергиликтүү фонддордун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланышы мүмкүн:
- жаратылышты коргоо иш-чараларын, анын ичинде экологиялык кырдаал кыйла татаал райондордо, натыйжалуу жүргүзүү максатында республикалык жана жергиликтүү фонддорду (аларда каражат жетишсиз болгондо) толтурууга;
- курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттер аралык иш-чараларды каржылоого максаттуу жумшоого.
8. Жергиликтүү фонддордун каражаттарынын беш пайызы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык бекитилген бюджеттин чегинде аймактык курчап турган чөйрөнү коргоонун ыйгарым укуктуу органынын аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлерине эмгек акысына компенсация түрүндө пайдаланышы мүмкүн.
9. Республикалык фонддун жана жергиликтүү фонддордун каражаттарын түзүү жана пайдалануу Республикалык фонддун башкармалыгы тарабынан бекитилген жана мамлекеттик каражаттарды башкаруу мамлекеттик саясатты жүргүзүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган кирешелердин жана чыгымдардын ар жылдык сметасына ылайык жүргүзүлөт.
10. Республикалык фонддун жана жергиликтүү фонддордун каражаттарын пайдаланылгандыгы жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине бухгалтердик отчет менен бир учурда берилет. Отчеттук мезгил үчүн Республикалык фонддун жана жергиликтүү фонддордун каражаттарынын пайдалангандыгы жөнүндө жыйынды маалыматтар Республикалык фонддун башкармалыгында каралат.
11. Учурдагы жылы пайдаланылбаган Республикалык фонддун жана жергиликтүү фонддордун каражаттары алып коюлбайт, кийинки жылга өтөт жана ушул Жобого ылайык сарпталат.
Туура эмес эсептөөнүн натыйжасында ашыкча келип түшкөн төлөм суммалары кайра кайтарылат же келечектеги төлөмдөрдүн эсебине чегерилет.
12. Курчап турган чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү которуу квартал сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
13. Курчап турган чөйрөнү авариялык же жапырт булгангандыгы үчүн төлөмдөрдү которуу жаратылышты пайдалануучу тарабынан булгоонун фактысы белгиленген же курчап турган чөйрөнү коргоонун аймактык органдары тарабынан доомат коюлган учурдан тартып 20 күндүк мөөнөттө жүргүзүлөт. Бул төлөмдөр жылдын натыйжасы боюнча эсептелүүчү курчап турган чөйрөнү лимиттен ашык булгоо үчүн төлөмдүн суммасына кошулбайт.
14. Республикалык фонддун ишине жетекчиликти башкармалык жүргүзөт. Башкармалык жөнүндө жобо жана анын жекече курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин коллегиясы тарабынан бекитилет.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин жетекчиси кызматы боюнча Республикалык фонддун башкармалыгынын төрагасы болуп саналат.
16. Курчап турган чөйрөнү булгагандык жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн акы алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.