Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген |
Дарыканаларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Баңги каражаттардын негизги запасы сейфтерде сакталыш керек, ички эшиктеринде бир жолку жогорку жана суткалык дозалардын тизмеги болуш керек, психотроптук заттардын запасы кулпуланган шкафтарда сакталыш керек. Күнүмдүк иш үчүн негизги сактоо ордунан (ассистент бөлүмү, рецептурдук бөлүм) берилген баңги каражаттары жана психотроптук заттар жумуш күндүн ичинде бөлмөнүн сейфтеринде сакталат.
2. Жумуш убагында ассистент бөлүмүндөгү, рецептурдук бөлүмдөгү баңги каражаттар жана психотроптук заттар бар сейфтин ачкычы провизор-технологдор болуш керек. Сейфтер жумуш күнү бүткөндөн кийин мөөр басылып чапталат жана пломбаланат, алардын ачкычтары, мөөрү жана пломбасы дарыкана боюнча буйрук менен ыйгарым укук берилген материалдык жооптуу адамда болушу керек.
Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор сакталган материалдык бөлмөлөрдүн терезелеринде металл торчолор болуп, эшиктери темир менен капталышы керек. Жумуш бүткөндөн кийин бул бөлмөлөр материалдык жооптуу адам тарабынан кулпуланат жана мөөр басып чапталат.
Ишенимдүү сакталышын камсыз кылуу үчүн I, II тизмектердеги баңги каражаттар жана II тизмектеги психотроптук заттар сейфтерде, III тизмектеги баңги каражаттар жана III, IV тизмектердеги психотроптук заттар жана прекурсорлор атайын бөлүнгөн бөлмөлөрдө, ачкыч менен жабыла турган шкафтарда же атайын жабдууланган текчелерде сакталыш керек, алар төмөнкү талаптарга жооп бериш керек:
- негизги тышкы дубалдары, бекем жабылган шыбы жана полу бар;
- бекем жана ишенимдүү бекиткичи менен эки эшиги бар, сырткы эшиги калыңдыгы 40 мм ден кем эмес тактай жана эки жагынан цинктелген темир менен капталууга, ички эшиги 15 мм ден кем эмес чыбык болоттон жасалган тор болушу керек;
- бөлмөнүн терезе оюктарында ички жагынан же рамалар ортосунда темир тор болуш керек;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому менен бекитилген I, II, III тизмектердеги баңги каражаттарды жана II тизмектеги психотроптук заттарды сактоо жана сатуу үчүн арналган бөлмөлөр Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ) күзөт кызматы же ИИМ тарабынан берилген күзөтүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар мамлекеттик эмес күзөтүү уюму тарабынан сөзсүз түрдө кайтарылат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому менен бекитилген III, IV тизмектердеги баңги каражаттарды жана прекурсорлорду сактоо жана сатуу үчүн арналган бөлмөлөр ИИМдин күзөт кызматы же ИИМ тарабынан берилген күзөтүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар мамлекеттик эмес күзөтүү уюму тарабынан сөзсүз түрдө кайтарылат;
- өрт сигнал системасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келиш керек;
- бөлмөлөрдүн периметринин курулуш конструкциясы милдеттүү корголууга тийиш;
- терезе жана эшик оюктары, люктар, желдетүүчү каналдар, жылуулук коммуникациясынын кирүүлөрү, жука дубалдар жана башка элементтер сырт жагынан кирүү үчүн ылайыктуу болуш керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому менен бекитилген Баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун улуттук тизмесине кирбеген психотроптук заттарды материалдык бөлмөлөрдө кулпуланган шкафтарда сактоого жол берилет.
ИИМ бөлүмдөрү жок алыскы айыл жергесинде жайгашкан дарыканаларда жана дарыкана пункттарында баңги каражаттар жана психотроптук заттар сакталган материалдык бөлмөлөрдүн терезелерин ич жагынан металл торчолор менен бекитүүгө жол берилет, эшиктин сыртын темир менен каптоо зарыл. Жумуш бүткөндөн кийин дарыкана кулпуланат, материалдык жооптуу адам мөөр басып чаптайт жана күзөтчү кайтарат.
3. Баңги каражаттар сакталган материалдык бөлмөлөрдө коргоонун жарык-үндүү сигнализациясы болуш керек.
Баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун запасы сакталган бөлмөгө кирүүгө дарыкана боюнча буйрук менен бекитилген, алар менен түздөн түз иштеген кызматчыга уруксат берилет. Кызматкерлердин бири алмашканда уруксат берүү экинчи ирет таризделет.
4. Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды ассистенттик бөлмөлөрдөн күндөлүк иштер үчүн берүүнү буга ыйгарым укуктуу, материалдык жооптуу адам жүргүзүшү керек.
5. Дарыканаларда баңги каражаттардын, психотроптук заттардын запасы, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабай, үч айлык керектөөдөн ашпаш керек. Камсыздоо базасынан алыстыгы дарыканалар үчүн бул каражаттардын керектөө запасы алты айлык өлчөмдө белгиленет. Алыскы айыл жерлеринде жайгашкан дарыкана пункттарында бул каражаттардын резервдик запасын бир айлык керектөөгө чейинки өлчөмдө түзүүгө уруксат берилет.
Донордук уюмдар каржылаган Мамлекеттик программалар боюнча алынган баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын запасы бир жылдык керектөөдөн ашпаш керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Дарыканалардын ассистент бөлмөсүндө баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын запасы беш күндүк керектөөдөн ашпаш керек.
7. Дежур дарыканаларда түнкү дежурлуктун учурунда фармацевт зарылдыгына жараша мөөр басып чапталган жана пломбаланган сейфтердеги баңги каражаттарды колдонот. Дежурлук бүткөндөн кийин ал баңги каражаттардын эсебин алуу жана сактоого жооп берген материалдык жооптуу адамга отчет берет.
8. I, II, III тизмектердеги баңги каражаттар жана II, III, IV тизмектердеги психотроптук заттар жана прекурсорлор предметтик-сандык эсепке алынууга (ушул Эрежелерге 1-тиркеме) тийиш болгон, номерленген, тигилген жана дарыкана жетекчисинин колу менен бекитилген жана тиркелген форма боюнча дарыкананын мөөрү басылган баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу журналында предметтик-сандык эсепке алынат.
Эсепке алуу журналы баңги заттарды контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат, бир жылдык мөөнөткө түзүлөт жана ага акыркы жазуу түшүрүлгөн күндөн тартып беш жыл сакталат.
9. Бир айда бир жолудан кем эмес эсепке алуу журналын жүргүзүүнү жана сактоону контролдоого ыйгарым укуктуу адам журналдагы жазууларды текшерет, баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун чыныгы болуусун алардын китепке жазылган калдыгы менен салыштырат, ал жөнүндө эсеп журналына текшерүүнүн акыркы жазуусунан кийинки жолуна белгилейт жана колун коет.
Дарыкананын (дарыкана бөлүмүнүн) товардык-материалдык баалуулуктарды инвентаризациялоодо баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун иш жүзүндөгү калдыгы аныкталат, ага өзүнчө инвентаризациялык тизме түзүлөт. Китептеги маалыматтардан иш жүзүндөгү алууда четтеп кетүүлөр табылган учурларда дарыкананын жетекчиси ал жөнүндө кат жүзүндө тиркелген форманы толтуруу менен (бул Эрежелерге 2-тиркеме) токтоосуз Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдетүү, алар 3-5 күндүк мөөнөттө биргелешкен кызматтык териштирүү жүргүзүүлөрү керек.
| Дарыканаларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу эрежелерине 1-тиркеме |
Предметтик-сандык эсепке алынуучу баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
Дары-дармек каражатынын аталышы __________________________________
Материалдык жооптуу адам ______________________________ (аты-жөнү)
┌──┬─────┬──────────┬──────┬────┬──────────────┬────┬─────┬────┬──────┐
│Ай│Айдын│ Кириштөө │Калды-│Чы- │ Чыгымдоо │Бир │Айдын│Ай- │ Мате-│
│ │1-кү-├─────┬────┤ гы │гым-├─┬─┬──┬──┬────┤айга│аягы-│дын │ риал-│
│ │нүнө │Доку-│Саны│ менен│доо │1│2│3 │4 │5 │чы- │на │ая- │ дык │
│ │кал- │мент-│ │кириш-│түр-│ │ │ │ │ж.б.│гым-│китеп│гына│ жооп-│
│ │дыгы │ тин │ │телге-│лөрү│ │ │ │ │ │доо │боюн-│иш │ туу │
│ │ │ № │ │ ни │ │ │ │ │ │ │ │ча │жү- │ адам-│
│ │ │ жана│ │боюнча│ │ │ │ │ │ │ │кал- │зүн-│ дын │
│ │ │ күнү│ │бир ай│ │ │ │ │ │ │ │дыгы │дөгү│ колу │
│ │ │ │ │үчүн │ │ │ │ │ │ │ │ │кал-│ │
│ │ │ │ │барды-│ │ │ │ │ │ │ │ │дыгы│ │
│ │ │ │ │гы │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼─────┼────┼──────┼────┼─┼─┼──┼──┼────┼────┼─────┼────┼──────┤
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │7│8│ 9│10│ 11 │ 12 │ 13 │ 14 │ 15 │
└──┴─────┴─────┴────┴──────┴────┴─┴─┴──┴──┴────┴────┴─────┴────┴──────┘
| Дарыканаларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу эрежелерине 2-тиркеме |
Фармацевттик уюмдардан жана саламаттык сактоо уюмдарынан баңги каражаттардын, психотроптук заттардын, прекурсорлордун уурдалышы жана жоголушу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматына жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине кезексиз билдирүүнүн ФОРМАСЫ
┌──┬───────────────┬─────────────────────┬────────────┬───────────────┐
│№ │ Эмне жөнүндө │ Билдирүүнүн мазмуну │ Ким │ Берүү │
│ │ билдирилет │ │ берет │ тартиби │
├──┼───────────────┼─────────────────────┼────────────┼───────────────┤
│ │Фармацевттик │Уюмдун аталышы жана │Саламаттык │Өтө шашылыш │
│ │(дарыкана) │анын дареги. Баңги │сактоо жана │билдирүү Кыргыз│
│ │уюмдардан жана │жана психотроптук │фармацевттик│Республикасынын│
│ │саламаттык │дары-дармек │уюмдарды │Баңги заттарды │
│ │сактоо │каражаттарынын │башкаруу │контролдоо │
│ │уюмдарынан │сакталышын камсыз │органынын │боюнча │
│ │баңги жана │кылуучу атайын │жетекчиси │мамлекеттик │
│ │психотроптук │каражаттардын болушу │ │кызматына жана │
│ │дары-дармек │(күзөт │ │Кыргыз │
│ │каражаттардын │сигнализациясы, │ │Республикасынын│
│ │уурдалышы │ведомстволук эмес │ │Саламаттык │
│ │жана жоголушу │күзөт, кароолчу, │ │сактоо │
│ │жөнүндө өтө │күзөт жок). Имараттын│ │министрлигине │
│ │шашылыш │мүнөздөмөсү (типтүү │ │ички иштер │
│ │билдирүү │долбоор боюнча │ │башкармалыгынын│
│ │ │курулган, │ │аймактык │
│ │ │ыңгайлаштырылган │ │органдарына │
│ │ │имарат, кыш, жыгач). │ │билдирүүнүн │
│ │ │Баңги жана │ │көчүрмөсүн │
│ │ │психотроптук │ │тиркөө менен │
│ │ │дары-дармек │ │жиберилет. │
│ │ │каражаттарын сактоо │ │ │
│ │ │ыкмалары (атайын │ │ │
│ │ │жабдылган жайда, │ │ │
│ │ │сейфте, металл шкафта│ │ │
│ │ │ж.б.). Бөлүмдүн │ │ │
│ │ │терезелеринде │ │ │
│ │ │торлордун болушу │ │ │
│ │ │(ооба, жок). │ │ │
│ │ │Уурдалган күн. │ │ │
│ │ │Кылмышкердин имаратка│ │ │
│ │ │кирүү ыкмасы. │ │ │
│ │ │Уурдалган дары-дармек│ │ │
│ │ │каражаттарынын │ │ │
│ │ │аталышы жана алардын │ │ │
│ │ │саны. Уурдалганы │ │ │
│ │ │жөнүндө ички иштер │ │ │
│ │ │органдарына │ │ │
│ │ │билдирилген күн. │ │ │
└──┴───────────────┴─────────────────────┴────────────┴───────────────┘