Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 токтому менен бекитилген |
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо айыл өкмөтүнүн калктын жашоосуна эң жакшы шарттарды түзүүдөгү иштерин колдоо, айылды көрктөндүрүү, келбетин жакшыртуу, айыл чарба жана өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмдөрүн өстүрүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканаларды өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү; ишкердикти жана айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү; жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү, дотациялык төлөөлөрдү кыскартуу, инвестицияларды тартуу; инженердик жабдууларды жана санитариялык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу максатында иштелип чыкты, ошондой эле "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынакты (мындан ары - сынак) өткөрүү тартибин, сынакта 1-3-орундарды алган жеңүүчүлөрдү аныктоо тартибин аныктайт.
2. Сынак жыл сайын өткөрүлөт. Сынакка айыл өкмөтү жайгашкан аймактагы райондун сынактык комиссиясына арыз берүү жолу менен ар бир айыл өкмөтү катыша алат.
3. Сынактык комиссиялардын курамы жыл сайын сынак башталганга чейин жаңыртылып турат.
4. Сынак отчеттук мезгилден кийинки жылдын бешинчи айынын биринчи жумушчу күнүнөн тартып башталат.
5. Райондук жана облустук деңгээлде сынак өткөрүүнү жана анын жыйынтыктарын чыгарууну жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан түзүлүүчү жалпы мамлекеттик сынактык комиссия ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Сынактык комиссиялар
6. Сынак райондордун жана облустардын деңгээлинде түзүлүүчү сынактык комиссиялар тарабынан өткөрүлөт. Райондун сынактык комиссиясы райондун мамлекеттик администрациянын башчысы - акими, ал эми облустун сынактык комиссиясы - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Райондун сынактык комиссиясы билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт мекемелеринин, райондун мамлекеттик администрациясынын аппаратынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жерге жайгаштыруу, ошондой эле турак жай-коммуналдык чарба органдарынын, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ж.б. ичинен беш кишиден кем эмес санда түзүлөт.
8. Облустун сынактык комиссиясы билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринин, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын, саясий партиялардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын өкүлдөрүнүн ж.б. ичинен беш кишиден кем эмес санда түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Сынактык комиссиялар өз ишин отурумдарды өткөрүү, тиешелүү айыл аймагын кароо, турак жай-коммуналдык чарба мекемелерине, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт мекемелерине баруу, ошондой эле калкты сурамжылоо, айыл өкмөтүнүн документтерин текшерүү ж.б. жолу менен жүргүзүшөт.
10. Сынактык комиссиялардын отурумдары, эгерде ага комиссиянын мүчөлөрүнүн 2/3ден кем эмеси катышса мыйзамдуу болуп саналат. Сынактык комиссиялардын чечими отурумга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда, сынактык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Сынактык комиссиянын жыйынтыктоочу отурумунун протоколуна төрага жана катчы кол коет.
3. Сынакты өткөрүүнү уюштуруу
11. Сынак маалымат өнөктүгүн жүргүзүүнү кошкондо үч этапта өткөрүлөт.
12. Биринчи этапта айыл өкмөттөрүнүн жалпы мамлекеттик сынакка катышууга арыздары каралат. Арыздар ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн күндөн баштап он күндүн ичинде берилет.
13. Арыздар ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет. Арызга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына сынактык тандоо жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн ишинин критерийлерин баалоо матрицасы;
- баалоо критерийлеринин индикаторлорунун маанисин ырастаган документтер.
Арыздар жана ага тиркелген документтер ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн күн бүткөндөн кийин райондун сынактык комиссиясы тарабынан бир айлык мөөнөттө каралат.
Сынактын биринчи этабында райондун сынактык комиссиясы арызга берилген документтердин толук топтомун текшерет. Документтер баалоо матрицасына ылайык каралат жана бааланат.
Сынактын биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча комиссиянын эң жогорку баллына ээ болгон ар бир райондон бир талапкер (айыл өкмөтүнөн) тандалып алынат жана талапкерди тандап алуу тууралуу чечим (протокол) облустун сынактык комиссиясынын дарегине жиберилет.
14. Сынактын экинчи этабында облустун сынактык комиссиясы райондон жеңип чыккандардын ичинен эки талапкерди (айыл өкмөтүн) тандап алат жана талапкерди тандап алуу тууралуу чечим (протокол) жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын дарегине жиберилет.
Сынактын экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча комиссиянын эң жогорку баллына ээ болгон ар бир облустан эки талапкер (айыл өкмөтү) тандалып алынат жана талапкерди тандап алуу тууралуу чечим (протокол) жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын дарегине жиберилет.
Сынактын экинчи этабы сынактын биринчи этабы бүткөндөн он күн өткөндөн кийин бир айлык мөөнөттө өткөрүлөт.
15. Жалпы мамлекеттик сынактык комиссия облустардан берилген материалдарды карап чыгат жана айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт.
4. Сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо
16. Сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо айыл өкмөтүнүн ишин баалоо критерийлеринин матрицасына ылайык жүргүзүлөт.
17. Айыл өкмөтүнүн ишинин жалпы баасы ар бир багыт боюнча индикаторлордун маанилерин суммалоо жолу менен аныкталат. Сынактын үчүнчү этабынын жеңүүчүсү болуп комиссиянын эң жогорку баллына ээ болгон айыл өкмөтү саналат.
18. "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жыйынтыктарын чыгарууда биринчи, экинчи, үчүнчү орундар берилет.
19. "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө чечим жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 токтомунун редакциясына ылайык)
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына
жалпы мамлекеттик конкурс өткөрүү
тартиби жөнүндө жобого
1-тиркеме
"Эң мыкты айыл өкмөтү" конкурсуна айыл
өкмөтүнүн катышуусуна арыздын формасы
Айыл аймагынын аталышы ___________________________________________
Айыл өкмөтүнүн башчысы ___________________________________________
(Аты-жөнү)
Калктын саны _____________________________________________________
Жооптуу адам _____________________________________________________
(Аты-жөнү)
Телефон: ____________________ Электрондук дарек: _________________
Факс: ____________________________________________________________
Айыл өкмөтүнүн почта дареги: _____________________________________ _______________________________________________________________________
Айыл өкмөтүнүн башчысы: __________________________________________
(колу)
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына
жалпы мамлекеттик конкурс өткөрүү
тартиби жөнүндө жобого
2-тиркеме
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына конкурстук
тандоону жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн ишин
баалоо критерийлеринин
МАТРИЦАСЫ
┌───┬────────────┬────────────┬─────────────────────────────────────────┬────┐
│ N │Критерийлер-│Индикаторлор│ Баллдар │ Баа│
│ │дин аталышы │ │ │ │
├───┴────────────┴────────────┴─────────────────────────────────────────┴────┤
│ Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча критерийлер жана индикаторлор │
├───┬─────────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┬────┤
│1 │Социалдык кызматтар │ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ │
├───┼────────────┬────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│1.1│Саламаттык │Саламаттык │Өткө- │Өткөрүп│Кээде │Өткөрүп│Толук │ │
│ │сактоо │сактоо │рүлбөйт│жиберүү│өткөрү-│жиберүү│кандуу │ │
│ │секторун │секторун │ │(балл │лөт │(балл │өткөрүлөт│ │
│ │колдоо │колдоо │ │коюл- │ │коюл- │(уюмдун │ │
│ │боюнча иш │боюнча │ │байт) │ │байт) │имараты, │ │
│ │чараларды │өткөрүлгөн │ │ │ │ │жанаша │ │
│ │уюштуруу │иш-чаралар- │ │ │ │ │жаткан │ │
│ │ │дын саны │ │ │ │ │инф- │ │
│ │ │(саламаттык │ │ │ │ │ратүзүм │ │
│ │ │сактоо │ │ │ │ │мамлекет-│ │
│ │ │уюмдарынын │ │ │ │ │тик │ │
│ │ │инфраструк- │ │ │ │ │стандарт-│ │
│ │ │турасын │ │ │ │ │тарга │ │
│ │ │жакшыртуу, │ │ │ │ │шайкеш │ │
│ │ │кызмат │ │ │ │ │келет, │ │
│ │ │орундарында │ │ │ │ │кызмат │ │
│ │ │кармап калуу│ │ │ │ │орунда- │ │
│ │ │максатында │ │ │ │ │рында │ │
│ │ │медициналык │ │ │ │ │кармап │ │
│ │ │кадрларга │ │ │ │ │калуу │ │
│ │ │турак │ │ │ │ │максатын-│ │
│ │ │жай-тиричили│ │ │ │ │да │ │
│ │ │шарттарын │ │ │ │ │медицина-│ │
│ │ │түзүү) │ │ │ │ │лык │ │
│ │ │ │ │ │ │ │кадрларга│ │
│ │ │ │ │ │ │ │турак │ │
│ │ │ │ │ │ │ │жай- │ │
│ │ │ │ │ │ │ │тири- │ │
│ │ │ │ │ │ │ │чилик │ │
│ │ │ │ │ │ │ │шарттары │ │
│ │ │ │ │ │ │ │толук │ │
│ │ │ │ │ │ │ │түзүлгөн)│ │
├───┼────────────┼────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│1.2│Калктын │Ичүүчү суу │10%га │20%га │50%га │70%га │100%га │ │
│ │ичүүчү суу │менен │чейин │чейин │чейин │чейин │чейин │ │
│ │менен │камсыздалган│ │ │ │ │ │ │
│ │камсыздалы- │калктын │ │ │ │ │ │ │
│ │шынын │саны, % │ │ │ │ │ │ │
│ │деңгээли │ │ │ │ │ │ │ │
├───┼────────────┼────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│1.3│Өткөн жылга │Жакыр │Жакыр │Жакыр │Жакыр │Жакыр │Жакыр │ │
│ │салыштырма- │үй-бүлөлөр- │үй- │үй- │үй- │үй- │үй- │ │
│ │луу │дүн санынын │бүлө- │бүлө- │бүлө- │бүлө- │бүлөлөр- │ │
│ │кедейлик │төмөндөө │лөрдүн │лөрдүн │лөрдүн │лөрдүн │дүн │ │
│ │деңгээлинин │динамикасы │саны │санынын│санынын│санынын│санынын │ │
│ │төмөндөө │(ККЭТД+ │кө- │төмөн- │төмөн- │төмөн- │төмөндөшү│ │
│ │динамикасы │КЭТЧ+КЧ │бөйүүдө│дөө │дөшү │дөшү │10%дан │ │
│ │ │боюнча │ │динами-│5%га │10%га │жогору │ │
│ │ │суммада) │ │касы │чейин │чейин │ │ │
│ │ │ │ │жок │ │ │ │ │
├───┼────────────┼────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│1.4│Коомдук │Коомдук │Коомдук│Коомдук│Коомдук│Коомдук│Коомдук │ │
│ │жайларды │жайлардын │жайлар │жайлар │жайлар │жайлар │жайлар │ │
│ │көрктөндүрүү│абалы │жок │иште- │бир аз │иштейт,│иштейт, │ │
│ │жана │(сейилбак- │ │бейт │иштейт,│сейил- │сейилбак │ │
│ │жашылданды- │тар, эс алуу│ │ │толук │бак │зонасы │ │
│ │руу │зоналары, │ │ │эмес │зонасы-│жана │ │
│ │ │спорт │ │ │жашыл- │нын │жашылдан-│ │
│ │ │курулмалары)│ │ │данды- │абалы │дыруунун │ │
│ │ │ │ │ │рылган │канаат-│абалы │ │
│ │ │ │ │ │ │танды- │жакшы │ │
│ │ │ │ │ │ │раарлык│ │ │
├───┼────────────┼────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│1.5│Тиричилик │КТТ чогултуу│КТТ │КТТ │КТТ │КТТ │КТТ │ │
│ │таштандылар-│боюнча │чогул- │чогул- │чогул- │чогул- │чогултуу │ │
│ │ды │кызматтын │туу │туу │туу │туу │жана │ │
│ │чогултууну, │болушу жана │жана │дайыма │дайыма │дайыма │утилдеш- │ │
│ │ташып │аткаруу │кайра │эмес, │жүргү- │жүргү- │тирүү │ │
│ │чыгууну жана│сапаты │иштетүү│таштан-│зүлөт, │зүлөт, │боюнча │ │
│ │утилдешти- │ │боюнча │ды │таштан-│таштан-│атайын │ │
│ │рүүнү │ │кызмат │жайлар │ды │ды │кызмат │ │
│ │уюштуруу │ │жок, │баш- │жайлар │полиго-│бар, КТТ │ │
│ │ │ │таштан-│аламан │баш- │ну │чогултуу │ │
│ │ │ │ды жай │ │аламан │ченем- │дайыма │ │
│ │ │ │жок │ │ │дерге │жүргүзү- │ │
│ │ │ │ │ │ │жооп │лөт, │ │
│ │ │ │ │ │ │бербейт│таштанды │ │
│ │ │ │ │ │ │ │полигону │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ченемдер-│ │
│ │ │ │ │ │ │ │ге жооп │ │
│ │ │ │ │ │ │ │берет │ │
├───┼────────────┼────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│1.6│Маданий-эс │Маданий │Маданий│Маданий│Маданий│Маданий│Маданий │ │
│ │алуу жана │объекттердин│объект-│объект-│объект-│объект-│объекттер│ │
│ │спорттук │бар болушу, │тер жок│тер │тер │тер │толук │ │
│ │иш-чаралар │абалы │ │иште- │толук │жетиш- │иштейт, │ │
│ │чөйрөсүндө │ │ │бейт │эмес │түү │кызыкчы- │ │
│ │кызмат │ │ │ │иштейт,│дең- │лыктар │ │
│ │көрсөтүүнү │ │ │ │имарат-│гээлде │боюнча │ │
│ │уюштуруу │ │ │ │тар │иштейт,│ийримдер │ │
│ │ │ │ │ │жана │имарат-│бар, │ │
│ │ │ │ │ │курул- │тар │имарат- │ │
│ │ │ │ │ │малар- │жана │тардын │ │
│ │ │ │ │ │дын │курул- │абалы │ │
│ │ │ │ │ │абалы │малар- │жакшы │ │
│ │ │ │ │ │канаат-│дын │ │ │
│ │ │ │ │ │танды- │абалы │ │ │
│ │ │ │ │ │раарлык│канаат-│ │ │
│ │ │ │ │ │эмес │танды- │ │ │
│ │ │ │ │ │ │раарлык│ │ │
├───┼────────────┼────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│1.7│Коомдук │Кылмыштуу- │Төмөн- │5%га │10%га │20%га │20%дан │ │
│ │тартипти │луктун жалпы│дөө │чейин │чейин │чейин │жогору │ │
│ │сактоо │деңгээлинин │динами-│ │ │ │ │ │
│ │ │көрсөткүчтө-│касы │ │ │ │ │ │
│ │ │рүнүн │жок │ │ │ │ │ │
│ │ │төмөндөшү, %│ │ │ │ │ │ │
├───┼────────────┴────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴─────────┼────┤
│ │Социалдык кызматтар боюнча индикаторлордун жыйынтык баасы: │ │
├───┼─────────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┼────┤
│2 │Экономиканы өнүктүрүү │ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ │
│ │үчүн шарттарды түзүү │ │ │ │ │ │ │
├───┼────────────┬────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│2.1│Ишкердиктин │Жаңы │Жаңы │Жаңы │Жаңы │Жаңы │Жаңы │ │
│ │активдүүлү- │ишканалардын│ишкана-│ишкана-│ишкана-│ишкана-│ишкана- │ │
│ │гүнүн өсүшү │өсүү │лардын │лардын │лардын │лардын │лардын │ │
│ │ │динамикасы, │санынын│санынын│санынын│санынын│санынын │ │
│ │ │% │өсүү │өсүшү │өсүшү │өсүшү │өсүшү │ │
│ │ │ │динами-│(10%га │(20%га │(50%га │(50%га │ │
│ │ │ │касы │чейин) │чейин) │чейин) │чейин) │ │
│ │ │ │жок │ │ │ │ │ │
├───┼────────────┼────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│2.2│Ишкердиктин │Өткөн жылга │Жаңы │Жаңы │Жаңы │Жаңы │Жаңы жеке│ │
│ │активдүүлү- │салыштырма- │жеке │жеке │жеке │жеке │ишкерлер-│ │
│ │гүнүн өсүшү │луу жаңы │ишкер- │ишкер- │ишкер- │ишкер- │дин │ │
│ │ │жеке │лердин │лердин │лердин │лердин │санынын │ │
│ │ │ишкерлердин │санынын│санынын│санынын│санынын│өсүү │ │
│ │ │санынын өсүү│өсүү │өсүү │өсүү │өсүү │динамика-│ │
│ │ │динамикасы, │динами-│динами-│динами-│динами-│сы │ │
│ │ │% │касы │касы │касы │касы │(20%дан │ │
│ │ │ │жок │(5%га │(10%га │(20%га │жогору) │ │
│ │ │ │ │чейин) │чейин) │чейин) │ │ │
├───┼────────────┼────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│2.3│Муниципалдык│ММди │Жерги- │Жерги- │Жерги- │Жерги- │Жергилик-│ │
│ │жерлер менен│натыйжалуу │ликтүү │ликтүү │ликтүү │ликтүү │түү │ │
│ │бирге │башкаруудан │бюджет-│бюджет-│бюджет-│бюджет-│бюджеттин│ │
│ │муниципалдык│жергиликтүү │ке │тин │тин │тин │кирешеси │ │
│ │менчикти │бюджетке │түшкөн │киреше-│киреше-│киреше-│өстү │ │
│ │натыйжалуу │түшкөн │киреше-│си өстү│си өстү│си өстү│(25%дан │ │
│ │башкаруу │кирешелер- │лердин │(5%га) │(15%га)│(25%га)│жогору) │ │
│ │ │дин өсүү │өсүү │ │ │ │ │ │
│ │ │динамикасы, │динами-│ │ │ │ │ │
│ │ │% │касы │ │ │ │ │ │
│ │ │ │жок │ │ │ │ │ │
├───┼────────────┼────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│2.4│Инвестиция- │Социалдык │Социал-│Социал-│Социал-│Социал-│Социалдык│ │
│ │ларды тартуу│чөйрөгө │дык │дык │дык │дык │инвести- │ │
│ │үчүн │тартылган │инвес- │инвес- │инвес- │инвес- │циялардын│ │
│ │шарттарды │инвестиция- │тиция- │тиция- │тиция- │тиция- │көлөмү │ │
│ │түзүү │лардын │лардын │лардын │лардын │лардын │өстү │ │
│ │ │көлөмүнүн │өсүү │көлөмү │көлөмү │көлөмү │(20%дан │ │
│ │ │өсүү │динами-│өстү │өстү │өстү │жогору) │ │
│ │ │динамикасы │касы │(5%га) │(10%га)│(20%га)│ │ │
│ │ │ │жок │ │ │ │ │ │
├───┼────────────┴────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴─────────┼────┤
│ │Экономикалык маселелер боюнча индикаторлордун жыйынтык баасы: │ │
├───┼─────────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┼────┤
│3 │Натыйжалуу финансылык │ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ │
│ │башкаруу │ │ │ │ │ │ │
├───┼────────────┬────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│3.1│Чыгымдоо │Жергиликтүү │Менчик │Менчик │Менчик │Менчик │Менчик │ │
│ │милдеттерин │бюджеттин │киреше-│киреше-│киреше-│киреше-│кирешенин│ │
│ │каржылоонун │өздүк │нин │нин │нин │нин │өсүшү │ │
│ │натыйжалуу- │кирешесинин │өсүш │өсүшү │өсүшү │өсүшү │(30%дан │ │
│ │лук │өсүшү │динами-│(10%га │(20%га │(30%га │жогору) │ │
│ │деңгээлин │(трансферт- │касы │чейин) │чейин) │чейин) │ │ │
│ │жогорулатуу │терден │жок │ │ │ │ │ │
│ │ │тышкары), % │ │ │ │ │ │ │
├───┼────────────┼────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│3.2│Финансылык │Ачыктыкты │Учурда-│Учурда-│Тактада│Такта- │Такталар-│ │
│ │башкаруунун │камсыздоонун│гы │гы │маалы- │ларда │да │ │
│ │ачыктык │колдонулган │бюджет,│бюджет,│маттын │маалы- │маалымат-│ │
│ │деңгээлин │механизмде- │бюджет-│бюджет-│болушу,│маттын │тын │ │
│ │жогорулатуу │ринин саны │тин │тин │БКСны │болушу,│болушу, │ │
│ │ │ │долбоо-│долбоо-│иштеп │БКСны │БКСны │ │
│ │ │ │ру, │ру, │чыгуу │иштеп │иштеп │ │
│ │ │ │бюджет-│бюджет-│жана │чыгуу │чыгуу │ │
│ │ │ │ти │ти │жайыл- │жана │жана │ │
│ │ │ │атка- │атка- │туу │жайыл- │жайылтуу,│ │
│ │ │ │руу, │руу, │ │туу, │бюджет │ │
│ │ │ │мамле- │текше- │ │бюджет │боюнча │ │
│ │ │ │кеттик │рүүнүн │ │боюнча │коомдук │ │
│ │ │ │орган- │жыйын- │ │коомдук│угууларды│ │
│ │ │ │дар │тыктары│ │угуу- │өткөрүү │ │
│ │ │ │жүр- │жөнүндө│ │ларды │(долбоор,│ │
│ │ │ │гүзгөн │маалы- │ │өткөрүү│аткаруу),│ │
│ │ │ │текше- │маттын │ │ │жергилик-│ │
│ │ │ │рүүлө- │тактада│ │ │түү │ │
│ │ │ │рүнүн │илиниши│ │ │коомдош- │ │
│ │ │ │жыйын- │(толук │ │ │туктардын│ │
│ │ │ │тыктары│эмес) │ │ │керектөө-│ │
│ │ │ │жөнүндө│ │ │ │лөрүн │ │
│ │ │ │маалы- │ │ │ │иликтөө- │ │
│ │ │ │матты │ │ │ │нүн │ │
│ │ │ │алуу │ │ │ │жыйын- │ │
│ │ │ │мүмкүн │ │ │ │тыктары │ │
│ │ │ │эмес │ │ │ │боюнча │ │
│ │ │ │ │ │ │ │бюджетти │ │
│ │ │ │ │ │ │ │иштеп │ │
│ │ │ │ │ │ │ │чыгуу │ │
├───┼────────────┴────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴─────────┴────┤
│ │Финансы индикаторлору боюнча жыйынтык баасы: │
├───┼────────────┬────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┬────┤
│4 │Чечим кабыл алуу │ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ │
│ │процессине жарандардын │ │ │ │ │ │ │
│ │катышуусу үчүн шарттарды │ │ │ │ │ │ │
│ │түзүү │ │ │ │ │ │ │
├───┼────────────┬────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│4.1│Башкаруу │Чечим кабыл │Иш- │Өткө- │Иш- │Иш- │Иш- │ │
│ │маселелерине│алуу │чаралар│рүлгөн │чара- │чара- │чаралар- │ │
│ │жарандарды │процесстери-│өткө- │иш- │лардын │лардын │дын саны │ │
│ │тартуу │не │рүлбөйт│чара- │саны │саны │көбөйдү │ │
│ │деңгээли │жарандарды │ │лардын │көбөйдү│көбөйдү│(20%дан │ │
│ │ │тартуу │ │саны │(10%га │(20%га │жогору) │ │
│ │ │боюнча │ │өзгөр- │чейин) │чейин) │ │ │
│ │ │иш- │ │гөн жок│ │ │ │ │
│ │ │чаралардын │ │ │ │ │ │ │
│ │ │өсүү │ │ │ │ │ │ │
│ │ │динамикасы │ │ │ │ │ │ │
│ │ │(айылдык │ │ │ │ │ │ │
│ │ │жыйындар, │ │ │ │ │ │ │
│ │ │коомдук │ │ │ │ │ │ │
│ │ │угуулар, │ │ │ │ │ │ │
│ │ │курултайлар │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ж.б.), % │ │ │ │ │ │ │
│ │ │менен │ │ │ │ │ │ │
├───┼────────────┼────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│4.2│ЖӨБОнун │ЖӨБОнун иши │Маалы- │Өткөрүп│Маалы- │Өткөрүп│Маалымат │ │
│ │карамагында-│жөнүндө │мат │жиберүү│мат │жиберүү│тактасы │ │
│ │гы │калктын │тактасы│ │тактасы│ │жакшы │ │
│ │маалыматты │маалымдуулу-│жок │ │бар, │ │абалда, │ │
│ │алууну │гунун │ │ │маалы- │ │маалымат │ │
│ │камсыздоо │деңгээли │ │ │мат │ │жаңырты- │ │
│ │деңгээли │ │ │ │жаңыр- │ │лып турат│ │
│ │ │ │ │ │тылбайт│ │ │ │
├───┼────────────┴────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴─────────┼────┤
│ │Калк менен өз ара аракеттенүү деңгээли боюнча индекаторлордун │ │
│ │жыйынтык баасы: │ │
├───┴───────────────────────────────────────────────────────────────────┴────┤
│ 2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча │
│ критерийлер жана индикаторлор │
├───┬─────────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┬────┤
│5 │Экономиканы өнүктүрүү │ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ │
│ │үчүн шарттарды түзүү │ │ │ │ │ │ │
├───┼────────────┬────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼─────────┼────┤
│5.1│Мамлекеттик │Жерлерди │Инвес- │Инвес- │Инвес- │Инвес- │Инвести- │ │
│ │жерлерди │калыбына │тиция- │тиция- │тиция- │тиция- │циялардын│ │
│ │натыйжалуу │келтирүүгө │лардын │лардын │лардын │лардын │көлөмүнүн│ │
│ │башкаруу │инвестиция- │көлөмү-│көлөмү-│көлөмү-│көлөмү-│өсүшү │ │
│ │(АЧЖМФ + │лардын │нүн │нүн │нүн │нүн │(30%дан │ │
│ │жайыттар) │көлөмүнүн │өсүү │өсүшү │өсүшү │өсүшү │жогору) │ │
│ │ │өсүшү, % │динами-│(10%га)│(20%га)│(30%га)│ │ │
│ │ │ │касы │ │ │ │ │ │
│ │ │ │жок │ │ │ │ │ │
├───┼────────────┴────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴─────────┼────┤
│ │Экономикалык маселелер боюнча индекаторлордун жыйынтык баасы: │ │
├───┼───────────────────────────────────────────────────────────────────┼────┤
│ │Айыл өкмөтүнүн ишинин жалпы баасы │ │
└───┴───────────────────────────────────────────────────────────────────┴────┘
Эскертүү:
Калкынын саны аз кээ бир айыл өкмөтүндө (объективдүү себептер боюнча) болгон инфратүзүмдөр тийиштүү критерийлерге толук жооп бере албайт. Ушуга байланыштуу, критерийлердеги теңсиздикти теңдөө максатында комиссия мүчөлөрүндө арызда коюлуучу баллдын коэффициенттерин 1,5ке барабар жогорулатуу менен түзөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эле учурда критерий боюнча жалпы балл 5 баллдан жогору болбошу керек.
Бул коэффициент калкынын саны 5000 адамдан ашык эмес айыл өкмөттөрү үчүн, ошондой эле төмөнкү критерийлерди баалоо үчүн колдонулат:
- коомдук жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
- тиричилик таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана утилдештирүүнү уюштуруу;
- муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу.
Конкурстун жыйынтыгын чыгарууда айыл өкмөтүнүн өзгөчө шарттары (жаратылыштык-климаттык, алыстыгы) эске алынат жана ар бир баалоочу критерийлер боюнча түзөтүү коэффициенттери киргизилет.
Сөздүк
ККЭТД - керектөөнүн кепилденген эң төмөнкү деңгээли
КЧ - кедейчиликтин чеги
КЭТЧ - кедейчиликтин эң төмөнкү чеги
ККЭТД - керектөөнүн кепилденген эң төмөнкү деңгээли
КТТ - катуу тиричилик таштандылары
БКС - бюджеттин кыска сүрөттөлүшү
АКБТ - айылдын керектөөлөрү менен бирге таанышуу
ЖӨБО - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
АЧЖМФ - Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду
MM - муниципалдык менчик