Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-майы № 333
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо, ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментинин башкаруу схемасы, ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө:
- Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментин юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын;
- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| 1-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 333 токтому менен бекитилген |
|
|
1. Жалпы жоболор
2. Департаменттин максаты
3. Департаменттин милдеттери
4. Департаменттин функциялары
5. Департаменттин укуктары
6. Департаменттин ишинин уюштурулушу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемасын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүгү болуп эсептелет.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук башка актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Агенттик) буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп эсептелет, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы алыш-бериш эсеби болот. Мамлекеттик мүлк оперативдик башкаруу укугунда бекитип берилет.
4. Департаменттин уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
5. Департаментти каржылоо республикалык бюджеттик каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Департаменттин расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти";
- орус тилинде: "Департамент развития лесных экосистем Государственного агентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики".
7. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Горький көчөсү, 142.
2. Департаменттин максаты
8. Департаменттин ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондусунун аймагында токой өскөн аянттарды көбөйтүү максатында токой экологиялык системасын сактоо жана өнүктүрүү токой чарбасын сарамжалдуу жүргүзүү эсептелет.
3. Департаменттин милдеттери
9. Департаменттин милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- токой экосистемасынын сапаттуу абалын камсыздоо, республиканын аймагында токойлорду өнүктүрүү, токой тармагын башкаруунун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүү;
- токой ресурстарынын эсебин, абалын баалоону, токой ресурстарды пайдаланууну жөнгө салууну камсыздоо;
- пландалып жаткан башкаруучулук, чарбалык жана башка иштердин токой экосистемасына мүмкүн болгон терс таасирин болтурбоо;
- токой пайдалануучулардын токойду өрттөн жана эреже бузуулардан, зыянкечтерден жана илдеттерден коргоого, биологиялык түрлөрдү сактоого, токой экосистемаларын өнүктүрүүгө, токойдун жыгач жана жыгач эмес ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга багытталган токой чарбалык иш-чараларды жүргүзүүсүнө колдоо көрсөтүүнү камсыздоо;
- маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жана бардык кызыкдар тараптардын экологиялык мааниге ээ чечимдерди кабыл алууга катышуусун камсыздоо.
4. Департаменттин функциялары
10. Департамент коюлган милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
а) тармактык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндө:
- токой тармагын комплекстүү башкаруу, биологиялык түрлөрдү сактоо жана токойду сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- токой чарбасын жүргүзүү, токой ресурстарын коргоо, сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу тармагында нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун, иштелип жаткан мамлекеттик программаларга сунуштарды иштеп чыгат жана Агенттикке киргизет;
- кызыкдар болгон мамлекеттик органдар жана илимий мекемелер менен бирдикте токойдун ресурстарын жана токой фондун сарамжалдуу пайдалануунун, биологиялык түрлөрдү сактоонун мамлекеттик программалардын, аймактык комплекстүү схемалардын стратегиясын жана саясатын иштеп чыгууга катышат;
- Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ошондой эле донорлордун жана эл аралык уюмдардын (финансылык, техникалык) колдоосу менен ишке ашырылчу долбоорлорду жана программаларды аткарууга катышат;
- чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен токой экосистемаларын өнүктүрүү, биологиялык түрлөрдү сактоо, токойду сарамжалдуу пайдалануу жагында белгиленген тартипте кызматташат;
- токой чарбаны жүргүзүүнү, токой ресурстарды корууну, пайдаланууну жана көбөйтүүнү, токойлорду өрттөн, уруксатсыз кыюулардан, токойду зыянкечтерден, илдеттерден жана токойго зыян келтирүүчү башка нерселерден корууну уюштурат;
- кызыкдар тараптарга токойду калыбына келтирүү жана санитардык абалды кармоо боюнча иште, токойлордун күрдүүлүгүн жогорулатуу, калкалоочу жана эрозияга каршы токой тилкелерин жаратуу, ошондой эле социалдык токой өстүрүүнү өнүктүрүү боюнча иштерге көмөк көрсөтөт;
- токой жайгаштырууга жана токойлорду инвентаризациялоого катышат;
б) координациялоо чөйрөсүндө:
- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын жаратылышты коргоочу жана токой мыйзамдарынын талаптарын, токойду пайдалануунун белгиленген эрежелерин жана нормаларын сактоосун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурат;
- токой чарбасын жүргүзүүгө, токой фондун эсепке алууга, токой ресурстарды пайдаланууга жана көбөйтүүгө, токойлорду өрттөн, уруксатсыз кыюулардан корууга, токойдун зыянкечтерден, илдеттерден жана токойго зыян келтирүүчү башка нерселерден корууга ведомстволук контролдоону жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен жаратылышты коргоочу жана токой мыйзамдарынын бузулушун болтурбоо жана токтотуу маселелери боюнча өз ара байланышта иштейт;
в) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- мыйзамда каралган уруксат берүүчү документтерди мыйзамга ылайык берет, токтотот жана жокко чыгарат;
г) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө:
- мыйзамга ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;
д) ишти колдоо чөйрөсүндө:
- токой экосистемаларын жана токой чарбаны өнүктүрүү тармагында инвестицияларды жана технологияларды тартуу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Агенттикке киргизет;
- республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык маалыматтык системалардын алкагында маалыматтарды жыйнайт жана алмашат;
- жаратылыш жана токой жөнүндө билимди үгүттөөнү жана жайылтууну уюштурат, токой экосистемаларын өнүктүрүү жана токой чарбаны жүргүзүүнүн инновациялык формаларын жана методдорун киргизүү тармагында конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды жана башка коммуникациялык иш-чараларды уюштурат.
5. Департаменттин укуктары
11. Департамент өзүнүн функцияларына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- Агенттиктин коллегиясынын жыйынында аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөрдүн жетекчилеринин токой өстүрүү, токойду калыбына келтирүү, токойду коруу жана кайтаруу, токой ресурстарды сактоо жана пайдалануу, технологияларды киргизүү боюнча жана милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жөнүндө отчетторун угуу тууралуу сунуштарды Агенттикке киргизүүгө;
- эгер аларды эксплуатациялоо жаратылышты коргоо мыйзамдарынын, жаратылышты пайдаланууга лицензиялардын жана уруксаттардын талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жатса, мамлекеттик токой фондунун аймагында же жакын аралыкта жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын жана башка объекттердин иштерин токтотууга;
- республиканын токой фондунун аймагында жашаган (өскөн) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтириши мүмкүн болгон жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алып келүүнү, алып чыгууну, кое берүүнү, жайгаштырууну жана климатташтырууну болтурбоо боюнча илимий уюмдар менен макулдашуу боюнча чара көрүүгө;
- мамлекеттик органдардан, коомдук уюмдардан жана бирикмелерден, ошондой эле жеке адамдардан мыйзамда белгиленген тартипте кармалган, алып коюлган же конфискацияланган токойдун мыйзамсыз алынган объекттерин же продукциясын, ошондой эле алардан жасалган буюмдарды сактоо же белгиленген тартипте сатуу үчүн кабыл алууга;
- токой пайдалануучу юридикалык жана жеке жактардан токой экосистемаларынын абалы, токойду көбөйтүү, токойду калыбына келтирүү, токойду коруу жана кайтаруу боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө керектүү маалыматтарды алууга;
- жаратылышты коргоо боюнча татаал маселелерди чечүү жана токой ресурстарды коруу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн илимий-техникалык, эксперттик жана башка кеңештерди, топторду жана комиссияларды түзүүгө;
- токой экосистемаларын өнүктүрүү тармагында илимий изилдөөчү иштерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий изилдөөчү институттарын, ведомстволук институттарды жана башка жогорку окуу жайларды ишке тартууга;
- жаратылышты коргоо боюнча илимпоздордон, коомдук ишмерлерден, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, окуу жайлардын, басма сөздүн өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган консультациялык, коомдук кеңештерди түзүүгө;
- токойчу кошуундардын коомдук (штаттан тышкаркы) тармагын түзүүгө.
Департаменттин жана анын аймактык органдарынын жер-жерлердеги кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик токой фондунун аймагында жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун документтерин, куралдарын (предметтерин) транспорттук каражаттарды, жаратылыштын, анын ичинде жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн мыйзамсыз алынган объекттерин мыйзамда белгиленген тартипте текшерүүгө, кароого, кармоого жана алып коюуга;
- айырмалоо белгилери бар, бекитилген үлгүдөгү форма кийимди кийүү, жана аларга мыйзамда белгиленген тартипте табелдик куралды жана атайын каражаттарды (транспорт, байланыш каражаттары ж.б.) сактоого, алып жүрүүгө жана пайдаланууга.
6. Департаменттин ишинин уюштурулушу
12. Департаментти Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу директор башкарат.
13. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишин жалпы жетектейт жана Департаментке тапшырылган маселелердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот;
- Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен мамиледе Департаменттин атынан чыгат;
- Департаменттин борбордук аппаратынын структурасын, штаттык расписаниесин эмгек акы төлөө фондусунун жана кызматкерлердин сандык чегинин белгиленген нормаларынын чегинде иштеп чыгат жана Агенттикке бекитүүгө киргизет, Департаменттин аймактык бөлүктөрүнүн структурасын, штаттык расписаниесин макулдашат;
- Департаменттин борбордук аппаратынын структуралык бөлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Мамлекеттик кызматтарга кирбеген, Агенттикте дайындалуучу кызмат орундарына кызматкерлерди сунуштайт жана кандидатураларын макулдашат;
- Департаменттин Агенттикте дайындалчу кызмат орундарын кошпогондо, кызматкерлерин кызматка дайындайт;
- Департаменттин кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Департаменттин системасындагы кызматкерлерге карата мыйзамда белгиленген сыйлоо түрлөрүн жана тартиптик жазаларды колдонот;
- тескемелерди жана буйруктарды чыгарат;
- аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөрдүн мыйзамга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Департаменттин системасындагы кызматкерлерди Агенттиктин ведомстволук сыйлыктары, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйлоо жөнүндө сунуш киргизет;
- Департаменттин системасындагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;
- токой экосистемаларын өнүктүрүү боюнча коомдук кеңештердин персоналдык курамын жана алар жөнүндө жоболорду бекитет;
- мыйзамга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
14. Департаментте техникалык кеңеш түзүлөт, анын курамына 5 адам кирет: Департаменттин директору (техникалык кеңештин төрагасы), Агенттиктин өкүлү жана структуралык бөлүктөрдүн башка кызматчылары.
Техникалык кеңештин мүчөлөрүнүн жеке курамын Агенттиктин директору Департаменттин директорунун сунушу боюнча бекитет.
Техникалык кеңеш жөнүндө жобону Агенттиктин директору бекитет.
15. Департаментти жоюу жана кайра түзүү мыйзамда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
16. Иши токтогондо Департаменттин документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.
| 2-тиркеме |
┌──────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө │
│ караштуу Курчап турган чөйрөнү │
│ коргоо жана токой чарбасы │
│агенттигинин Токой экосистемаларын│
│ өнүктүрүү департаменти │
└───────────────┬──────────────────┘
│
┌──────────────────────┐ │ ┌──────────────────────┐
│ Жаңгак токойлорду │ │ │ Токой чарбалар, │
│башкаруунун Жалал-Абад├────┴─────┤ токойчулуктар (өз │
│ региондор аралык │ │ алдынча баланстагы), │
│ башкармасы │ │ токой-аңчылык чарба │
└──────────┬───────────┘ └──────────────────────┘
│
│
┌──────────┴───────────┐
│ Токойду коргоо жана │
│ сактоо станциясы, │
│ жаңгак токойлор өскөн│
│ региондогу токой │
│ чарбалар, │
│ токойчулуктар (өз │
│ алдынча баланстагы), │
│ өз алдынча питомник │
│ (өз алдынча │
│ баланстагы) │
└──────────────────────┘