Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 19-октябры № 730
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасынын энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө";
токтомдун 1 жана 2-пункттарындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пункттагы "башка счетторду" деген сөздөр "казыналык эсептерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 24-пункттагы "эки орун басары болот, алар" деген сөздөр "орун басары болот, ал" деген сөздөр менен алмаштырылсын жана андан ары текст боюнча.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |