Загрузка документа…
| 4-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12, 2013-жылдын 13-июнундагы № 350, 2013-жылдын 5-декабрындагы № 659 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Жер казынасы жөнүндө" жана "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
2. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөмдөрдү (мындан ары - төлөм) Кыргыз Республикасында пайдалуу казындылардын кендерин издөөгө жана/же чалгындоого, жана/же иштетүүгө укук алган жер казынасын пайдалануучулар төлөөгө тийиш.
3. Төлөмдөрдү эсептөө объектиси болуп жер казынасын пайдалануучунун белгилүү бир аймактагы жер казынасын пайдалануу укугу саналат.
4. Пайдалуу казындылардын кендерин издөө жана/же чалгындоо жана/же иштетүүдө төлөмдөрдү эсептөө үчүн база болуп лицензиялык аянттын өлчөмү саналат.
5. Издөө иштеринин лицензиялык аянтынын максималдык өлчөмү чектелбейт.
6. Жер казынасын пайдалануучу лицензиялык аянтты кыскартуу укугуна ээ. Жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кыскартылуучу аянтта аткарылган иш жөнүндө жылдык отчет кабыл алынгандан кийин, бузулган жерлерди рекультивациялоодон кийин аянтты кыскартуу жылына бир жолу жүргүзүлүшү мүмкүн.
7. Пайдалуу казындылардын кендерин издөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөм жылына лицензиялык аянттын квадрат километри үчүн бир эсептик көрсөткүчүнө эселенип белгиленет. Пайдалуу казындылардын кендерин издөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялык аянтты эсептөө үчүн ставканын өлчөмү ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген.
8. Пайдалуу казындылардын кендерин чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөм жылына лицензиялык аянттын гектары үчүн бир эсептик көрсөткүчкө эселенип белгиленет. Пайдалуу казындылардын кендерин чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялык аянтты эсептөө үчүн ставканын өлчөмү ушул Жобонун 2-тиркемесинде келтирилген.
9. Пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүгө лицензияны кармоо үчүн төлөм жылына лицензиялык аянттын гектары үчүн бир эсептик көрсөткүчкө эселенип белгиленет. Пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү укугуна лицензиялык аянтты эсептөө үчүн ставканын өлчөмү ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген.
10. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган лицензиат лицензия алган күндөн тартып 30 календардык күндүн аралыгында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуунун биринчи жылы үчүн төлөмдү төлөшү керек.
11. Андан ары төлөмдү төлөө квартал сайын жүргүзүлөт. Бир жыл үчүн төлөмдөрдүн жалпы өлчөмү айлар боюнча пропорциялуу бөлүштүрүлөт жана лицензиат отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен төлөм төлөп турат.
12. Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы күчүнө киргенге чейин берилген лицензиялар боюнча лицензиялык төлөмдөрдү төлөө өлчөмүн аныктоо үчүн мөөнөттү эсептөө лицензияны биринчи берген күндөн баштап жүргүзүлөт. Мында лицензия иш жүзүндө колдонулган мезгил гана эсепке алынат.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 05-октябрындагы № 13-р чечими
13. Лицензияны кармоо үчүн төлөм киргизилгенге чейин берилген лицензиялар боюнча төлөм Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы күчүнө кирген учурдан баштап алына баштайт жана 2012-жылдын аягына чейин калган убакытка пропорциялуу эсептелет. Андан кийин төлөмдү төлөө жалпы тартипте жүргүзүлөт.
14. Төлөм төлөө тикелей жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине жүргүзүлөт. Мында лицензиялык аянт бир нече административдик-аймактык бирдиктин аймагында жайгашса, төлөм төлөө аталган тигил же бул административдик-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан аймакка пропорциялуу ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебине жүргүзүлөт.
Эгерде лицензиялык аянт же анын бөлүгү айылдык аймактын, шаардын чек араларына кирбесе, анда аталган аянттагы лицензияларды кармоо үчүн төлөмдөр республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
Ушул пункттун ченемдери аймагында лицензиялык аянттар жайгашкан жер участокторунун менчик формаларына карабастан колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350, 2013-жылдын 5-декабрындагы № 659 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Төлөмдү эсептөө жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт жана лицензиялык аянттын жайгашкан орду боюнча салык органына берүүсү үчүн жер казынасын пайдалануучуга берилет. Эгер лицензиялык аянт бир нече административдик-аймактык бирдиктин аймагын камтыса, анда ар бир административдик-аймактык бирдик боюнча өзүнчө тиешелүү түрдө бир нече эсептөө түзүлөт.
Мында эсептөөлөрдү түзүү үчүн жер казынасын пайдалануучулар жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу органга өзүнүн лицензиялык аянттарындагы администрациялык-аймактык бирдиктердин так чек арасын билдирген маалымкатты жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырган мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдан тийиштүү билдирүүнү алган учурдан тартып 30 күндүн ичинде бериши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 токтомунун редакциясына ылайык)
15-1. Эгерде бир лицензиялык аянтта жер казынасын пайдалануучу пайдалуу казылып алынуучу кендин эки же андан ашык түрүн издөөнү, чалгындоону жана иштетүүнү жүргүзсө, лицензияны кармоого төлөмдүн өлчөмү башка пайдалуу казылып алынуучу кендин түрлөрүнө карата эсептөөлөрдү жүргүзүүдө төлөмдүн өлчөмү көп болгон пайдалуу казылып алынуучу кендин бир түрү боюнча гана аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Лицензияны берүүдө жер казынасын пайдалануучуга бир учурда төлөмдүн эсеби берилет.
17. 2014-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик орган ушул Жобонун 13-пунктунда аталган мөөнөт үчүн төлөмдү эсептөөнү жүргүзөт жана аларды лицензияларды алган лицензиаттарга тапшырат.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн учурда, лицензиат ага төлөмдү эсептөө талаптагыдай тапшырылган учурдан тартып 15 календарлык күндүн ичинде төлөмдү төлөөгө милдеттүү. Талаптагыдай тапшыруу деп эсептөөнү лицензиаттын өзүнө же анын өкүлүнө кол койдуруу менен тапшыруу, эсептөөнү заказ кат менен почта боюнча акыркы белгилүү дарегине жиберүү түшүндүрүлөт. Өзүнүн дарегин алмаштырган жана бул жөнүндө лицензиарга кабар бербеген лицензиат, төлөмдү өз убагында төлөбөгөндөгүнүн кесепеттеринин коркунучун өзү тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 659 токтомунун редакциясына ылайык)
18.Төлөмдү төлөө мөөнөтүн 30 календарлык күндөн ашык бузуу, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жер казынасын пайдалануучунун лицензиясын жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 659 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Жер казынасын пайдалануучу квартал сайын жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органга төлөнгөндүгүн ырастаган документтердин көчүрмөсүн тиркөө менен төлөмдүн төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматты берет. Төлөмдү төлөө жөнүндө маалыматты бербөө, төлөмдү төлөбөгөн катары кабыл алынат.
20. Лицензияны кармоо үчүн төлөмдөрдү төлөө төмөнкү учурларда токтотулат:
- лицензия жокко чыгарылган айдан кийинки айдан тартып, жер казынасын пайдалануу укугу токтотулса (лицензия жокко чыгарылса);
- пайдалуу казындыларды казып алуу башталган учурдан тартып, кен казуу иштеринин макулдашылган планында белгиленген пайдалуу казындыларды казып алуунун жылдык көлөмүн 100 пайыз аткаруу шартында.
21. Пайдалуу казындыларды казып алуунун жылдык көлөмү толук эмес аткарылган учурда лицензиат төлөмдү тиешелүү жыл үчүн казуу иштеринин аткарылбай калган көлөмүнө пропорционалдуу болгон суммада төлөөгө милдеттүү.
Эсептөө жылдык отчеттун натыйжалары боюнча жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Лицензиялоонун шарттарында каралган милдеттерди лицензия алуучунун аткаруусуна тоскоол болгон ал жеткис күчтөр жагдайларынын таасири учурунда төлөм эсептелбейт жана төлөнбөйт. Ал жеткис күчтүн мүнөзү, жагдайлары Кыргыз Республикасынын тиешелүү компетенттүү органдарынын маалымкаттары менен ырасталат.
23. Лицензиянын жарактуулугун токтото туруу төлөмдү эсептөөнү жана төлөөнү токтото туруу үчүн негиз болуп саналбайт.
24. Эгер лицензиянын жарактуулугун токтото туруу соттун чечими боюнча мыйзамсыз деп табылса, лицензия токтотулуп турган мезгилде төлөнгөн төлөмдүн суммасы лицензиятка кайтарып берилүүгө тийиш, же алдыдагы төлөмдөрдүн эсебине чегерилиши керек.
25. Төлөмдүн бюджетке туура жана өз убагында төлөнүшүн контролдоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык органдары ишке ашырат.
| Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12, 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Пайдалуу казындылардын түрлөрү боюнча издөө | 1-жылга, ЛКТ 1 кв. кмге МЭК | 2-жылга, ЛКТ 1 кв. кмге МЭК | 3-жылга, ЛКТ 1 кв. кмге МЭК | 4-жылга, ЛКТ 1 кв. кмге МЭК | 5-жылга, ЛКТ 1 кв. кмге МЭК | 6-жылга, ар бир кийинки жылга ЛКТ 50% га жогорулайт |
Рудалык |
|
|
|
|
|
|
Асыл металлдар (алтын, күмүш, платина) жана сейрек кездешүүчү металлдар | 1 | 1 | 5 | 10 | 20 | 30 |
Кендердин чачындысы | 5 | 5 | 10 | 20 | 30 | 45 |
Металлдар | 0,5 | 1 | 2,5 | 5 | 10 | 15 |
Рудалык эмес |
|
|
|
|
|
|
Кум, ылай, кум-шагыл аралашмасы жана башка инерттик тектер | 100 | 100 | 500 | 1000 | 2000 | 3000 |
Зергер жана жасалма таштар | 100 | 100 | 500 | 1000 | 2000 | 3000 |
Көмүр | 10 | 10 | 15 | 20 | 30 | 40 |
Мунай жана газ | 1 | 2 | 2 | 3 | 4 | 6 |
Эскертүү:
1) ЛКТ - лицензияны кармоо үчүн төлөм.
2) МЭК - минималдык эсептик көрсөткүч.
3) Пайдалуу казындыларды издөөдө бешинчи жылдан кийинки ар бир жьшга төлөнүүчү төлөмдүн ставкасынын өлчөмү 50 пайызга жогорулайт.
| Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
Пайдалуу казындылардын түрлөрү боюнча чалгындоо | 1-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 2-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 3-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 4-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 5-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 6-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 7-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 8-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 9-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 10 жана кийинки жылдарга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
Рудалык |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Асыл металлдар (алтын, күмүш, платина) жана сейрек кездешүүчү металлдар | 0,5 | 1 | 2 | 3 | 5 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
Кендердин чачындысы | 1 | 1 | 2 | 4 | 6 | 8 | 15 | 20 | 25 | 30 |
Металлдар | 0,25 | 0,5 | 1 | 1,5 | 2,5 | 4 | 4,5 | 5 | 5,5 | 6 |
Рудалык эмес |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кум, ылай, кум-шагыл аралашмасы жана башка инерттик тектер | 1 | 2 | 6 | 8 | 9 | 12 | 15 | 20 | 25 | 30 |
Зергер жана жасалма таштар | 1 | 2 | 4 | 6 | 8 | 12 | 15 | 20 | 25 | 30 |
Көмүр | 1 | 1 | 4 | 6 | 8 | 12 | 15 | 20 | 25 | 30 |
Мунай жана газ | 0,1 | 0,1 | 0,3 | 0,5 | 0,6 | 0,7 | 0,8 | 0,9 | 1 | 1,5 |
Эскертүү:
1) ЛКТ - лицензияны кармоо үчүн төлөм.
2) МЭК - минималдык эсептик көрсөткүч.
3) Лицензия узартылган учурда онунчу жылдан кийин пайдалуу казындыларды чалгындоодо төлөнүүчү төлөмдүн ставкасынын өлчөмү 10-жыл үчүн ставка боюнча белгиленет.
| Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
Пайдалуу казындылардын түрлөрү боюнча иштетүү | 1-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 2-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 3-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 4-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 5-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 6-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 7-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 8-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 9-жылга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК | 10 жана кийинки жылдарга, ЛКТ 1 га үчүн МЭК |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
Рудалык |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Асыл металлдар (алтын, күмүш, платина) жана сейрек кездешүүчү металлдар | 5 | 5 | 20 | 50 | 60 | 70 | 80 | 90 | 100 | 110 |
Кендердин чачындысы | 1 | 1 | 10 | 15 | 20 | 30 | 40 | 60 | 80 | 100 |
Металлдар | 2,5 | 2,5 | 10 | 25 | 30 | 35 | 40 | 45 | 50 | 55 |
Рудалык эмес |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кум, ылай, кум-шагыл аралашмасы жана башка инерттик тектер | 1 | 1 | 2 | 3 | 4 | 6 | 8 | 10 | 15 | 20 |
Көмүр | 1 | 1 | 10 | 20 | 30 | 40 | 50 | 60 | 70 | 80 |
Мунай жана газ | 0,5 | 0,5 | 1 | 1,5 | 2 | 3 | 5 | 7 | 9 | 11 |
Эскертүү:
1) ЛКТ - лицензияны кармоо үчүн төлөм.
2) МЭК - минималдык эсептик көрсөткүч.
3) Лицензиянын онунчу жылдан кийинки жарактуулугунун акыркы жылдарында жана узартууда пайдалуу казындыларды иштетүүдө төлөнүүчү төлөмдүн ставкасынын өлчөмү 10-жылга болгон ставка боюнча белгиленет.