Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 6 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 251 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Фонддун милдеттери жана функциялары
3. Фондунун укуктары
4. Фонддун түзүмү жана башкаруу органдары
5. Фонддун каражаттарын түзүүнүн булактары
6. Корутунду жоболор
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун (мындан ары - Фонд) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Фонд бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер жана башка кредиттер боюнча мамлекеттик карыз каражаттарды эсепке алууга, талдоого жана кайтарып берүүнү камсыз кылууга өзгөчө укуктуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмчөсү болуп саналат жана пайда табууну өз ишинин негизги максаты катары эсептебейт.
3. Фонд республиканын облустук жана райондук борборлорунда өзүнүн аймактык органдарына ээ. Фонддун облустук жана райондук органдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен жоболордун негизинде иштейт жана Фонддун атынан өзүнүн ишин ишке ашырат.
4. Фонд өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Фонд өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелери, финансы-кредиттик жана камсыздандыруу мекемелери жана Кыргыз Республикасынын ишкердик ишинин субъекттери менен өз ара аракетте уюштурат.
6. Фонд юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана аталышы кыргыз жана орус тилдеринде жазылган мөөрү, ошондой эле банкта улуттук жана чет өлкөлүк валютада өзүнчө эсеп-чоту бар.
7. Фондун карамагындагы мүлк Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат жана ушул Жободо каралган, Фонддун максаты менен милдеттерин камсыз кылуу үчүн гана пайдаланылат.
2. Фонддун милдеттери жана функциялары
8. Фонддун негизги милдеттери:
- бюджетгак ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер, башка булактардын эсебинен берилген кредиттер боюнча мамлекеттик карыз каражаттарды эсепке алуу, талдоо жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуу (анын ичинде келишимдик негизде);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан чарба жүргүзүүчү субъекттер менен кредиттик документтерди тариздөө болуп саналат.
9. Фонддун негизги функциялары:
- бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер, башка булактардын эсебинен берилген кредиттер боюнча мамлекеттик карыз каражаттардын эсебин, талдоону жүргүзүү жана карыз алуучунун ведомстволук таандыктуулугуна жана менчиктин түрүнө карабастан аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуу;
- бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк кредиттер жана башка булактардын эсебинен берилген кредиттер түрүндө чарба жүргүзүүчү субъекттерге берилген мамлекеттик карыз каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн контролдук жүргүзүү;
- карыз алуучунун милдеттенмелерин күрөө менен камсыз кылуу боюнча келишимдик мамилелерди тариздөө;
- жоготуу, бүлүнүү тобокелчилигинен же базар коньюнктурасынын өзгөрүшү, суроо-талаптын жана баалардын түшүүсүнө байланышкан башка тобокелчиликтерден коопсуздукту камсыздоо үчүн күрөөгө кабыл алынган мүлктүн эсебин алуу жана контролдоо;
- карыз алуучунун тийиштүү милдеттенмелерин канааттандыруу үчүн күрөөнүн наркынын жетиштүүлүгүн аныктоо;
- күрөөгө коюлган мүлктү сатуу үчүн базар баасын иликтөө;
- өзүнүн иш чөйрөсүндө ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине сунуштарды киргизүү;
- өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин карыз алуучу тарабынан өз убагында аткарылышына контролдук жүргүзүү;
- ссудалык карызды тындыруунун салыштырып-текшерүү актысын карыз алуучулар менен биргеликте даярдоо жана тариздөө;
- келишимдик милдеттенмелерди инвентаризациялоо, карыздарды алардын кайтарымдуулугуна жараша бөлүштүрүү жана карыздарды кайра структуралоо боюнча сунуштарды киргизүү;
- маалыматтык системаларды киргизүү жана өзүнүн ишиндеги маселелер боюнча маалымат базасын түзүү;
- айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана өнөр жай ишканалары менен бирдикте товардык кредит катары өнөр жай ишканасына же башка айыл чарба өндүрүүчүгө айыл чарба өндүрүүчүсүнүн карыз каражаттары боюнча карызын которуу катары айыл чарба продукцияларын акыркы же башка айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө өткөрүп берүүнү камсыз кылууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
3. Фондунун укуктары
10. Фонд төмөндөгүлөргө укуктуу:
- карыз каражаттарды тындыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында карыз алуучулардын экономикалык жана финансылык ишмердигине мониторинг жүргүзүүгө жана талдоого;
- чарба жүргүзүүчү субъекттерге бөлүнүүчү каражаттарды максаттуу пайдалануу предметине маалыматтарды сурап алууга;
- талдоонун негизинде андан ары каржылоону токтотуу жөнүндө же белгиленген тартипте карызкорлор тарабынан милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткаруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- карызды тындыруунун бекитилген графигин бузган учурда карызкордон отчетторду, баланстарды, өздөрүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн ырастаган документтерди талап кылууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги түзгөн кредиттик келишимдер боюнча алынган бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарды карызкорлордон өндүрүп алуу жөнүндө доо коюуга жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздар болгондо карызкорлорго карата башка укуктук аракеттерди көрүүгө;
- карызкорлордун күрөөгө коюлган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн мыйзамда белгиленген тартипте өндүрүп алууга;
- карызкорду банкрот деп табуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга;
- бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк жана товардык кредиттер, ошондой эле чет мамлекеттердин гранттарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун каражатынын эсебинен берилген кредиттер боюнча мамлекеттик карыз каражаттарды тындыруу эсебине өндүрүп алынган мүлктү сатуу боюнча торуктарды жана аукциондорду өткөрүүгө;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин же башка жактардын банкроттуулук процессинде карызкорлордон, соттук аткаруу кызматтарынын бөлүмдөрүнүн соттук аткаруучуларынан, администраторлордон мыйзамда каралган тартипте күрөөгө коюлган же башка мүлктү аны кийин ээликтен ажыратуу укугу менен карыздарды тындыруу эсебине кабыл алууга;
- белгиленген тартипте чарба жүргүзүүчү субъекттердин карыздарын кайтарып алуу боюнча өзгөчө маанилүү маселелерди карап чыгууда жана кызмат көрсөтүүгө акы төлөө менен ченемдик-укуктук актылардын жана келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууда эксперттерди, адистерди жана мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин өкүлдөрүн тартууга;
- Фонддун иш-аракетине байланыштуу маселелер боюнча адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн курстарга жиберүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык баалуу кагаздар менен аткарымдарды жасоого;
- Фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешмелерди жана семинарларды өткөрүүнү уюштурууга;
- Фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтердин, ведомстволордун коллегияларынын жана башка чарба жүргүзүүчү органдардын ишине катышууга;
- белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алууга жана ижарага алууга, юридикалык жана жеке жактар менен башка жарандык-укуктук мамилелерге кирүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Фонддун максаттарына жана милдеттерине карама-каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка иш-аракеттерди ишке ашырууга.
4. Фонддун түзүмү жана башкаруу органдары
11. Фондду башкарууну Фонддун коллегиясы, Фонддун директору ишке ашырат.
12. Фонддун түзүмү борбордук аппараттан жана аймактык органдардан турат.
13. Фонддун коллегиясынын курамына кызматы боюнча директор (коллегиянын төрагасы), анын орун басарлары жана Фонддун жооптуу кызматкерлери кирет.
Коллегиянын саны жана жекече курамы (анын курамына кызматы боюнча киргендерден тышкары) Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан бекитилет.
Фонддун коллегиясынын чечими добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат жана коллегиянын төрагасы тарабынан кол коюлган токтом менен таризделет. Фонддун коллегиясынын отурумдары, эгерде аларга анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу болот. Добуштар тең болгондо төрагалык кылуучу добуш берген чечим бекитилет.
14. Фондду директор башкарат. Директор Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басарлары Фонддун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
15. Фонддун коллегиясы:
- Фонддун ички документтерин, түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жобону, методикалык иштеп чыгууларды жана сунуштарды бекитет;
- Фонддун ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кароосуна берет;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кароосуна аткарылган иши (финансылык отчетторду кошкондо ) жөнүндө отчет берет;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин кароосуна Фонддун аймактык органдарын, филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана Фонддун башка ишканалары менен уюмдарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды берет;
- Фонддун региондук органдарынын жетекчилеринин отчетторун угат жана кабыл алат;
- Фонддун ишинин ревизиясынын натыйжаларын карап чыгат;
- Фонд үчүн өзгөчө маанилүү болгон дагы башка бардык маселелерди карайт;
- Фонддун иш-аракети үчүн жоопкерчилик тартат.
16. Фондун учурдагы жетекчилигин Фонддун директору ишке ашырат.
17. Фонддун директору:
- Фонддун ишин уюштурат жана Фондго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чектүү штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чегинде Фонддун штаттык расписаниесин, түзүмүн жана иш тартибин Кыргыз Республикасынын финансы министрине бекитүүгө берет;
- Фонддун директорунун орун басарларын жана Фонддун аймактык органдарынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө финансы министрине сунуш киргизет;
- белгиленген тартипте Фонддун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет мамлекеттердин коомдук жана эл аралык уюмдары, юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде Фонддун укугун жана мыйзамдык кызыкчылыгын көрсөтөт;
- Фонддун атынан ишеним катсыз бүтүмдөрдү түзөт;
- Фонддун кызматкерлерин сыйлоо, социалдык мүнөздөгү төлөмдөр менен сыйлоо, материалдык сыйлоо жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын финансы министрине бекитүүгө берет;
- Фонддун кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Фонддун акча каражаттарын кошкондо Фонддун мүлкүн башкарат;
- Фонддун кызматкерлери жана анын аймактык органдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен тышкары же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Жобону жана Фонддун аймактык органы жөнүндө жобону бузуу менен чыгарылган фонддун аймактык органдарынын жетекчилеринин актыларын жокко чыгарууга укуктуу;
- белгиленген тапшырмаларды, иш-чараларды жана кызматтык милдеттерин өз учурунда жана сапаттуу аткаргандыгы үчүн, өзгөчө маанилүүлүктөгү жана татаалдыктагы атайын тапшырмаларды ак ниет аткаргандыгы үчүн, негизги ишинин сапаттуу натыйжалары үчүн, отчеттук мезгилдеги жыйынтыгы боюнча Фонддун ишинин жалпы жыйынтыгы үчүн персоналды сыйлоону жүргүзөт. Сый акыларды төлөө Фонддун каражаттарынын эсебинен жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен кирешелер жана чыгашалар сметасынын чегинде жүргүзүлөт;
- ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
5. Фонддун каражаттарын түзүүнүн булактары
18. Фонддун каражаттарын түзүүнүн булактары төмөндөгүлөр болуп саналат:
- республикалык бюджетке кайтарылган акчалай каражаттардын аларда мурда берилген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча казыналык системасы жана банк мекемелери аркылуу өткөрүү жолу менен жети пайыз өлчөмүндөгү чегерүүлөр, ал атайын каражаттар болуп саналбайт жана атайын каражаттарга салык алынбайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте эл аралык уюмдар жана башка чет элдик булактар тараптан каржылоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактары;
- Фонддун каражаттары Фонддун аткарымдык жана башка чыгашаларын жабууга, эмгек акыны төлөөгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка төлөмдөргө, Фонддун материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө, Фонддун кызматкерлеринин социалдык жана турак жай муктаждыктарына, кызматкерлерди материалдык стимулдоо жана Фонддун иши менен байланышкан башка максаттарга пайдаланылат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 251 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Фонд депозиттер түрүндө ресурстарды тартуу укугуна ээ эмес.
6. Корутунду жоболор
20. Фонд өзүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчет берет.
21. Фонддун иш аракетин токтотуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган башка учурларда жүргүзүлөт.
22. Фонддун ишин токтотууда, анын иш аракетинин жүрүшүндө түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.