Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 476 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-апрели № 236
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштырууну жана жүгүртүүнү тооруктардын лицензияланган уюштуруучусунун соода аянтына которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштырууну жана жүгүртүүнү тооруктардын лицензияланган уюштуруучусунун соода аянтына которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомун деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтомдун тиркемесинде:
- 2 жана 7-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" деген графасындагы "БД" ЖАК" деген аббревиатура алып салынсын;
- "Жооптуу аткаруучулар" деген графасынын 6-пункту "КРУБ" деген аббревиатура менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ө.Бабанов
|