Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы №50 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-февралы №71
Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана 2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз учурунда жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө
2011-жылы жазгы-талаа иштерин жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу көлөмдө айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз учурунда жана уюшкандыкта өткөрүү үчүн республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылы жазгы-талаа иштерине даярдык көрүү жана өткөрүү менен байланышкан маселелерди ыкчам кароо жана чечүү боюнча Республикалык штаб 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
- чарбакер субъекттерге 2-тиркемеге ылайык 2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарынын түзүмүн сунушташсын;
- облустарда жана райондордо 2011-жылы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө тиешелүү маселелерди ыкчам кароо жана чечүү боюнча жумушчу штабдарды түзүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрү менен бирдикте себилүүчү жана отургузулуучу материалды себүү кондициясына чейин жеткирүүнү, болгон керектөөгө жараша үрөндү толук топтоону жана ага себүү алдындагы зыянсыздандырууну сөзсүз түрдө жүргүзүүнү, ошондой эле жазгы-талаа иштерин өз учурунда жүргүзүү үчүн айыл чарба техникасынын максимум даярдыгын камсыз кылышсын;
- ички рынокко тиешелүү соода компанияларын жана фирмаларды тартуу жолу менен күйүүчү-майлоочу материалдарды, минералдык жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана айыл чарба техникасына запастык тетиктерди сатып алуу маселелеринде айылдык товар өндүрүүчүлөргө көмөк көрсөтүшсүн, ошондой эле бардык күзгү кылкандуу дан эгиндери себилген жерлерди азоттуу минералдык жер семирткичтер менен эрте жазда азыктандыруу боюнча иштерди уюштурушсун;
- айдоо жерлердин пайдаланылбаган аянттарын сөзсүз азайтуу жана аларды айыл чарбалык жүгүртүүгө киргизүү боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн;
- суу пайдалануучулардын региондук ассоциациялары менен бирдикте ички чарбалык сугат тармагына өз учурунда ремонт жүргүзүүнү уюштурушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте:
2011-жылдын 25-февралына чейинки мөөнөттө мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча (Япония Өкмөтүнүн грантынын жана Кытай Эл Республикасынын грантынын линиясы боюнча 10 жыл ичинде тындыруу мөөнөтү менен алынган кредиттерди кошпогондо) өзүнүн карызын тындыруу эсебине республикалык мамлекеттик үрөн фондусуна жазгы буудай менен жазгы арпанын сертификацияланган сорттуу үрөндөрүн (супер элита, элита, биринчи жана экинчи репродукциядагы) топтоого мүмкүнчүлүгү бар үрөнчүлүк чарбаларындагы жана башка чарбакер субъекттердеги алардын көлөмүн тактасын;
- Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту, Кыргыз мал чарба жана жайыттар илим-изилдөө институту жана "Машина сыноо станциясы" ачык акционердик коому менен бирдикте 2011-жылдын ичинде Кыргыз Республикасындагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана үрөнчүлүгү боюнча программанын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте айылдык товар өндүрүүчүлөрдү өздөрүндө болгон айыл чарба техникасына запастык тетиктер, түйүндөр жана агрегаттар менен камсыздоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык, облустук жана райондук мамлекеттик комиссиялар кабыл алган чечимдердин негизинде жазгы буудайдын жана жазгы арпанын үрөндөрүн алуучулар менен 2011-жылдын 30-декабрына чейин алынган товардык кредитти кайтарып берүү, ал эми Нарын облусунун, Ош облусунун Алай жана Чоң Алай райондорунун, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунун, ошондой эле Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн айылдык товар өндүрүүчүлөрү менен 2012-жылдын 30-декабрына чейин кайтарып берүү мөөнөтү менен кредиттик жана күрөөлүк келишимдерди өз учурунда тариздөөнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 2011-жылдын 25-февралына чейинки мөөнөттө республикалык мамлекеттик үрөн фондуна топтолгон жана сорт жаңылоо үчүн үрөнчүлүк чарбаларына жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө берилүүчү сертификацияланган үрөндөр үчүн өндүрүштүк себүүлөргө коюуга суперэлита, элиталык үрөндөргө, биринчи жана экинчи репродукциядагы үрөндөргө мамлекеттин сатып алуу баасын белгилесин.
6. Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясына 2011-жылдын жазгы-талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде 3-тиркемеге ылайык көлөмдө күйүүчү-майлоочу материалдарды республиканын региондоруна үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 4-мартында № 17 жарыяланды
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри, штабдын төрагасынын орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун орун басары;
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлөөчү орун басары;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлөөчү орун басары;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлөөчү орун басары;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлөөчү орун басары;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлөөчү орун басары;
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлөөчү орун басары;
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлөөчү орун басары.
(миң га)
┌─────────────┬──────────┬────────────────────────────────────────────┐
│Өсүмдүктөрдүн│Республика│ Анын ичинде облустар боюнча │
│ аталышы │ боюнча ├──────┬──────┬──────┬─────┬─────┬─────┬─────┤
│ │ │Баткен│Жалал-│ Ысык-│Нарын│ Ош │Талас│ Чүй │
│ │ │ │ Абад │ Көл │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Себүү аянты │ 1168,9 │ 62,5 │ 147,0│181,1 │101,1│175,1│102,0│400,1│
├─────────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Бардык дан │ 632,6 │ 41,9 │ 64,8│100,3 │ 31,1│ 94,4│ 59,8│240,3│
│өсүмдүктөрү │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Анын ичинде │ 391,4 │ 22,9 │ 36,1│ 78,0 │ 16,0│ 71,6│ 20,3│146,5│
│буудай │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Арпа │ 117,2 │ 7,6 │ 2,2│ 21,4 │ 15,0│ 6,0│ 1,4│ 63,6│
├─────────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Жүгөрү │ 80,6 │ 6,8 │ 23,3│ - │ 0,1│ 15,0│ 6,4│ 29,0│
├─────────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Дан буурчак │ 35,2 │ 2,0 │ 0,4│ 0,4 │ - │ 0,3│ 31,7│ 0,4│
├─────────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│башка │ 8,2 │ 2,6 │ 2,8│ 0,5 │ - │ 1,5│ - │ 0,8│
├─────────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Кант │ 12,2 │ - │ - │ - │ - │ - │ 1,7│ 10,5│
│кызылчасы │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Пахта │ 35,4 │ 0,3 │ 19,6│ - │ - │ 15,5│ - │ - │
├─────────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Тамеки │ 4,6 │ 0,7 │ 0,4│ - │ - │ 3,5│ - │ - │
├─────────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Май │ 61,7 │ 2,4 │ 24,7│ 0,2 │ - │ 18,9│ 1,6│ 13,9│
│өсүмдүктөрү │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Картөшкө │ 84,0 │ 2,2 │ 7,6│ 31,4 │ 7,0│ 10,1│ 15,8│ 9,9│
├─────────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Жашылчалар │ 43,3 │ 2,3 │ 9,6│ 2,7 │ 0,7│ 6,2│ 3,8│ 18,0│
├─────────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Бакча │ 7,3 │ 0,2 │ 3,5│ - │ - │ 1,7│ - │ 1,9│
│өсүмдүктөрү │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼──────────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Тоют │ 287,8 │ 12,5 │ 16,8│ 46,5 │ 62,3│ 24,8│ 19,3│105,6│
└─────────────┴──────────┴──────┴──────┴──────┴─────┴─────┴─────┴─────┘
3-тиркеме
(тонна)
┌───────────────────────┬──────────┬──────────┬────────────┬──────────┐
│ Облустардын аталышы │ Дизелдик │ Бензин │Дизелдик май│ Автол │
│ │ отун │ │ │ │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼────────────┼──────────┤
│Баткен │ 2308 │ 577 │ 115 │ 34 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼────────────┼──────────┤
│Жалал-Абад │ 6146 │ 1536 │ 307 │ 92 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼────────────┼──────────┤
│Ысык-Көл │ 7149 │ 1787 │ 357 │ 107 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼────────────┼──────────┤
│Нарын │ 2178 │ 544 │ 108 │ 32 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼────────────┼──────────┤
│Ош │ 5625 │ 1406 │ 281 │ 84 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼────────────┼──────────┤
│Талас │ 4503 │ 1125 │ 225 │ 67 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼────────────┼──────────┤
│Чүй │ 12129 │ 3032 │ 606 │ 180 │
├───────────────────────┼──────────┼──────────┼────────────┼──────────┤
│Республика боюнча │ 40038 │ 10007 │ 2000 │ 596 │
└───────────────────────┴──────────┴──────────┴────────────┴──────────┘