Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 733
Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө жобону, ошондой эле Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмегин бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)
Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү жол-жобосун тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы № 521 "Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо тартиби жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
2-тиркеме
Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)
Адам төмөнкү оорулар менен ооруганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү), багып алуучу ата-эне боло албайт:
1. Жүлүн функциясы бузулушу менен кыр арка сөөгүнүн сынуусу.
2. I топтогу майыптыкка алып келүүчү муундардын дегенеративдик-дистрофиялык III-IV даражадагы оорулары.
3. I топтогу майыптыкка алып келүүчү чоң муундардын, кыр арканын жабыркоосу менен Бехтеров оорусу.
4. I топтогу майыптыкка алып келген жана эмгекке жарамдуулукту жокко чыгарган буту-колунун оор травмаларынын кесепеттери.
5. Сөөктөрдө жана муундарда IV даражадагы залалдуу шишиктер метастазалары менен.
6. Эмгекке жарамдуулукту жокко чыгарган аяктардын өсүшүнүн аномалиясы.
7. Эмгекке жарамдуулукту жокко чыгарган травмадан кийинки энцефалопатиялар.
8. Мээдеги залалдуу шишиктер.
9. I топтогу майыптыкка алып келүүчү мээдеги көлөмдүү киста.
10. I топтогу майыптыкка алып келүүчү травмадан кийинки кранальгиялар.
11. Жүлүн функциясынын бузулушуна алып келген кыр аркадагы залалдуу шишиктер.
12. Талмасы тез-тез кармаган травмадан кийинки талма.
13. Эмгекке жарамдуулукту жокко чыгарган кеңири күйүктөрдүн кесепеттери. Тоңуунун кесепетинен экиден көп аяктар ампутацияланганда.
14. I топтогу майыптыкка алып келген уулантуучу таасири бар заттардын (уксус кислотасы, щелочь) кесепеттери.
15. Психоактивдүү заттарды пайдаланууга байланыштуу психикалык бузулуулар жана жүрүм-турумдун бузулуусу.
16. Бейтаптар белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмү чектелген деп табылган психикалык оорулар.
17. Бардык локализациядагы залалдуу онкологиялык оорулар, III клиникалык топтогу тери рагынан тышкары.
18. Өнөкөт декомпенсацияланган III стадиядагы дем алуу (респиратордук) (J 96) жетишсиздигине алып келген ылдыйкы дем алуу жолдорунун (J85-J86) өнөкөт ириң оорулары жана/же некроздук абалдары.
19. Боор жетишсиздигинин декомпенсацияланган II стадиясына жана/же терминалдык III (дистрофиялык) стадиясына алып келүүчү боордун өнөкөт оорулары (К70-К77).
20. Бириктиргич ткандын системалык жабыркоосунун оор формалары (М30-М36) сезгенүү процесстерине ички органдардын жана системалардын тартылышы менен жана аларда функционалдык жетишсиздиктин декомпенсацияланган стадиясынын өнүгүшү менен:
а) тез өнүгүүчү же оорунун классикалык жүрүшү менен тез-тез жана узакка чейин күчөп келген (жана/же толук эмес жана туруктуулугу жок III стадиядагы активдүүлүктөгү) муун формалары, алар муун функциясынын III-IV даражадагы бузулуусу менен III-IV рентгенологиялык стадияларга шайкеш келет, аларда анкилоздордун өнүгүүсү менен функционалдык ыңгайсыз фиксацияланышы орун алат;
б) ички органдардын жана БНС функцияларынын кайтарылгыс оор бузулуулары менен муун-висцералдык формадагы оорулар:
- борбордук нерв системасынын жабыркашы (G13, G40-G41);
- тамактануунун экинчи ирет бузулушу жана зат алмашуунун бузулуусу, кахексиянын өнүгүүсү (Е40-Е46);
- өнөкөт жүрөк жетишсиздигинин оор стадиясынын өнүгүүсү менен (III-IV ФК СН по NYHA) (150) жүрөк жабыркоосу (139-143);
- бөйрөктүн жабыркоосу: бириктиргич ткандарынын системалуу ооруларында бөйрөктүн гломерулярдык жана тубуло-интерстициалдык жабыркоолору (N08.5; N16.4) өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинин терминалдык стадиясынын өнүгүүсү менен (N18.0) жана диализ менен (Z49-Z49.2) бөйрөктүн ордуна иштөө терапиясына муктаждыгы бар.
21. Кант диабети (Z49-Z49.2) гломерулярдык жана/же тубуло-интерстициалдык бөйрөк жабыркоосу менен (N08.3) бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздигинин терминалдык стадиясы өнүгүүсү менен (N18.0) жана диализ менен (Z49-Z49.2) бөйрөктүн ордуна иштөө терапиясына муктаждыгы бар.
22. Бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздигинин терминалдык стадиясы өнүгүүсүнө жана диализ менен бөйрөктүн ордуна иштөө терапиясына (Z49-Z49.2) муктаждыкка алып келген тез өнүгүүчү жана/же өнөкөт баштапкы жана экинчи гломерулярдык жана бөйрөк оорулары (N01-N08.8).
23. Бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздигинин терминалдык стадиясы өнүгүүсүнө жана диализ менен бөйрөктүн ордуна иштөө терапиясына (Z49-Z49.2) муктаждыкка алып келген өнөкөт баштапкы жана экинчи тубулоинтерстициалдык бөйрөк оорулары обструкциясы менен жана ансыз (N11-N16.8).
24. Бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздигинин терминалдык стадиясы өнүгүүсүнө (N18.0) жана диализ менен өмүр бою бөйрөктүн ордуна иштөө терапиясына (Z49-Z49.2) муктаждыкка алып келген бөйрөктүн чечилбеген катуу кармаган жетишсиздиги (N17) тубулярдык, билатералдык кортикалдык же медуллярдык некрозу менен (N17.0-N17.2).
25. Пациенттерди жайгаштыруунун өзгөчө (обочолоо) шарттарын, физикалык активдүүлүктү, оордуктарды көтөрүүсүн чектөөнү ж.б. талап кылган төмөнкү трансплантацияланган органдар жана ткандар (Z94):
- бөйрөктөр (Z94.0);
- жүрөк (Z94.1);
- өпкө (Z94.2);
- боор (Z94.4).
26. Жашоо-тиричилигинин колдоп туруучу механизмдерге жана түзүлүштөргө көз каранды болуу (Z99):
- аспираторго көз каранды болуу (Z99.0);
- бөйрөк диализине көз каранды болуу (Z99.2);
- башка көмөкчү механизмдерге жана түзүлүштөргө көз каранды болуу (Z99.8).
27. Бузулуу жана уруктануу фазасындагы өпкөнүн инфильтративдик кургак учугу (БК-) (БК+), ДН 2-3-даражада, сезгич жана туруктуу формалары.
28. Бузулуу фазасындагы өпкөнүн диссеминирленген кургак учугу (БК-) (БК+), ДН 2-3-даражада, сезгич жана туруктуу формалары.
29. Инфильтрация жана уруктануу фазасындагы өпкөнүн фиброздук каверноздук кургак учугу (БК-) (БК+), ДН 2-3-даражада, сезгич жана туруктуу формалары.
30. Өпкөнүн каверноздук кургак учугу (БК-) (БК+), ДН 2-3-даражада, сезгич жана туруктуу формалары.
31. Өпкөнүн милиардык кургак учугу (БК-) (БК+), ДН 2-3-даражада, сезгич жана туруктуу формалары.
32. Өпкөнүн цирроздук кургак учугу (БК-) (БК+), ДН 2-3-даражада, сезгич жана туруктуу формалары.
33. Өпкөнүн кургак учугунун күчөгөн формалары:
а) плевра эмпиемасы;
б) спонтандык пневмоторакс.
34. Сөөк-муун системасынын кургак учугу.
35. Табарсык системасынын кургак учугу.
36. Борбордук нерв системасынын кургак учугу.
37. Толук айыкканга чейинки В, С жана Д өнөкөт вирустук гепатиттер.
38. Диспансердик эсептен чыкканга чейин бардык катуу кармаган жана өнөкөт инфекциялык оорулар.
39. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 367 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 27-январындагы № 03-р чечими
40. Жогорку градациядагы ритмдин бузулушу жана жогорку даражадагы өткөргүчтүктүн өнүгүшүнөн күчөгөн катуу кармаган миокарддын инфаркты, IV функционалдык класстагы жүрөктүн жетишсиздиги.
41. Башка себептердин жыйынтыгында өнүккөн IV (NYHA) функционалдык класстагы жүрөктүн оор өнөкөт жетишсиздиги.
42. Өтө жогорку тобокелдеги III даражадагы гипертониялык оору. Өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги, терминалдык стадиясы.
43. Жүрөктүн өнөкөт ревматизмдик оорусу. IV (NYHA) функционалдык класстагы жүрөктүн жетишсиздиги менен комбинациялуу жана айкалышкан кемтиги, IV (NYHA) функционалдык класста.
44. IV (NYHA) функционалдык класстагы жүрөктүн тубаса кемтиги менен жүрөктүн жетишсиздигинин өнүгүшү.