Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 476 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-марты № 208
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштырууну жана жүгүртүүнү тооруктардын лицензияланган уюштуруучусунун соода аянтына которуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана фондулук биржада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатууда дүйнөлүк тажрыйбаларды колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- 3 айлык жүгүртүү мөөнөтү бар мамлекеттик казыналык векселдерди жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү бар мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштыруу жана жүгүртүү, тескери РЕПО операцияларын кошпогондо, Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар тооруктарын бирдиктүү уюштуруучунун - "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун соода аянтында жүргүзүлөрү;
- "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун соода аянтына жайгаштырылчу 3 айлык жүгүртүү мөөнөтү бар мамлекеттик казыналык векселдерге жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү бар мамлекеттик казыналык облигацияларга менчик ээлерин каттоону жана укуктардын өтүүсүн эсепке алууну "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы";
- 3 айлык жүгүртүү мөөнөтү бар мамлекеттик казыналык векселдерди жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү бар мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштыруу, жүгүртүү жана менчик ээлеринин жана кармоочуларынын реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилүүчү баалуу кагаздарды сатууну уюштуруучунун жана депозитарийдин ички документтери менен аныкталары.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
2. 3 айлык жүгүртүү мөөнөтү бар мамлекеттик казыналык векселдерди жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү бар мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштырууну жана жүгүртүүнү тооруктардын лицензияланган уюштуруучусунун соода аянтына которуу боюнча иш-чаралардын Календарлык планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү сунушталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
3 айлык жүгүртүү мөөнөтү бар мамлекеттик казыналык векселдерди жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү бар мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштырууну жана жүгүртүүнү тооруктардын лицензияланган уюштуруучусунун соода аянтына которуу боюнча иш-чаралардын Календарлык планы
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Иш-чаралардын аталыштары | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү |
1. | «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКы аркылуу биринчилик жана экинчилик рыноктордо мамлекеттик баалуу кагаздарды сатууну жүргүзүүнү техникалык жана программалык камсыздоону, ошондой эле сактоо жана депозитарийдик эсепке алуу системаларын техникалык жана программалык камсыздоону даярдоо | Мамфинкөзөмөл, Финмин, макулдашуу боюнча: «КФБ» ЖАКы, | 2012-жылдын майына чейин |
2. | КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту | ||
3. | «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКы аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуунун электрондук системасын контролдоону жана мониторингдөөнү жөнгө салуу | Финмин, Мамфинкөзөмөл, макулдашуу боюнча: КРУБ, «КФБ» ЖАКы, «БД» ЖАКы | 2012-жылдын майына чейин |
4. | Тооруктун катышуучуларынын алыстан киришин камсыз кылуу. Коммерциялык банктар БАКТ (банктар аралык коммуникациялык тармак) аркылуу, ал эми тооруктардын башка катышуучулары - корголгон VPN каналы жана/же телефондук (dial ир) линиясы боюнча интернеттин жардамы менен кошулат | Финмин, Мамфинкөзөмөл, макулдашуу боюнча: КРУБ, «КФБ» ЖАКы, «БД» ЖАКы | 2012-жылдын майына чейин |
5. | «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКы, депозитарий жана эмитент тарабынан тооруктардын катышуучуларына жана депоненттерге талаптарды иштеп чыгуу | Финмин, Мамфинкөзөмөл, макулдашуу боюнча: КРУБ, «КФБ» ЖАКы, «БД» ЖАКы | 2012-жылдын майына чейин |
6. | «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКынын соода системаларын тестирлөө | Финмин, Мамфинкөзөмөл, макулдашуу боюнча: «КФБ» ЖАКы, «БД» ЖАКы, "КРУБ" | 2012-жылдын майына чейин |
7. | КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту | ||
8. | 3 айлык жүгүртүү мөөнөтү бар МКВларды жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү бар МКОлорду «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКынын соода аянтына жайгаштыруу жана жүгүртүү | Финмин, макулдашуу боюнча: КРУБ, «КФБ» ЖАКы, «БД» ЖАКы | 2012-жылдын майынан тартып |