Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 2-сентябры № 493
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 730, 2013-жылдын 18-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-июлундагы № 366 "Турак жай-коммуналдык чарбаны мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын тиркелген Уставы бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 730токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
- "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасын, анын ичинде анын системасына кирген карамагындагы ишканаларды жана филиалдарды камтыган башкаруу схемасын бекитсин;
- "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына караштуу ишканалардын жана филиалдардын уставдарын кайрадан бекитсин;
- ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 730 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 20-июнундагы № 274 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалар союзу, уюмдары, бирикмелери (башкармалыктары) жана турак жай-коммуналдык чарба ассоциациялары (Кыргызтураккоммунсоюз) жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |