КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-декабры № 728
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
10-февралындагы № 86 “Бажы контролунун зоналарында видео байкоо тутумун жайгаштыруу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 86 “Бажы контролунун зоналарында видео байкоо тутумун жайгаштыруу боюнча талаптарына бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы контролунун зоналарында видео байкоо жүргүзүү тутумун жайгаштыруу боюнча талаптарда:
- 11-пунктундагы “бир календарлык жыл” деген сөздөр “үч ай” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |