Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 22-октябры № 738
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу. жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жободо:
14-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"14. Эмитент кийинки айга МБКны чыгаруунун пландалган көлөмү жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же эмитенттин расмий web-сайтында же тоорукту уюштуруучунун расмий web-сайтында ошол айдын 30унан кеч эмес мезгилде жарыялоону камсыз кылат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |