Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 493 токтому менен бекитилген | |
|
|
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-октябрындагы № 730, 2013-жылдын 18-октябрындагы № 566 редакциясына ылайык)
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 730 токтомуна ылайык Уставдын аталышында жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылды
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Кыргызтуракжайкоммунсоюз) Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 1991-жылдын 26-мартындагы № 105 «Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, уюмдарынын, бирикмелеринин (башкармалыктарынын) жана ассоциацияларынын туракжай-коммуналдык чарбасынын мамлекеттик союзунун (Кыргызтуракжайкоммунсоюз) түзүлүшү жөнүндө» токтомунун негизинде түзүлгөн укуктуу ишин улантуучусу болуп саналат.
2. Кыргызтуракжайкоммунсоюз мамлекеттик ишкана болуп саналат.
3. Мамлекеттик тилде расмий аталышы: Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы.
Расмий тилде аталышы: Государственное предприятие «Кыргызжилкоммунсоюз» при Министерстве промышленности, энергетики и топливных ресурсов Кыргызской Республики.
4. Кыргызтуракжайкоммунсоюздун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Бөкөнбаев көч., 88.
5. Ишмердүүлүк мөөнөтү чектелген эмес.
6. Кыргызтуракжайкоммунсоюз мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак болуп эсептелет. Өзүнүн ишмердүүлүгүн ушул Уставдын, биргелешкен ишмердүүлүктүн жүрүшүндө кабыл алынган контрактардын (келишимдердин), мыйзамдуу түрдө кирген Кыргыз Республикасынын башка эл аралык келишимдердин жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдин укуктук актылардын негизинде ишке ашырат.
7. Кыргызтуракжайкоммунсоюз өзүнүн ишмердүүлүгүн өзүнө караштуу ишканалар менен башка республикалык аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мекемелер менен бирге алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан турмушка ашырат.
8. Негизги фонддорду, жүгүрмө каражаттарды жана башка материалдык мүлктү камтыган Кыргызтуракжайкоммунсоюз тийиштүү мүлккө ээ болууга, пайдаланууга жана кожоюндук кылууга, ошондой эле Кыргызтуракжайкоммунсоюзга тапшырылган функцияларды аткарууга, ишканалар, мекемелер берген жана өзүнүн чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн мүлктү башкарууга укуктуу.
9. Кыргызтуракжайкоммунсоюз жылуулук объектилерди (от жагуучу жайлар жана жылуулук тармактар) башкарууга укуктуу.
10. Кыргызтуракжайкоммунсоюз юридикалык жак болуп эсептелинет, өз бетинче баланска, обочолуу мүлккө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөргө, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилде жазылган башка мөөрлөргө жана штамптарга ээ.
11. Кыргызтуракжайкоммунсоюз казына системасында эсептешүү, валюталык жана казыналык эсептерди ача алат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-октябрындагы № 730 токтомуна ылайык 11-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилген)
12. Башкаруу формасы, чарбалык чечимдерди чыгаруу, эмгек акыларды төлөө жана материалдык демилге туудуруу суроолору боюнча Кыргызтуракжайкоммунсоюз толук чарбалык өз алдынчалыкка ээ.
13. Кыргызтуракжайкоммунсоюз өзүнүн атынан келишимдерди, контракттарды түзө алат, мүлктүк укуктар менен милдеттенмелер боюнча жооп берет жана сот системасынын органдарында доокер жана жоопкер болушу мүмкүн.
14. Кыргызтуракжайкоммунсоюз өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жаза берилген мүлкү менен жооп берет.
15. Мамлекет Кыргызтуракжайкоммунсоюздун милдеттери боюнча жооп бербейт, ошону менен катар Кыргызтуракжайкоммунсоюз мамлекеттин милдеттери боюнча жооп бербейт.
16. Кыргызтуракжайкоммунсоюзга караган ишканалар өзүнүн чарбалык өз алдынчалыгын сактап калат.
17. Ишкана өзүнө караштуу жана башка ишканалар жана уюмдар менен иш-аракеттердин жүрүшүн келишимдин негизинде жөнгө салат.
18. Кыргызтуракжайкоммунсоюздун негизги маселелери төмөнкүлөр эсептелинет:
- жылуулуксуужабдуу тармагында бирдиктүү техникалык, экономикалык жана ченемдик укуктук саясатын жүргүзүү;
- Кыргызтуракжайкоммунсоюздун түзүмүнө кирген уюмдарга техникалык жардам берүү, калкты коммуналдык тейлөө кызматын жакшыртуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калкты тиричилик жактан камсыз кылуу системасындагы мекемелердин ишенимдүү жана туруктуу жумушун камсыздандырууда өнүгүүнүн негизги багыттарын жана ишмердүүлүктүн координациясын болжолдоо;
- жалпысынан республиканын экономикасына маанилүү стратегиялык мааниси бар мамлекеттик программаны орундатуу;
- эл чарбалык керектөөнү жана республиканын калкын жылуулукжабдоо жана сууөткөрүү боюнча аз чыгымдуу кылып, сапаттуу тейлөөнү канааттандыруу.
19. Табышталган маселелерди ишке ашыруу максатында Кыргызтуракжайкоммунсоюз төмөнкү функцияларды аткарат:
- алып баруунун чарбалык укуктарында от жагуучу жайлардын бардык коммуникацияларынын ишин камсыз кылат;
- оңдоо жана кайра куруу иштерин план боюнча жана алдын-ала аткарат;
- алардын техникалык жактан жакшы абалда турган, жылуулук энергиясы менен калкты жана башка керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана туруктуу камсыздоо боюнча от жагуу чарбасынын жана инженердик инфратүзүмдөрдүн объектилерин пайдалануунун натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чараларды көрөт;
- ишканалар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жылуулуксуужабдуу жана сууөткөрүү объектилерин күз-кыш мезгилине даярдайт;
- аварияны жана кырсыктарды жоюу үчүн материалдыктехникалык ресурстардын жана жылытуу сезонунда иштен чыккан инженердик жабдыктарды алмаштыруу үчүн авариялык запасын (резервин) түзөт;
- ишканаларды жана уюмдарды жаңы технологиялар жана стандартсыз жабдыктар (болот казандар, эскилиги жеткен жабдыктарды кайра калыбына келтирүү ж.б.) менен камсыздандыруу менен өзүнүн кубаттуулугун чыңдайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тендердин негизинде Кыргызтуракжайкоммунсоюзга караган ишканаларды жана уюмдарды материалдык-техникалык ресурстар менен (жабдыктар, көмүр, мазут, газ) камсыздайт;
- калкка жылуулук энергиясын иштетүү жана ишканалардын чыгымдарын бюджеттен мониторинг жолу менен өткөрөт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өзүнө караштуу ишканалардын жана тармактарынын филиалдарынын кызыкчылыктарын көрсөтөт жана коргойт;
- бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча суроолорду аткарууда жана ушул боюнча белгиленген тартипте сунуштарды даярдоодо усулдук жактан жардам берет;
- республикалык бюджеттен каржылангандан кийин борборлошкон тартипте даярдалган отундун төлөмдөрүн жүргүзөт;
- дебитордук карызды төлөөгө жардам берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тендердин негизинде мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен отунду, товарларды сатып алуу, чыгымдалган материалдар, от жагуучу жайларды ондоо, отунду от жагуучу чарбаларга алып келүү иштерин аткарат.
20. Кыргызтуракжайкоммунсоюз түзүмүнө кирген ишканаларга жана уюмдарга практикалык жактан төмөнкү суроолор боюнча жардам берет:
- жылуулуксуужабдуу объектилерин эксплуатациялоонун жаңы методдорун, өндүрүштү уюштуруунун алдыңкы формаларын киргизүү;
- сууөткөргүч-канализациялык чарбанын инженердик жабдууларынын туруктуу иштешин камсыздоо;
- жаңы технологияларды киргизүү, от жагылуучу мештерди экологиялык жактан таза түрлөргө которуу;
- негизги жана кошумча жабдыктардын туруктуу, авариясыз иштешин жана керектөөчүлөрдү белгиленген сапаттагы жана керектелүүчү көлөмдө жылуулук менен камсыздандыруу;
- аварияны жоюу, авариянын себептерин тергөө жана аларды четтетүү жөнүндө чараларды иштеп чыгуу;
- Кыргызтуракжайкоммунсоюздун баардык өндүрүштүк подразделениелеринде жалпы кызыкчылыктарда аткарылган долбоорлук иштерди жүргүзүү;
- жетекчилерге, адистерге жана кызматкерлерге эмгекти сактоо жана техникалык коопсуздук боюнча даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын көтөрүүдө жардам көрсөтүү;
- республикалык бюджеттен каржыланган каражаттардын эсебинен калкка жылуулук энергиясын иштетүүдө отунду даярдоону борборлоштуруу, от жагуучу жайларды, инженердик жабдыктарды жана жылуулук тармактарын капиталдык жактан оңдоо иштерин жүргүзүү.
21. Кыргызтуракжайкоммунсоюздун ишмердүүлүгү чарбалык эсеп, өз алдынча каржылоо жана өзүн башкаруу принциптеринде чарбалык ишмердүүлүктөн түшкөн каражаттардан жүргүзүлөт. «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын же дотациянын эсебинен жүргүзүлөт.
22. Кыргызтуракжайкоммунсоюз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте республиканын шаарларын жана райондук борборлорун камсыздандырган жылуулук энергетикасынын өнүгүүсүнүн негизги багыттарын болжолдойт. VI. Кыргызтуракжайкоммунсоюздун түзүмү жана башкаруу органдары
23. Кыргызтуракжайкоммунсоюздун ишин жетектөө директор тарабынан ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин бекитүүсүнө сунуштоо үчүн директордун кызмат ордуна көрсөтүлүп жаткан талапкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан карап чыгууга киргизилет.
Кыргызтуракжайкоммунсоюздун директору кызмат ордуна эки жылдык мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укук, милдеттерге ээ жана жоопкерчилик тартат, ошондой эле ушул Уставдын жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин аны менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.».
Кыргызтуракжайкоммунсоюздун директору Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматтан бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 566 токтомуна ылайык 11-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилген)
Кыргызтуракжайкоммунсоюздун» директору Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан кызматка дайындалуучу жана ээлеген кызматынан бошой турган орун басарларга ээ.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-октябрындагы № 730, 2013-жылдын 18-октябрындагы № 566 редакциясына ылайык)
25. Кыргызтуракжайкоммунсоюздун директору:
- экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн жылдык планын иштеп чыгат жана колдойт, ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштер жана кызматтар менен өз бетинче башкарууну жүргүзөт;
- бул Устав жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актыларга ылайык берилген маселелерди аткаруу үчүн зарылдуу ыйгарым укуктарга ээ;
- от жагуучу объектилерди, инженердик инфратүзүмдү эффективдүү пайдаланууну көтөрүү жана аларды техникалык жактан туруктуу сапатта кармоо, калкты жана башка жылуулук энергиянын зарылдуу параметрде керектөөчүлөрүн ишенимдүү жана туруктуу камсыздандыруу боюнча жоопкерчиликти алат;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине өзүнүн ведомстволук ишканаларынын уставдарынын долбоорлорун бекитүүгө киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин макулдугу менен Кыргызтуракжайкоммунсоюздун түзүмүн, штаттык санын, эмгек акысынын шарттарын, чыгымдардын сметасын аныктайт;
- белгиленген тартипте Кыргызтуракжайкоммунсоюздун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана ордунан бошотот, ошону менен катар аларга сыйлоо же тартиптик жаза колдонуу чараларын колдонот;
- ведомстволук ишканалардын жетекчилерин эмгек келишимдин негизинде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу менен эки жылга дайындайт;
- Кыргызтуракжайкоммунсоюздун ведомстволук ишканалардын жана филиалдардын кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла турган буйруктарды чыгарат;
- ишенимкатсыз Кыргызтуракжайкоммунсоюздун атынан ишаракеттерди жүргүзөт;
- республикалык жана жергиликтүү аткаруу бийлик органдары, эларалык, өкмөттүк жана коммерциялык эмес уюмдар менен мамилелерде Кыргызтуракжайкоммунсоюздун атынан өкүл болот;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин коллегиясында жыл сайын өзүнүн жана Кыргызтуракжайкоммунсоюздун ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берет.
26. Директор себептүү түрдө ордунда болбогондо анын милдетин орун басары аткарат.
27. Кыргызтуракжайкоммунсоюздун мүлкү ага чарбалык мүлк катары таандык. Кыргызтуракжайкоммунсоюз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлкүнө ээлик кылат, бул мүлк менен пайдаланат жана аны башкарат.
28. Кыргызтуракжайкоммунсоюз чарбалык укукка ээ болгон кыймылсыз мүлкүн сатууга, ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, үлүш ордуна чарбалык уюмдардын жана мекемелердин уставдык капиталына салым кылып коюуга жана башка жолдор менен бул мүлк менен башкарууга акысы жок.
29. Кыргызтуракжайкоммунсоюздун мүлкүн негизги фонддор, жүгүрмө каражаттар жана өз алдынча баланста көрсөтүлгөн башка материалдык байлыктар түзөт.
30. Мүлктүн түзүлүш булактары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
- республикалык бюджеттен каралган каражаттар;
- чарбалык ишмердүүлүктүн натыйжасынан түшкөн кирешелер;
- банктардын насыялары жана ссудалары;
- мекемелердин, ишканалардын жана жарандардын өз эрки менен берилген каражаттары. VIII. Кыргызтуракжайкоммунсоюздун кайра түзүлүшү жана жоюулушу
31. Кыргызтуракжайкоммунсоюздун жоюулушу жана кайра түзүлүшү Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык турмушка ашырылат.
32. Кыргызтуракжайкоммунсоюздун иш-аракеттеринин жүрүшүндө пайда болгон иш кагаздар ал жоюлган учурда 1999-жылдын 22-ноябрындагы № 125 «Улуттук архивдик фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.