Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 649 токтому менен бекитилген |
Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Бул Жободо колдонулуучу негизги терминдер
3. Жеке номерди пайдалануу укугу
4. Жеке номерди берүү тартиби
5. Жеке номерди берүүнү уюштуруу
6. Жеке номерлер үчүн критерийлер жана чектөөлөр
7. Жеке номерди пайдалануу укугун токтотуу
1. Жалпы жоболор
1. Бул, Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын жарандарына автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин пайдалануу укугун атайын адистештирилген борбордо берүүгө байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2. Автотранспорт каражатка жеке номердик белги автотранспорт каражат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 токтому менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерине ылайык каттоодон өткөндөн кийин гана берилет.
2. Бул Жободо колдонулуучу негизги терминдер
Бул Жободо төмөнкүдөй негизги терминдер пайдаланылат:
маалыматтык база - автотранспортко берилген жеке (ысымы жазылган) мамлекеттик каттоо номерлерин топтоо жана текшерүү үчүн арналган атайын жасалган программалык маалыматтардын электрондук системасы;
мамлекеттик каттоонун номердик белгилери - автотранспорт каражаттардын номердик белгилери, аларда автотранспорт каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоого уруксат берүүнү тартипке салуу максатында жеке менчик автотранспорт каражаттардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жасалган мамлекеттик каттоо кодунун сүрөтү түшүрүлөт;
автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилери (мындан ары - жеке номер) - мамлекеттик кошумча каттоо номери, анда арыз ээсинин каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жасалган символдор (цифра жана тамга менен) тартылат;
сертификат - жеке номерди пайдалануу укугун ырастоочу документ;
адистештирилген борбор - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы;
ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана анын транспорт каражаттарды каттоо жана номердик белгилерди жасоо жагындагы ведомстволук бөлүктөрү.
3. Жеке номерди пайдалануу укугу
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, муниципалдык уюмдарына, аскердик кошуундарына, укук коргоо органдарына, дипломаттык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык (мамлекеттер аралык) уюмдарга, юридикалык жактарга, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга таандык автотранспорт каражаттарды каттаганда жеке номер берилбейт.
5. Кыргыз Республикасынын жаранында жеке номерди пайдалануу укугу ал ушул Жобого ылайык каттоого турган учурдан тартып башталат.
6. Жеке номерди пайдалануу укугу адистештирилген борбор Кыргыз Республикасынын жаранынын атына берген сертификат менен ырасталат.
7. Кыргыз Республикасынын жеке номерди пайдаланууга укугу бар жараны транспорт каражатты каттоо жөнүндө күбөлүгүнө ушул Жобого ылайык тийиштүү белги коюлгандан кийин аны өзүнө менчик укугунда таандык кайсы автотранспорт каражатка болсо да такса болот.
8. Жеке номерди пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын аймагында гана жарактуу болот. Жеке номер мамлекеттик каттоо номерине кошумча номер болот жана автотранспорт каражат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталгандан кийин берилет.
4. Жеке номерди берүү тартиби
9. Жеке номер алгысы келген арыз ээси (адистештирилген борбор түзгөн) жеке номерлердин Интернет тармагына же адистештирилген борбордун өзүндө жайгаштырылган маалыматтык базасынан ылайык келүүчү же окшош номер бар экенин текшерүүгө укуктуу.
10. Кыргыз Республикасынын адистештирилген борборго кайрылган жаранына жеке номер төмөнкүдөй учурларда берилбейт:
- жеке номер адистештирилген борбордун маалыматтык базасында бар болсо;
- жеке номерде адистештирилген борбордун маалыматтык базасындагы жеке номерге окшоштуктар бар болсо;
- жеке номерде "KG", "BG", "MVD", "МЕS", "ВР", "АР" деген кыскартылган сөздөр бар болсо;
- жеке номерде мамлекеттик каттоонун номердик белгилерине окшоштуктар бар болсо;
- Кыргыз Республикасынын жаранында менчик укугунда таандык автотранспорт каражаты жок болсо.
Жеке номер берилбестиги жөнүндө оозеки билдирилет.
Адистештирилген борбор Кыргыз Республикасынын жаранынын талабы боюнча баш тартууну жазуу жүзүндө тариздөөгө милдеттүү.
11. Маалыматтык базада ылайыктуу же окшош жеке номер жок болсо Кыргыз Республикасынын жараны сертификат алуу үчүн адистештирилген борборго арыз берет жана ушул Жобонун 5-главасына ылайык жеке номердин баасын төлөйт.
12. Кыргыз Республикасынын жараны сертификат алган учурдан баштап өзү көрсөткөн символдордун комбинациясы бар жеке номерди алуу укугуна ээ болот.
13. Кыргыз Республикасынын жараны жеке номерди пайдалануу укугуна сертификат алган күндөн баштап 10 (он) иш күндүн ичинде транспорт каражаты катталганы жөнүндө күбөлүгүнө белги койдуруу үчүн документтерин ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү. Транспорт каражаты катталганы жөнүндө күбөлүгүнө белги койдургандан кийин Кыргыз Республикасынын жаранына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке номер берилет.
14. Транспорт каражат башканын ээлигине өтсө (кайрадан катталса) жеке номер Кыргыз Республикасынын жеке номерди пайдалануу укугуна ээ жаранында калат.
15. Бул укуктун ээси жеке номерди пайдалануу укугун башкага өткөрүп берүүсүнүн бардык формаларына тыюу салынат.
16. Автотранспорттук каражаттын ээсинде жеке номерди пайдалануу укугу бар экенин ыйгарым укуктуу орган каттоо иштерин жүргүзүүдө гана текшерет.
5. Жеке номерди берүүнү уюштуруу
17. Адистештирилген борбордо жеке номерди пайдалануу укугу туруктуу белгиленген баа боюнча сатылат.
18. Кыргыз Республикасынын жаранынын жеке номерди пайдалануу укугунун баасы 250000 (эки жүз элүү миң) сом болот.
19. Сертификаттын акысы акча каражатты адистештирилген борборго которуу жолу менен төлөнөт.
20. Жеке номерди пайдалануу укугунун баасына ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү ведомстволук бөлүгүндө жеке номерди жасоого жана каттоого байланыштуу кеткен чыгымдар кирбейт.
6. Жеке номерлер үчүн критерийлер жана чектөөлөр
21. Жеке номерлердин өлчөмдөрүнүн параметрлери төмөнкүдөй болот:
- жеке номер үчүн пластинанын узундугу - 520 мм;
- жеке номер үчүн пластинанын эни - 112 мм;
- жеке номердеги символдун бийиктиги - 77 мм;
- бир символдун максимум эни - 96 мм.
22. Жеке номерлер төмөнкүдөй талаптарды аткаруу менен жасалат:
- жеке номердин пластинасы ак фондо болот, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлөт;
- номерде цифра символдор (рим цифрасы) жана латын алфавитинин баш тамгалары болушу мүмкүн;
- номерде минимум эки тамга болот, алар жеке номердин баш жагына коюлат;
- жеке номерде символдор экиден кем эмес, бирок жетиден ашык эмес болууга тийиш.
7. Жеке номерди пайдалануу укугун токтотуу
23. Жеке номерди пайдалануу укугу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- Кыргыз Республикасынын жараны жеке номерди пайдалануу укугунан баш тартса. Баш тартуу жөнүндө арыз ыйгарым укуктууга берилет;
- эгер Кыргыз Республикасынын жараны транспорт каражат катталганы жөнүндө күбөлүккө белги койдуруу үчүн ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө документтерин бербесе;
- Кыргыз Республикасынын жеке номерди пайдалануу укугу бар жараны каза болсо;
- жеке номерди пайдалануу укугу бар адам жарандыктан чыкса.
24. Жеке номерди пайдалануу укугу токтотулганда номер утилге чыгаруу үчүн өткөрүлөт.
25. Жеке номерди пайдалануу укугу токтотулганда, Кыргыз Республикасынын андай укугу бар жараны жок болгон укугу үчүн финансылык компенсация укуктуу эмес.