Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 572 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-октябры № 571
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Рецепт менен берилүүчү дары-дармек каражаттары эл аралык патенттелбеген аталышы менен бекитилген үлгүдөгү рецепттин бланктарында - электрондук форматта жана/же кагаз жүзүндө жазылат деп белгиленсин.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринде:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бейтап стационардан чыгарылгандан кийин баңги каражаттарды, психотроптук заттарды алуу зарыл болгон учурларда саламаттык сактоо уюму бейтапка беш күндүк керектөөнүн өлчөмүндө баңги каражаттарды, психотроптук заттарды берүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Баңги каражатты, психотроптук затты берүү фактысы стационардык оорулуунун медициналык картасынын көчүрмөсүндө чагылдырылат.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Рецепттер ушул токтом менен бекитилген форма боюнча басмакана ыкмасы менен басылган, саламаттык сактоо уюмунун штампы бар бланктарга жазылууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген дары каражатына электрондук рецептти тариздөө эрежелерине ылайык рецепттерди электрондук форматта жазууга жол берилет. Рецептте бейтаптын курагы, дары каражатын чыгаруу формасы көрсөтүлүүгө тийиш.
Толук наркы үчүн дары-дармек каражаттарына рецепттер ЛС-1 формасындагы рецепттик бланктарда жазылат. Дайындалган дарылоо медициналык документтерде чагылдырылат.";
- 7-пунктта "латын тилинде" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Рецепт жазууда суюк заттардын саны миллилитр жана тамчылар менен, ал эми калган заттар - грамм, миллиграмм, аракеттин бирдиги (АБ) жана эл аралык бирдиктер (ЭБ) менен көрсөтүлөт.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Амбулаториялык бейтаптарга баңги дары-дармек каражаттары ушул токтом менен бекитилген рецепттин бланкынын формасына ылайык саламаттык сактоо уюмунун штампы, сериялык номери жана коргоо даражалары бар баңги дары-дармек каражаттарына атайын рецепттик бланктарга жазылууга тийиш.
Баңги дары-дармек каражатына рецепт дарыгердин колу жана өздүк мөөрү коюлуп, анын өз колу менен жазылат, жазып берилген баңги каражаттын саны жазуу менен көрсөтүлөт. Мындан тышкары рецептке саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси же/жана ҮДТнын клиникалык жетекчиси тарабынан кол коюлат.
Бейтапка баңги дары-дармек каражатына кезектеги рецептти жазып берүүдө мурда жазып берген санын жана баңги каражаттын кайтарып берилген ампулаларынын санын текшерүү зарыл. Бейтапта пайдаланылбаган дары-дармек каражаттарынын бир, эки күндүк калдыгына жол берилет.
Бейтап жеке өзү же бейтапты баккан адам баңги каражаттарды же психотроптук заттарды (бейтап үчүн ыңгайлуу болгон ар кандай формада) камтыган үй шартында колдонуу үчүн препараттарды рецепт боюнча түздөн-түз саламаттык сактоо уюмунда жана/же дарыкана/дарыкана пункту аркылуу ала алат.";
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Инкурабелдүү бейтаптар үчүн баңги каражаттарды жана психотроптук каражаттарды жазып берүүнүн ченемдери ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн сандарга каршы 2 эсеге көбөйтүлүшү мүмкүн. Баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү укугуна тиешелүү уруксат документтери бар кайсы болбосун дарыканалардан административдик-аймактык жактан байлабастан рецепт боюнча сатып алууга болот.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Фармацевттик уюмдардан дары-дармек каражаттарын берүү эрежелеринде:
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Баңги каражаттарды камтыган дары-дармек каражаттарына рецепттер 14 күндүн ичинде жарактуу. Психотроптук дары-дармек каражаттарына рецепттер, ошондой эле ушул токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринин 14-пунктунда саналгандар рецепт жазылган күндөн тартып 14 күндүн ичинде, калган бардык рецепттер жогоруда аталган Эрежелердин 18-пунктуна ылайык 2 айдын ичинде жана 1 жылга чейин жарактуу.";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рецепттик бланктарды сактоо тартиби жөнүндө нускамада:
- 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Саламаттыкты сактоо уюмдарында менчигинин түрүнө карабастан баңги каражаттарга рецепттик бланктар номерленген, тигилген, пломбаланган журналда жетекчинин күбөлөндүрүлгөн колу жана уюмдун тиркелген формадагы мөөрүн коюу менен жүргүзүлөт.".
2. КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 31-октябрындагы № 87 (3536) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана атайын рецепттерди эсептен чыгаруу жана жок кылуу жөнүндө ЖОБО
1. Каза болгон бейтаптын туугандары тарабынан тапшырылган жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен, урулган, жараксыз баңги жана психотроптук дары-дармек каражаттары, баңги дары-дармек каражаттарынын калдыктары саламаттык сактоо уюмунун же дарыкана уюмунун буйругу менен түзүлгөн комиссия (кеминде үч адам) тарабынан уюмдун жетекчисинин төрагалыгы менен баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнүн катышуусунда тиркелген форма боюнча тиешелүү актыны тариздөө менен айына бир жолудан кем эмес жолу эсептен чыгарылууга жана жок кылынууга тийиш.
2. Саламаттык сактоо уюмдарында баңги каражаттарынын калдыктарын жана инкурабелдүү бейтап каза болгондон кийин калган атайын рецепттерди туура эмес пайдаланууну болтурбоо максатында уюмдардын жетекчилери туугандары тарабынан тапшырылган баңги каражаттарынын калдыктарын жана пайдаланылбаган рецепттерди эсепке алууну уюштурууга тийиш. Саламаттык сактоо уюмунун буйругу менен көрсөтүлгөн эсепке алуу каза болгондугу жөнүндө күбөлүктү тариздөөгө, каза болгон инкурабелдүү бейтаптын туугандарынан пайдаланылбаган рецепттерди, баңги заттарды камтыган дары-дармек каражаттарынын калдыктарын кабыл алууга жооптуу кызматкерге жүктөлөт. Бул кызматкер амбулатордук картага жазылган кезектеги рецептти алган учурдан тартып препараттын чыгымдарын салыштырып текшерүүгө тийиш. Тапшырылган рецепттердин жана препараттардын саны, алардын аталышы, дозалоо (концентрациясы) жана дарылык формалары (ампулалар, таблеткалар, порошоктор, трансдермалдык формалар) каза болгон инкурабелдүү бейтаптардын туугандары тарабынан тапшырылган пайдаланылбаган рецепттердин жана баңги каражаттарынын калдыктарынын эсепке алуу журналына (бул Жобонун 1-тиркемеси) номерленип, тигилип, саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин колу коюлуп жана бекитилген тегерек мөөрү коюлуп катталат. Журналдын формасы тиркелет.
Тапшырылган препараттар жана рецепттер жок кылынганга чейин сейфте сакталууга тийиш.
3. Мөөнөтү өтүп кеткен, урулган, жараксыз баңги жана психотроптук каражаттар, баңги дары-дармек каражаттарынын калдыктары, каза болгон инкурабелдүү бейтаптардын туугандары тарабынан тапшырылган толтурулган рецепттик бланктар жок кылынууга тийиш: порошоктор, таблеткалар, трансдермалдык формалар жана күйгүзүү жолу менен алынган рецепттер, ампулалык эритмелер - майдалоо жолу менен.
4. Эсепке алуу журналында жок кылынган баңги каражаттарынын саны жөнүндө белги коюлат. Жок кылуу фактысы боюнча баңги каражаттарын жок кылууга катышкан тараптардын саны боюнча нускадагы санда акт (ушул Жобонун 2, 3-тиркемелери) түзүлөт.
|
| Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана атайын рецепттерди эсептен чыгаруу жана жок кылуу жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Каза болгон инкурабелдүү бейтаптардын туугандары тарабынан тапшырылган пайдаланылбаган рецепттерди жана баңги каражаттардын калдыктарын эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
№ п/п | Келип түшкөн 1 датасы | Бейтаптын Ф.А.А., дареги | Рецепттердин жалпы саны | Анын ичинде номерлери боюнча | Тапшырылган баңги каражаттардын аталышы | Ампулалардын, порошоктордун, таблеткалардын саны | Тапшыргандын Ф.А.А., колу | Кабыл алгандын Ф.А.А., колу | Жок кылуу саны жана ыкмасы жөнүндө белги |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана атайын рецепттерди эсептен чыгаруу жана жок кылуу жөнүндө жобого 2-тиркеме |
|
| "Бекитем" |
|
| Башкы врач (директор) 20___-ж. "___" _____________ |
_________________________________________________________________________ Саламаттык сактоо уюмунун (дарыкана уюмунун) аталышы
АКТ
Төмөнкү курамдагы комиссия (үч адамдан кем эмес)
________________________________________________________________________________________ Ф.A.А., кызмат орду
_________________________________________________________ 20___-жылдын "___" ____________
үйүндө каза болгон бейтаптардын туугандары тапшырган баңги каражаттардын калдыгын жана атайын рецепттик бланктарды, ошондой эле __________ мезгилде төмөнкү аталыштагы сынган жана жараксыз болгондорду жок кылууну жүргүздү.
Ампулаларда:
1) _______________________________________________________________________________ даана;
2) _______________________________________________________________________________ даана;
3) _______________________________________________________________________________ даана.
Порошоктордо:
1) _______________________________________________________________________________ даана;
2) _______________________________________________________________________________ даана.
Таблеткалар менен:
1) _______________________________________________________________________________ даана;
2) _______________________________________________________________________________ даана.
Рецепттик бланктар:
Сериясы жана бланктын № ________________________________________________________________
Дары-дармектер майдалоо (ампулалар) жана күйгүзүү (порошоктор, таблеткалар, рецепттик бланктар) жолу менен жок кылынды.
Төрага: _________________________________________________________________
Комиссия мүчөлөрүнүн колдору: ___________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
Эскертүү: Актылар үч жыл сакталат; жок кылынган ампулалардын, порошоктордун, таблеткалардын саны жазуу жүзүндө көрсөтүлөт.
|
| Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана атайын рецепттерди эсептен чыгаруу жана жок кылуу жөнүндө жобого 3-тиркеме |
|
| "Бекитем" |
|
| Башкы врач (директор) 20___-ж. "___" _____________ |
_____________________________________________________________ Саламаттык сактоо уюмунун аталышы
Саламаттык сактоо уюмдарында колдонулган баңги каражаттардын ампулаларын жок кылуу АКТЫ
Төмөнкү курамдагы комиссия (үч адамдан кем эмес):
_______________________________________________________________________________________ Ф.A.А., кызмат орду
20___-жылдын "___" ______________ ______________________________________________________
баңги каражаттарын колдонгон ____________________________________________________________
(амбулатордук картанын № көрсөтүү керек) _________________________________________________
бейтаптардын (саны) _______________________________________________________________ даана
сандагы (жазуу менен) ___________________________________________________________________
20___-жылдын "___" ____________ тартып 20___-жылдын "___" ____________ чейинки мезгилде баңги каражаттардын колдонулган ампулаларын жок кылууну жүргүздү.
Ампулалар майдалоо жолу менен жок кылынды.
Комиссия мүчөлөрүнүн колдору: ___________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
Эскертүү: Акт үч жыл сакталат.".