Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-декабры № 865
"Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
"Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 395-б.) төмөнкү толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкү мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:
"туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ашырууну жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы".
2. 2-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Туризм жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Туризм жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамдын негизинде кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде, ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.".
3. 3-статьяда "туризмди башкаруунун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарынын" деген сөздөр "туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 8-статьянын 1-бөлүгүндөгү расмий тилдеги текстте "в севере" деген сөздөр "в сфере" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 10-статьяда:
- 2, 3-бөлүктөрдөгү "Туризмди башкаруучу мамлекеттик орган" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 5-бөлүктөгү "туризмди башкаруучу мамлекеттик орган" деген сөздөр "туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 15-статьяда:
- 1-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Туризм чөйрөсүндөгү адистерди кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн багыттарынын жана адистиктеринин мамлекеттик классификаторунда белгиленген, адистиктер боюнча жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары тарабынан, ошондой эле туристтик индустриянын, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү индустриянын өнүгүшүнүн керектөөлөрүнө ылайык башка адистиктердин бүтүрүүчүлөрүн адистештирүү жолу менен жүргүзүлөт.";
- 2-бөлүктө "туризмди башкаруучу мамлекеттик орган" деген сөздөр "туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Туризм тармагында иштеген кызматкерлерди даярдоо, квалификацияларын жогорулатуу жана стажировкалоо туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга каралган каражаттын жана туристтик иш субъекттеринин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт".
- 4-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
7. 16-17-статьялар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"16-статья. Туризм чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык
Туризм чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
17-статья. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза, жарандык жана администрациялык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте белгиленет".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|