Загрузка документа…
КР өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 6 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 7-майы № 251
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамга негизделген актыларын Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жөнүндө жободо:
18-пунктунун экинчи абзацындагы ", ал атайын каражаттар болуп саналбайт жана атайын каражаттарга салык алынбайт" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
|
|