Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 23-октябры № 743
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 733 КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу жободо:
- 1.1-пункттун төртүнчү абзацында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;
- 1.1-пунктча төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- аймактык бөлүм - ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген компетенциянын чегинде өз ишин жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү.";
- 2.1-пункттун төртүнчү абзацында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;
- 4.1-пунктта "социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрүнө" деген сөздөр "аймактык бөлүмгө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6.2-пункттун биринчи абзацында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;
- 6.3-пункттун 2-пунктчасында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;
- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "аймактык бөлүм" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 733 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |