Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 243 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-июлу № 476
5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигацияларын жарыш жайгаштыруу жана жүгүртүү жөнүндө
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигацияларын жарыш жайгаштыруу жана жүгүртүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коому аркылуу жүзөгө ашырылат;
- 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигацияларынын башкы депозитарийи болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептелет;
- "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коому "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коому аркылуу жүзөгө ашырылуучу 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигациялары менен жасалуучу операцияларга карата өзүнүн депоненттеринин депозитардык ишин жүргүзүү боюнча милдеттерди аткарууга ыйгарым укуктуу субдепозитарий катары чыгат.
2. 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигацияларын жарыш жайгаштыруу жана жүгүртүү боюнча иш-чаралардын календардык планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү сунушталсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштырууну жана жүгүртүүнү тооруктардын лицензияланган уюштуруучусунун соода аянтына которуу жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштырууну жана жүгүртүүнү тооруктардын лицензияланган уюштуруучусунун соода аянтына которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 236 токтому.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Т.А. Сариев |
Тиркеме
№ | Иш-чаралардын аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү |
1 | 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана өзүнүн депоненттеринин субдепозитарийи катары "Борбордук депозитарий" ЖАКынын катышуусу менен "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКы аркылуу жарыш жайгаштыруу жана жүгүртүү схемасын макулдашуу жана бекитүү | Финмин, Мамфинкөзөмөл, макулдашуу боюнча: КРУБ, "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКы, "Борбордук депозитарий" ЖАКы | 2015-жылдын июлу |
2 | 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана өзүнүн депоненттеринин субдепозитарийи катары "Борбордук депозитарий" ЖАКынын катышуусу менен "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКы аркылуу жарыш жайгаштыруу жана жүгүртүү боюнча процесстин бардык катышуучуларынын өз ара аракеттенүүлөрүнүн схемасын (сүрөттөлүшүн) иштеп чыгуу | Мамфинкөзөмөлдүн 2014-жылдын 31-октябрындагы № 117-б буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ | 2015-жылдын июлу |
3 | 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана өзүнүн депоненттеринин субдепозитарийи катары "Борбордук депозитарий" ЖАКынын катышуусу менен "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКы аркылуу жарыш жайгаштыруу жана жүгүртүү үчүн керектүү документтерди макулдашуудан өткөрүү: - 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү мамлекеттик казыналык облигацияларды КР Улуттук банкы жана өзүнүн депоненттеринин субдепозитарийи катары "Борбордук депозитарий" ЖАКынын катышуусу менен "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКы аркылуу жарыш жайгаштырууну жана жүгүртүүнү уюштуруу жөнүндө КР Финансы министрлиги, КР Улуттук банкы, "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКы жана "Борбордук депозитарий" ЖАКынын ортосундагы башкы келишим; - 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү мамлекеттик казыналык облигацияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана өзүнүн депоненттеринин субдепозитарийи катары "Борбордук депозитарий" ЖАКынын катышуусу менен "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКы аркылуу сатуунун эрежелери (5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигацияларын жарыш жайгаштыруунун жана жүгүртүүнүн баштапкы жана экинчилик рыногунда өз ара аракеттенүүнүн, ошондой эле аларды тындыруунун схемасын сүрөттөө) | Финмин, Мамфинкөзөмөл, макулдашуу боюнча: КРУБ, "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКы, "Борбордук депозитарий" ЖАКы | 2015-жылдын июлу |
4 | Техникалык жана программалык камсыздоону даярдоо: - 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана өзүнүн депоненттеринин субдепозитарийи катары "Борбордук депозитарий" ЖАКынын катышуусу менен "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКы аркылуу баштапкы жана экинчилик рыноктордо тооруктарды өткөрүү; - 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигацияларын сактоонун жана депозитардык эсепке алуунун тутумун; - "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКын жана "Борбордук депозитарий" ЖАКын КР Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук тутумуна туташтыруу; - Тооруктардын катышуучуларын "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКынын соода тутумуна кошуу жана 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигациялары менен тооруктарга жетүүнү камсыз кылуу | Мамфинкөзөмөл, Финмин, макулдашуу боюнча: КРУБ, "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКы "Борбордук депозитарий" ЖАКы | 2015-жылдын 1-августуна чейин |
5 | 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигацияларына тоорук өткөрүү боюнча "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКынын соода тутумуна мониторинг жүргүзүү, тооруктардын электрондук тутумуна контролдоону тартипке келтирүү жана тестирлөө, ошондой эле бул тутумдун, анын ичинде "Борбордук депозитарий" ЖАКы аркылуу КР Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук тутуму менен өз ара аракеттенүүсүн тестирлөө | Финмин, Мамфинкөзөмөл макулдашуу боюнча: КРУБ, "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКы, "Борбордук депозитарий" ЖАКы | 2015-жылдын 1-августуна чейин |
6 | 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана өзүнүн депонентинин субдепозитарийи катары "Борбордук депозитарий" ЖАКынын катышуусу менен "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКы аркылуу жарыш жайгаштырууну жана жүгүртүүнү жүзөгө ашыруу | Финмин, макулдашуу боюнча: КРУБ, "Кыргыз фондулук биржасы" ЖАКы, "Борбордук депозитарий" ЖАКы | 2015-жылдын 1-октябрына чейин |