Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-марты № 142
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 359, 2025-жылдын 27-июнундагы № 369 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө", 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" жарлыктарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 5-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча" деген сөздөр "Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пунктундагы "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6, 8-пункттарындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 19-пунктундагы "Өкмөтүнүн буйругу" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин тескемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 369 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 359 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |