Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-марты № 173
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментинин ишин регламенттештирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 жана 25-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментин юстиция органдарында белгиленген тартипте кайрадан мамлекеттик каттоодон өткөрүлүшүн камсыздасын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 токтомунун редакциясына ылайык)