ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-октябрындагы № 738 «Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556»Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция22.10.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 22-октябры № 738

 

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу. жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жободо:

14-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"14. Эмитент кийинки айга МБКны чыгаруунун пландалган көлөмү жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же эмитенттин расмий web-сайтында же тоорукту уюштуруучунун расмий web-сайтында ошол айдын 30унан кеч эмес мезгилде жарыялоону камсыз кылат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ж. Сатыбалдиев