Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы № 184 токтому менен бекитилген |
I. Киришүү
1.1. Саламаттык сактоого мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын программалык форматта түзүүнүн жана аткаруунун ушул тартиби (мындан ары - Тартип) чыгымдарды республиканын региондору жана негизги тармактык программалар боюнча бөлүштүрүү жол-жоболорун жөнгө салат.
1.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-февралындагы № 100 «2006-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун «Манас таалими» улуттук программасы жөнүндө» токтомуна ылайык саламаттык сактоо секторунда негизги тармактык программалар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитариялык жардам берүүнүн мамлекеттик кепилдиктеринин программасы;
- камсыздандырылган жарандарды баштапкы деңгээлде дары-дармек каражаттары менен камсыздоо боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы;
- медициналык жардамдын жогорку технологиялуу жана кымбат туруучу түрлөрүнүн фонду;
- коомдук саламаттык сактоо;
- башкаруу, медициналык-социалдык, реабилитациялык жардам, илим, билим берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр.
1.3. Саламаттык сактоого чыгымдар төмөнкүдөй каражаттардын эсебинен куралат:
- республикалык бюджеттен;
- Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен, депутаттардын Бишкек шаардык кеңеши менен макулдашуу боюнча;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан;
- атайын каражаттардан жана калктын кошо төлөөсүнөн.
Саламаттык сактоонун программалык негизде консолидацияланган бюджетинин форматы ушул Тартиптин № 1 тиркемесинде берилди.
II. Саламаттык сактоого сарптоолорду программалык негизде түзүүнүн тартиби
2.1. Атайын каражаттардан, милдеттүү медициналык камсыздандыруудан жана калктын кошо төлөөсүнөн сарптоолор кийинки жылга тарифтик саясаттын өзгөрүүлөрүн эске алуу менен мурунку жылдын базалык шарттарынын негизинде программалар боюнча бөлүштүрүлөт.
2.2. Саламаттык сактоого республикалык бюджеттин жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин депутаттардын Бишкек шаардык кеңеши менен макулдашуу боюнча каражаттарынан сарптоолор Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Саламаттыксакмин) тараптан программалар боюнча, тармактык приоритеттер саясатынын жана Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону бюджеттик каржылоонун минимум стандарттары (мындан ары БКМС) боюнча региондук теңдештирүүнүн негизинде жыл сайын бөлүштүрүлөт(1).
2.3. Саламаттык сактоого бюджеттик сарптоолорду БКМС негизинде бөлүштүрүү ушул Тартиптин 1.2-пунктунда айтылган программалар боюнча, ушул Тартиптин № 2 тиркемесинде берилген форматта облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча ишке ашырылат.
2.4. Саламаттык сактоонун бюджетин программалык негизде түзүү бюджеттик сарптоолордун(2) ушул Тартиптин № 3 тиркемесинде келтирилген функциялык классификациясына ылайык ишке ашырылат.
III. Саламаттык сактоонун программалык негиздеги мамлекеттик бюджетин аткаруу тартиби
3.1. Кыргыз Рсспубликасынын жарандарына медициналык-санитардык жардамдын мамлекеттик кепилдиктеринин программасына (мындан ары - МКП) чыгымдар 2701003-2701012 административдик классификациясы боюнча SWAp грантын кошкондо республикалык бюджеттин, депутаттардын Бишкек шаардык кеңеши менен макулдашуу боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынан, атайын каражаттардан, иштеген жарандарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан жана ишке жарамсыз жана жакыр жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга республикалык бюджеттин каражаттарынан түзүлөт.
МКПны аткарууну каржылоо, отчеттуулук жана мониторингдөө боюнча аткаруучу орган болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММКФ) жана анын облустардагы жана Бишкек шаарындагы аймактык башкармалыктары эсептелет.
Республикалык жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин долбоорлорун иштеп чыгуу стадиясында МКПны аткарууга чыгымдар БКМСнын шкаласынын жана аны жабуу нормативинин негизинде Саламаттыксакмин тарабынан аныкталат.
ММКФ МКПга бекитилген бюджеттик чыгымдарды базалык жылда түзүлгөн шарттардын негизинде жана БКМСнын негизинде тармактык артыкчылыктарды каржылоонун кабыл алынган саясатын эске алуу менен чакан программалар (стационардык, алгачкы медициналык-санитардык жардам, медициналык тез жардам, стоматологиялык жардам жана МКПга киргизилген башка жардамдар) боюнча бөлүштүрөт.
МКПга чыгымдар экономикалык классификацияда 28.21.41.00 «Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү статья менен берилген чыгымдар (Бирдиктүү төлөөчү)» элементи боюнча чагылдырылат.
3.2. Амбулаториялык деңгээлде дары-дармек каражаттары менен камсыздоо боюнча ММКнын кошумча программасына чыгымдар иштөөчү жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу взносторунан жана ишке жарамсыз жана жакыр жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга республикалык бюджеттин каражаттарынын бөлүгүнөн каржыланат.
3.3. «Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу жана кымбат туруучу түрлөрүнүн фонду» (мындан ары - ЖТФ) программасы боюнча чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы № 287 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө жобого ылайык мурунку жылдын базалык шарттары боюнча аныкталат.
ЖТФ боюнча чыгымдардын сметасын бюджеттик аткаруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана ЖТФнын каражаттарынын эсебинен кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын бухгалтердик эсебинде бюджеттик каржылоонун жүрүшүн чагылдыруу менен чыгымдарды төлөөнү борбордоштуруу жолу менен жүзөгө ашырылат.
3.4. «Коомдук саламаттык сактоо» программасына чыгымдар 2701002 администрациялык классификациясы боюнча SWAp грантын кошкондо республикалык бюджеттин, депутаттардын Бишкек шаардык кеңешине макулдашуу боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынан 7074003-7074008 функциялык классификациянын жана программа боюнча түшүүчү атайын каражаттардан сарптоолордон түзүлөт.
Бюджеттик чыгымдар эмгек акыны жогорулатуу, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди өзгөртүү саясатын, ошондой эле БКМС шкаласы боюнча керектөөлөрдүн жана аны жабуунун бирдиктүү нормативинин негизинде SWAp грантынын эсебинен региондордо каржылоону теңештирүү саясатын эске алуу менен мурунку жылдын базалык шарттары боюнча аныкталат.
Шкаланын жана жабуу нормативинин негизинде алынган «Коомдук саламаттык сактоо» программасын жан башына каржылоонун эсептик көрсөткүчүндө эмгек акы төлөөгө чыгымдар бөлүп көрсөтүлөт. Алар эмгек акыны жогорулатуу саясатын эсепке алуу менен мурунку жыл үчүн иш жүзүндөгү сарптоолор боюнча аныкталат, негизги эмгек акыга, үстөккө жана кошумча төлөөлөргө бөлүнөт.
Коомдук саламаттык сактоонун региондук кызматтары боюнча жалпы чыгымдарды бөлүштүрүү тейленүүчү региондун калкынын жан башына эсептегенде БКМС боюнча алардын керектөөлөрүнүн негизинде жана аны жабуунун республикадагы бирдиктүү нормативи боюнча жүргүзүлөт.
Андан сырткары, жугуштуу оорулардын алдын алууга карата иммунобиологиялык препараттарды борбордоштуруп сатып алууга чыгымдар программа боюнча аныкталат.
«Коомдук саламаттык сактоо» программасы боюнча чыгымдар экономикалык классификацияда 28.21.42.00 «Бирдиктүү статьяда берилген чыгымдар» элементи боюнча чагылдырылат.
«Коомдук саламаттык сактоо» программасына атайын каражаттардан пландуу чыгымдар кийинки жылга тарифтик саясаттын өзгөрүшүн эсепке алуу менен мурунку жылдын базалык шарттарынын негизинде аныкталат.
3.5. «Башкаруу, медициналык-социалдык, реабилитациялык жардам, илим, билим берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр» программасы боюнча чыгымдар төмөнкүлөрдү кармоону камтыйт:
- Саламаттыксакминдин аппаратын (2701001),
- билим берүү мекемелерин (2701040),
- медициналык-социалдык, реабилитациялык жардам жана башка кызмат көрсөтүү мекемелерин (хоспис, кургак учукка каршы, онкологиялык, психиатриялык жана наркологиялык диспансерлер, ооруканалар жана санаторийлер, автобазалар, медициналык-маалыматтык борборлор жана мурунку программаларга кирбеген башкалар) (2701002),
- төмөнкүдөй фонддорду түзүү менен борбордоштурулган иш-чаралар:
а. медициналык жабдууларды техникалык тейлөө жана ремонттоо,
b. материалдык-техникалык жабдуу,
с. имараттарды жана курулмаларды капиталдык ремонттоо.
3.6. Төмөнкү программаларга мамлекеттик чыгымдар:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондуна;
- коомдук саламаттык сактоого;
- башкарууга, медициналык-социалдык, реабилитациялык жардамга, илимге, билим берүүгө
республикалык бюджетте 2701002 администрациялык классификациясы боюнча жана депутаттардын Бишкек шаардык кеңешине макулдашуу боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджети менен аныкталат.
Программа боюнча аткаруучу орган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги болот.
3.7. Кургак учукка каршы стационардык жардам подпрограммаларын бюджеттик каржылоо 2007-жылдан тартып, дарыланып айыккан пациенттердин санынын негизинде мурунку жылдын базалык шарттары боюнча, дарылоонун орточо баасын облустардын деңгээлинде салыштыруу саясатын жүргүзүп, кийин 2008-жылы жалпы республика боюнча теңештирүү менен аныкталат.
3.8. Коомдук саламаттык сактоо, медициналык-социалдык, реабилитациялык жардам мекемелери жана Бишкек шаарынын башка мекемелери боюнча программалык форматта бюджет, атайын каражаттар жана SWAp гранты боюнча чыгымдардын бөлүштүрүлүшү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармасы тарабынан депутаттардын Бишкек шаардык кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине макулдашуу боюнча түзүлөт жана бекитилет.
IV. Программалык негиздеги бюджетти эсепке алуу жана
отчеттуулук, аткарылышын мониторингдөө
4.1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги адегенде тейлөөдөгү саламаттык сактоо уюмдары боюнча программалык форматта республикалык бюджеттин каражаттары жана атайын каражаттар боюнча чыгымдардын сметасын түзүү жөнүндө жыйынды отчет түзөт.
4.2. ММКФнын Бишкек аймактык башкармасы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана программалык форматтагы республикалык бюджет боюнча чыгымдар жөнүндө отчет түзөт жана депутаттардын Бишкек шаардык кеңешине макулдашуу боюнча төмөнкүлөргө берет:
- МКПны каржылоого бюджеттин аткарылышы жөнүндө - МКФга;
- саламаттык сактоону каржылоого бюджеттин башка программалар боюнча аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине.
4.3. ММКФ каржылоо булактарын: мамлекеттик бюджеттен, анын ичинде атайын каражаттарды, милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын калктын тең төлөөсүн бөлүштүрүү менен подпрограммаларга карата МКПга чыгымдар жөнүндө облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча жыйынды отчет түзөт жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берет.
4.4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик бюджеттен, атайын каражаттардан, милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан жана калктын тең төлөөсүнөн каржылоо булактарын бөлүштүрүү менен облустарга, Бишкек жана Ош шаарларына карата жалпысынан республика боюнча бардык тармактык программалар боюнча жыйынды отчет түзөт.
4.5. Программалык форматта саламаттык сактоого чыгымдар боюнча мамлекеттик бюджеттин аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары пайдаланылат.
________________
(1) БКМС шкаласы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июлунлагы № 280 токтому менен 2005-жылдагы баалык жана структуралык шарттарда бекитилген, эмгек акынын өсүшүнө жана инфляциянын деңгээлине жараша жыл сайын кайрадан эсептелип турууга жана Финмин менен Саламатсакмин биргелешип, жабуу нормативдери менен бекитүүгө тийиш.
(2) Бюджеттик сарптоолорлун функциялык, администрациялык жана экономикалык классификациясы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин 2006-жылдын 27-декабрындагы № 240-п приказы менен бекитилген.
| Саламаттык сактоонун бюджетин программалык негизде түзүү жана аткаруу Тартибине № 1 тиркеме |
| Программалар
| програм манын коду | Республикалык бюджет, SWAp грантын кошкондо
| Бишкек шаарынын жергиликтүү бюд жети | Бюджет жана SWAp гран ты, бардыгы | Респуб ликалык бюджеттен ММК каражаттарын кошо алганда милдеттүү медициналык камсыз дандыруунун каражаттары | Атайын каражаттар | Тең төлөө
| Бардыгы
|
1
| Мамлекеттик кепилдиктер программасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
| анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
|
| үчүнчүлүк деңгээлдеги стационардык жардам | SBPb2H2 |
|
|
|
|
|
|
|
| экинчилик деңгээлдеги стационардык жардам | SBPb2H1 |
|
|
|
|
|
|
|
| баштапкы медициналык-санитардык жардам | SBPb1PC1 |
|
|
|
|
|
|
|
| анын ичинде социалдык оорулууларды дары-дармек менен камсыздоо | SBPb1PC4 |
|
|
|
|
|
|
|
| стоматологиялык жардам | SBPb1PC5
|
|
|
|
|
|
|
|
| медициналык тез жардам | SBPb1PC3
|
|
|
|
|
|
|
|
| башка баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелери | SBPb1PC2 |
|
|
|
|
|
|
|
2
| Амбулатордук деңгээлде камсызданды- рылган жарандарды дары-дармек каражаттары менен камсыздоонун кошумча программалары |
|
|
|
|
|
|
|
|
3
| Жогорку технологиялар фонду | AESb5
|
|
|
|
|
|
|
|
4
| Коомдук саламаттык сактоо | PHb2
|
|
|
|
|
|
|
|
5
| Башкаруу, медициналык-социалдык реабилитациялык жардам, билим берүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
| анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
|
| кургак учукка каршы жардам | AESb7
|
|
|
|
|
|
|
|
| онкологиялык жардам | AESb8
|
|
|
|
|
|
|
|
| психиатрия- лык жардам | AESb9
|
|
|
|
|
|
|
|
| Дарылоонун калыбына келтирүү борборлору | AESb5 |
|
|
|
|
|
|
|
| Жүрөк хирур- гиясынын улуттук борбору (УБ) жана адам репродук- циясы | AESb6 |
|
|
|
|
|
|
|
| Саламат- тыксакминдин аппараттарын жана билим берүүнү кошо алганда, башкалар(*) | AESb5
|
|
|
|
|
|
|
|
| Медиц.жабд. техникалык тейлөө жана ремонттоо фонду |
|
|
|
|
|
|
|
|
| анын ичинде инвести- циялык чыгашалар |
|
|
|
|
|
|
|
|
| ФАП кызматкерлерин окутуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Саламаттык сактоонун бюджетин программалык негизде түзүү жана аткаруу Тартибине № 2 тиркеме |
|
| Коддор | Бардыгы | Республикалык | Бишкек ш. | Чүй | Ысыккөл | Нарын | Талас | Жалалабат | Ош ш. | Ош | Баткен |
Мамлекеттик кепилдиктердин программасы
| МКП боюнча бардыгы | SBP
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Алгачкы медициналык-санитардык | SBPb1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
ГСВ | SBPb1PC1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
ГСВ/ФАП | SBPb1PC1a |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
ЦСМ | SBPb1PC2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
СМП | SBPb1PC3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Жеңилдетилген дарыдармек менен камсыздоо | SBPb1PC4
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Стоматология | SBPb1PC5
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Башка баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелери | SBPb1PC2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Стационардык жардам | SBPb2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Кеңири профилдеги ооруканалар | SBPb2H1
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Үчүнчүлүк деңгээлдеги ооруканалар | SBPb2H2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Башка адис тештирилген ооруканалар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Төрөт үйлөрү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Инфек- циялык оору- каналар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Амбулаториялык деңгээде камсыздандырылган жарандарды дары-дармек каражаттары менен камсыздоонун кошумча программасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Коомдук саламаттык сактоо | Бардыгы ЦГСЭН Саламаттык сактоону чыңдоо борборлору СПИДге каршы күрөшүү боюнча борборлор | PHb PHb2 PHb1 PHb3
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
ФВТ | Жогорку технологиялар фонду | HTFb |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Башкаруу, медициналыкоциалдык, реабилитациялык жардам, билим берүү | Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кургак учукка каршы жардам | SBPb2H3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Онколо- гиялык жардам | SBPb2H4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Психиатриялык жардам | SBPb2H5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Калыбына келтирип дарылоо борборлору |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Жүрөк хирургиясы УБ жана адамдын репродукциясы УБ |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
МЗ аппаратын жана билим берүүнү кошкондо башка(*) | AESb5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
техникалык тейлөө жана мед. жабдууларды оңдоо фонду |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
анын ичинде инвестициялык чыгымдар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
ФАПтын кызматкерлерин окутуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
билим берүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Жыйынтыгы |
|
| |||||||||||
| Саламаттык сактоонун бюджетин программалык негизде түзүү жана аткаруу Тартибине № 3 тиркеме |
Программалардын аталыштары | Параграфтардын аталыштары |
Мамлекеттик кепилдиктер программасы | |
Баштапкы медициналык-санитардык жардам | Койкасыз бейтапканалар (диспансерлер) жана амбулаториялар - 7072101 |
| Фельдшердик-акушерлик пункттар - 7072102 |
| Үй-бүлөлүк медициналык борборлор - 7072103 |
| Жалпы дарыгерлер практикасы борборлору -7072104 |
| Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу - 7072105 |
| Адистештирилген бейтапканалар - 7072201 |
| Диагностикалык борборлор - 7072202 |
| Тез жардам станциялары жана бөлүмдөрү - 7074002; |
| ҮМБ алдындагы стоматологиялык кабинеттер жана бейтапканалар - 7072301 |
Стационардык жардам | Балдар ооруканалары - 7073101 |
| Кеңири профилдеги ооруканалар - 7073102 |
| Илимий-изилдөө клиника институттары жана борборлору - 7073201 |
| Наркологиялык ооруканалар (диспансерлер) - 7073203 |
| Тери-венерологиялык ооруканалар (диспансерлер) - 7073206 |
| Инфекциялык ооруканалар - 7073207 |
| Башка адистештирилген ооруканалар - 7073208 |
| Төрөт үйлөрү - 7073301 |
Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу жана кымбат туруучу түрлөрүнүн фонду (ЖТКТФ) | Жогорку технологиялар фонду - 7076006 |
«Коомдук саламаттык сактоо» программасы | |
| Санитардык-эпидемиологиялык борборлор жана карантиндик жана коркунучтуу инфекциялар борборлору - 7074003 |
| Дезинфекциялык станциялар - 7074004 |
| Эпидемияга каршы күрөшүү иш-чаралары - 7074006 |
| СПИДке каршы күрөшүү боюнча борборлору -7074007 |
| Саламаттык сактоо борборлору жана санитардык агартуу иш-чаралары - 7074008 |
Медициналык-социалдык жана реабилитациялык жардам, башкаруу, билим берүү жана башкалар | |
| Психикалык неврологиялык ооруканалар (диспансерлер) - 7073202 |
| Онкологиялык ооруканалар (диспансерлер) - 7073204 |
| Кургак учук ооруканалары (диспансерлер) - 7073205 |
| Дарылоонун калыбына келтирүү ооруканалары - 7073401 |
| Кургак учук менен ооругандар үчүн санаториялар - 7073402 |
| Кургак учук менен оорубаган балдар жана өспүрүмдөр үчүн санаториялар |
Башкаруу | Саламаттыксакминдин борбордук аппараты -2701001 |
| Борбордоштурулган бухгалтериялар - 7076002 |
Техникалык тейлөө жана медициналык жабдууларды ремонттоо фонду (ТТФ) | техникалык тейлөө фонду - 7076007 |
| борбордоштурулган чарбалык тейлөө - 7076003 |
Башка программалар боюнча чагылдырылбаган «саламаттык сактоо» бөлүмүндөгү башка кызмат көрсөтүүлөр | Балдар үйлөрү - 7074005, Кан куюу станциялары - 7074002, Башка категорияларга киргизилбеген башка кызмат көрсөтүүлөр - 7076004, Автобазалар - 7076005, »Саламаттык сактоо» бөлүмүндөгү башка чыгымдар - 7076090, Веломстволук ишканалар жана чарбалык уюмдар - 7076009, «Нике жана үй-бүлө» консультациясы |
Билим берүү | Параграф - 2701040 (КММА - 70094001, КГМИП - 7095002) |