Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 482 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-февралы №69
Мунайзаттарга коштоочу накладнойдун формасын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесин аткаруу, күйүүчү-майлоочу материалдардын түшүшүн эсепке алууну тартипке келтирүү жана контролдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мунайзаттарга коштоочу накладнойдун тиркелген формасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы №461 "Мунайзаттарды эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Мунайзаттарды эсепке алуунун жана контролдоонун жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуунун тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети (мындан ары - СЖМК)" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин тиешелүү башкармалыгынын" деген сөздөр "аймактык салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункттагы "салыктар жана жыйымдар боюнча комитетинин" деген сөздөр "аймактык салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы комитети (мындан ары - МБК) тарабынан берилген товарлардын мунай базадан жөнөтүлгөндүгү жөнүндө маалыматтардын негизинде" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу салык органы бажы иштери боюнча ыйгарым укуктуу" мамлекеттик орган тарабынан берилген товарлардын мунай базадан жөнөтүлгөндүгү жөнүндө маалыматтардын негизинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункттагы "СЖМК жана МБК" деген аббревиатуралар "Ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 4-мартында № 17 жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-февралындагы № 69 токтому менен бекитилген |
Номер: № _________ Датасы: 20__-ж."___" ______________ КНС боюнча эсеп-фактурага сериясы ___ номери ____20__-ж.__ күнү ___ айы
┌──────┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬──────┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┐
│Жетки-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │Сатып │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│рүүчү │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │алуучу│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ИСН │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ИСН │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──────┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┼──────┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┤
│ЖИнин аты-жөнү/уюмдун аталышы:____│ЖИнин аты-жөнү/уюмдун аталышы:____│
│__________________________________│__________________________________│
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│Дареги:___________________________│Дареги:___________________________│
├─┬─┬─┬────────────────────────────┼─┬─┬─┬────────────────────────────┤
│ │ │ │ коду жана салык органынын │ │ │ │ коду жана салык органынын │
│ │ │ │ аталышы │ │ │ │ аталышы │
├─┼─┼─┼─┬─┬─┬─┬─┬─┬────────────────┼─┼─┼─┼─┬─┬─┬─┬─┬─┬────────────────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ коду жана │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ коду жана │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ банктын │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ банктын │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ аталышы │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ аталышы │
├─┴─┴─┴─┴─┴─┼─┼─┼─┼─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬──┼─┴─┴─┴─┴─┴─┼─┼─┼─┼─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬──┤
│Алыш-бериш │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │Алыш-бериш │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ эсеби │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ эсеби │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴──┴───────────┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴──┤
│Төлөө формасы:_______________________________________________________│
│ (б/н - төлөмдүк тапшырманын №; │
│_____________________________________________________________________│
│ накталай эсеп - кириш кассалык ордердин № жана датасы; │
│_____________________________________________________________________│
│ консигнация - келишимдин № жана датасы) │
├───────┬────────┬────────┬───────┬─────┬─────────┬───────────┬───────┤
│ЕврАзЭС│Мунай- │Өлчөө │Саны │Баасы│ КНСсыз │ КНС │Сатуу- │
│ТЭИ ТН │заттын │бирдиги │(көлө- │(сом)│ наркы ├─────┬─────┤нун │
│коду │аталышы │(литр │мү) │ │ (сом) │Став-│Сум- │жалпы │
│ │ │менен) │ │ │ │касы │масы │наркы │
│ │ │ │ │ │ │ │(сом)│(сом) │
├───────┼────────┼────────┼───────┼─────┼─────────┼─────┼─────┼───────┤
├───────┼────────┼────────┼───────┼─────┼─────────┼─────┼─────┼───────┤
├───────┼────────┼────────┼───────┼─────┼─────────┼─────┼─────┼───────┤
├───────┼────────┼────────┼───────┼─────┼─────────┼─────┼─────┼───────┤
├───────┼────────┼────────┼───────┼─────┼─────────┼─────┼─────┼───────┤
│ │Жыйынты-│ x │ │ x │ │ x │ │ │
│ │гы: │ │ │ │ │ │ │ │
├───────┴────────┴────────┴───────┴─────┴─────────┴─────┴─────┴───────┤
│Жеткирүүгө келишимдин (контракттын) датасы жана номери ______________│
│ │
│Жүк ташуучу: (айдоочунун аты-жөнү, айдоочулук күбөлүктүн сериясы, │
│номери жана берген күнү, автомашинанын маркасы жана номери, │
│жолдомонун номери жана датасы) │
│_____________________________________________________________________│
│_____________________________________________________________________│
│_____________________________________________________________________│
│ │
│КОНТРОЛДУК ПЛОМБА КОЮУ ЖӨНҮНДӨ САЛЫК ОРГАНЫНЫН ЖООПТУУ КЫЗМАТКЕРИНИН │
│БЕЛГИСИ: │
│Пломбаны коюу орду __________________________________________________│
│Пломбиратордун жана пломбанын номери ________________________________│
│Салык органынын кызматкеринин кызмат орду жана аты-жөнү _____________│
│Датасы жана колу ____________________________________________________│
│ │
│Чарба жүргүзүүчү субъект үчүн эскертүү: (маалымдама же маалымат │
│мүнөзүндөгү бардык кошумча маалыматтар көрсөтүлөт). │
│ │
│Жүктү дайындоо пункту (резервуарлардын, МКСтын жайгашкан орду)_______│
│_____________________________________________________________________│
│ │
│ЖИБЕРҮҮЧҮНҮН ЖАНА МУНАЙЗАТТЫ АЛУУЧУНУН ЖООПКЕРЧИЛИГИ: │
│"Биз мунайзаттарга ушул коштоочу накладнойдо келтирилген │
│маалыматтардын толуктугуна жана тактыгына Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартабыз" │
│ │
│ТОВАРДЫ БЕРДИ: │
│ │
│Жетекчинин аты-жөнү___________ Башкы бухгалтердин аты-жөнү___________│
│Колу ___________________ Колу __________________________ │
│ │
│М.О. │
│ │
│"ТОВАРДЫ АЛДЫ:" │
│ │
│Кызматы жана аты-жөнү ____________________ │
│Колу, датасы ___________________________ │
│ │
│М.О. │
│ │
│Эскертүү: Мунайзаттарга коштоочу накладной эки нускада толтурулат, │
│биринчиси мунайзатты сатып алуучуга берилет, экинчи нускасы жеткирип │
│берүүчүдө калат. Мунайзаттарга коштоочу накладной катуу отчеттуулук │
│бланктар сыяктуу эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын │
│1-ноябрындагы № 513 "Чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишмердигине │
│мамлекеттик салыктык контролдоону күчөтүү боюнча кээ бир иш-чаралар │
│жөнүндө" токтомуна ылайык салык органында салыктык каттоо орду боюнча│
│каттоодон өтүүгө жатат. │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘