Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 3-июлу № 465

Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы № 2117-V токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 1642-V токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык убактылуу комиссиясынын отчетунда белгиленген маалыматты ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамлекеттик комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Сариев Темир Аргембаевич

- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы

саясат министри. мамлекеттик комиссиянын төрагасы;

 

Алтыбаева Айнуру Тойчиевна

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

«Ар-Намыс» фракциясынан (макулдашуу боюнча):

 

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

«Ар-Намыс» фракциясынан (макулдашуу боюнча);

 

Аманбаева Урмат Абдилашимовна

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

«Республика» фракциясынан (макулдашуу боюнча);

 

Сабиров Максат Эсенович

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

«Республика» фракциясынан (макулдашуу боюнча);

 

Жамгырчиева Гүлнара Оморовна

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

«Кыргызстандын социалисттик демократиялык партиясы» фракциясынан (макулдашуу боюнча);

 

Иманкожоева Эркингүл Бекбачаевна

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

«Кыргызстандын социалисттик демократиялык партиясы» фракциясынан (макулдашуу боюнча);

 

Алымбеков Эркинбек Жумабаевич

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

«Ата Мекен» фракциясынан (макулдашуу боюнча);

 

Самаков Карганбек Садыкович

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

«Ата Мекен» фракциясынан (макулдашуу боюнча);

 

Шыкмаматов Алмамбет Насырканович

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

 

Алымкулов Алисбек Толбашиевич

- Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министри;

 

Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык

жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

 

Атаджанов Сабир Садыкджанович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган

чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;

 

Ташбаев Учкунбек Азизбекович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана

минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;

 

Чоткараев Дүйшөнбек Озонович

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук

комитетинин төрагасынын орун басары;

 

Байгөнчөков Мирланбек Конушбекович

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; 

Оторбаев Эринес Мотойович

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орунбасары;

Жапаров Дилгер Союзбекович

- «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

Ахметова Нурсулу Меирбековна

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын

акча-кредиттик саясат жана финансылык мониторинг

бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

 

Асанакунов Мирбек Аскерович

- Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун милдетин аткаруучу;

 

Муратбеков Канатбек Камбарбекович

- Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун милдетин аткаруучу;

 

Жаанбаев Уланбек Жунусович

- Нарын облусунун Нарын райондук кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

 

Молдогазиева Калия Сакбаевна

- «Жашоо дарагы» коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);

 

Калчаев Наристе Догдуркулович

- «Жети-Өгүз жаштары» коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);

 

Мамбетов Шергазы

- коомдук ишмер, профессор (макулдашуу боюнча).

 

Мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ичинен Мамлекеттик комиссиянын тең төрагасын шайлайт.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Мамлекеттик комиссия:

- Кыргыз Республикасынын экономикалык жана экологиялык кызыкчылыктарын коргоо учун, алынган эксперттик корутундуларды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы № 2117-V токтомунда белгиленген бардык маселелерди иштеп чыксын;

- бир жумалык мөөнөттө төмөнкү багыттар боюнча, эл аралык эксперттерди кошо алганда, көз карандысыз эксперттерди тандоо үчүн критерийлерди аныктасын:

"Кумтөр" долбоорунун экологияга тийгизген таасирин баалоо боюнча экологиялык экспертиза;

"Кумтөр" долбоорун ишке ашыруу максатында түзүлгөн макулдашууларды Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргоо багытында юридикалык экспертиза;

"Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда кабыл алынган долбоордук жана техникалык чечимдердин техникалык жана экологиялык коопсуздуктун, курчап турган чөйрөнү коргоонун нормативдик талаптарына шайкеш келүүсүнө экспертиза;

"Кумтөр" долбоорун ишке ашыруунун коммерциялык жана башка шарттарына Кыргыз Республикасы үчүн пайдалуулугу, долбоордун экономикалык натыйжалуулугу багытында экономикалык экспертиза;

- министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, ошондой эле мурдагы комиссиялардын ишине тартылган жергиликтүү эксперттерди тартуу менен жумушчу жана эксперттик топторду түзүү укугу берилсин;

- аткарылган иш жөнүндө маалыматты берсин:

2012-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө;

2012-жылдын 1-ноябрына чейин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине.

3. "Кыргызалтын" ЖАКы Мамлекеттик комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоону, ошондой эле эл аралык эксперттерди кошо алганда, көз карандысыз эксперттерди тартуу боюнча чыгымдарды каржылоону жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүн тартуу менен белгиленген тартипте ушул токтомдун 2-пунктунда аталган багыттар боюнча, эл аралык эксперттерди кошо алганда, көз карандысыз эксперттерди тандоону жүргүзсүн.

5. Министрликтер, ведомстволор, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Мамлекеттик комиссиянын сурамдары боюнча анын иши үчүн бардык зарыл болгон материалдарды жана документтерди оперативдүү тартипте берип турушсун.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Ө. Бабанов