Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 35 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-январы № 50
2012-жылы Кыргыз Республикасында жазгы-талаа жумуштарын
уюштуруу жана өз убагында өткөрүү чаралары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 14-сентябрындагы № 618 токтомунун
редакциясына ылайык)
Жазгы-талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандык менен өткөрүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик жана донордук колдоо көрсөтүү, өлкөнүн азык-түлүктүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2012-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сунушталган түзүмүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бардык кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун, республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн эң маанилүү милдети - жазгы-талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандык менен өткөрүү жана 2012-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сунушталган себүү аянттарын аткаруу маанилүү милдети деп эсептелсин.
2. 2012-жылда жазгы себүү өнөктүгүн даярдоого жана өткөрүүгө, оруп-жыйноо жана күзгү-талаа жумуштарына байланышкан маселелерди оперативдүү чечүү боюнча 1-тиркемеге ылайык курамдагы республикалык штаб түзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги республикалык штабдын жумушчу органы болуп аныкталсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары республиканын облустарында жана райондорунда ушул сыяктуу штабдарды түзсүн жана жазгы-талаа жумуштарын даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө республикалык штабдын жумушчу органына жума сайын оперативдүү маалымат берүүнү камсыз кылышсын.
4. 2-тиркемеге ылайык 2012-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарынын түзүмү бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри республикага минералдык жер семирткичтерди зарыл көлөмдөрдө алып келүүнү камсыз кылуу боюнча Өзбекстан Республикасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү өзгөчө контролдукка алсын.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге:
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кондициялык себүү жана тигилүүчү материалды керектөөлөрүн толук көлөмдө камсыз кылсын;
- Айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлеринен республиканын үрөн чарбаларына сугат аянттарын кошумча бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени караштырышсын;
- бардык айылдык аймактарда себүү жана кыртыш иштетүүчү жумуш үчүн жарактуу айыл чарба техникасын инвентарлаштырууну жүргүзүүнү уюштурушсун жана аларды ремонттоону уюштуруу жана запастык бөлүктөр жана башка зарыл жабдуулар менен толуктоо боюнча чараларды көрүшсүн;
- минералдуу жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары менен үзгүлтүксүз соода жүргүзүү үчүн берилүүчү фирмалар менен зарыл шарттарды түзүшсүн;
- чарбалык ички сугат тармагын өз убагында тазалоону, гидротехникалык курулмаларды ремонттоону уюштуруу, ошондой эле күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн, көп жылдык чөптөрдү, ошондой эле мөмө-жемиштерди вегетациялык сугаттан өз убагында өткөрүүнү уюштуруу.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-жылга республикалык бюджетте:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги сертификацияланган үрөндөрдү сатып алуу үчүн 50,0 млн сом суммасында каражат караштырсын, анын ичинде 30,0 млн сом суммага буудай жана арпа үрөнүн, алардын 12,0 млн сому - 2012-жылдын жазгы себүүсү үчүн жана 18,0 млн сом - 2013-жылдын түшүмү үчүн күздүк себүүгө, 2012-жылдагы жазгы себүүгө пайдалануу үчүн 20,0 млн сом суммасы беде жана эспарцет үрөнү үчүн;
- 2012-жылга караштырылган мамлекеттик бюджетте жылдык финансылоонун көлөмүнүн 70 пайыз өлчөмүндө акча каражатын 2012-жылдын биринчи кварталына бөлүү менен мамлекеттик суу чарба объекттеринде ремонттук-калыбына келтирүү жумуштарын өз убагында финансылоону караштырсын.
8. "Фермерлерге жеткиликтүү кредиттер - 2" долбоору боюнча "Айыл банк" ачык акционердик коомуна бөлүнгөн акча каражатын республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө акчалай кредит берүү үчүн 1,0 млрд сом көлөмүндөгү сумманы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин сунуштары боюнча өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык тармактарынын артыкчылыктуу багыттары боюнча бөлүү сунушталат.
9. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- 2012-жылдын биринчи кварталында республиканын үрөн чарбаларынан сертификацияланган жана райондоштурулган жазгы буудай үрөнүн, жазгы арпа, эспарцет жана бедени сатып алуу боюнча тендер өткөрүүнү уюштурсун;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына учурдагы жазгы себүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кондициялык сорту жана гибриддик үрөндөрүн толук көлөмдө камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду менен бирге республикалык мамлекеттик үрөн фондунда жазгы буудай жана жазгы арпанын сертификацияланган Япониянын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттарынан башка 10 жылдык мөөнөттө төлөө менен берилген мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча өзүнүн карызын үрөн чарбаларынын жана башка чарба субъекттеринин төлөөсүнүн эсебинен чогултуп топтосун;
- айылдык товар өндүрүүчүүлөргө үрөндөрдү бөлүштүрүү жөнүндө товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссияга сунуштарын киргизсин;
- чарбалар аралык сугат тармактарын өз убагында тазалоону, гидротехникалык курулмаларды ремонттоону, ошондой эле күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн, көп жылдык чөптөрдүн, ошондой эле эгилген мөмө-жемиштердин вегетациялык сугаттарын өз убагында өткөрүү үчүн сугат суусун өз убагында берүүнү уюштурушсун.
10. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги:
- бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги сатып алуучу, ошондой эле аларды айылдык товар өндүрүүчүлөргө берүү максатында республикалык мамлекеттик үрөн фондунда чогултулуучу жазгы буудай, жазгы арпа, беде жана эспарцеттин сертификацияланган үрөндөрүн сатып алуунун баасын белгилесин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-мартындагы № 82-б буйругунун 6-пунктунда белгиленген жазгы арпа үрөндөрүнүн 1 кг үчүн берилүүчү бааларын, ошол сыяктуу үрөндөрдүн калыптанган рынок бааларына теңештирүүнү караштырсын.
11. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жазгы буудай, жазгы арпа, беде жана эспарцеттин үрөндөрүн алуучулар менен бардык аталган айыл чарба өсүмдүктөрү (беде үрөнүнөн башка) боюнча 2012-жылдын 31-декабрына чейин, ал эми беде жана эспарцет үрөнү боюнча 2013-жылдын 31-декабрына чейин төлөө мөөнөтүндө пайызсыз товардык кредит берүү шарттарында кредиттик жана күрөө келишимдерин өз убагында түзсүн. Мында Нарын облусунун бийик тоолуу региондорунун, Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунун, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын айылдык товар өндүрүүчүлөрү үчүн жазгы буудай жана жазгы арпа үрөндөрү, ошондой эле 2012-жылдын жазгы себүүсүндө пайдалануу үчүн Казакстан Республикасынан алынган гибриддик жүгөрүнүн үрөндөрү түрүндөгү аталган пайызсыз товардык кредитти төлөөнүн мөөнөтү 2013-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин.
12. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен (анын билдирүүсү боюнча) макулдаштыкта өндүрүштүк суу чарба объекттеринин 2012-жылдагы электр энергиясын керектөөсүнүн лимитин бекитсин.
13. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын аймагынан күйүүчү-майлоочу материалдарды жана минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып чыгууга жол бербөө боюнча толук чара көрүшсүн.
14. "Кыргыз тамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясы 2012-жылдын 15-февралына чейинки мөөнөттө тамеки рыногуна инвесторлорду тартуу жана тамеки чийки затын өндүрүү жана сатуу келишимдерин түзүү боюнча уюштуруучулук иш-чараларын жүргүзсүн.
15. Айыл чарба жумуштарын жүргүзүүдө иштеген айыл чарба техникасын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу, республиканын облустарында жана райондорунда 3-тиркемеге ылайык күйүүчү-майлоочу материалдардын көлөмдөрүндө нефть базаларындагы жана автомай куюучу станцияларда чогултуу максаттарында камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясына сунушталсын.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана 2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз учурунда жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
17. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын "КР Өкмөтүнүн Ченемдик актылары" тиркемесинде 2012-жылдын 31-январында № 1-2 (406-407) жарыяланды
18. Бул токтомдун контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
|
Ө. Бабанов |
1-тиркеме
2012-жылы жазгы-талаа иштерин даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан
маселелерди оперативдүү чечүү боюнча республикалык штабдын
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 14-сентябрындагы № 618 токтомуна ылайык
күчүн жоготту)
2-тиркеме
2012-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн
себүү аянттарынын сунушталган
ТҮЗҮМҮ
(миң га)
┌─────────┬───────┬───────────────────────────────────────────────────┐
│ │Респуб-│ Анын ичинде облустар боюнча │
│ │ лика ├────┬─────────┬─────────┬─────┬──────┬──────┬──────┤
│ │боюнча │Бат-│ Жа- │Ыссык-Көл│Нарын│ Ош │Талас │ Чүй │
│ │ │кен │лал-Абад │ │ │ │ │ │
├─────────┼───────┼────┼─────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Дан өсүм-│ 614,6 │40,2│ 58,0 │ 94,4 │29,2 │ 84,9 │60,1 │247,8 │
│дүктөрү, │ │ │ │ │ │ │ │ │
│бардыгы │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────┼───────┼────┼─────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Анын │ 348,6 │18,5│ 21,0 │ 71,1 │17,8 │ 56,7 │12,6 │150,9 │
│ичинде │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────┼───────┼────┼─────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Арпа │ 128,6 │ 8,7│ 4,75 │ 22,7 │11,2 │ 7,3 │ 1,6 │ 72,3 │
├─────────┼───────┼────┼─────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Жүгөрү │ 84,9 │ 8,5│ 28,5 │ │ 0,09│ 19,2 │ 5,7 │ 22,9 │
├─────────┼───────┼────┼─────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Дан │ 42,5 │ 1,9│ │ 0,1 │ │ 0,25│40,2 │ 0,44│
│буурчак │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────┼───────┼────┼─────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Башка │ 9,6 │ 2,6│ 3,7 │ 0,5 │ 0,04│ 1,5 │ │ 1,3 │
├─────────┼───────┼────┼─────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Кант │ 11,7 │ │ │ │ │ │ 1,2 │ 10,5 │
│кызылча │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────┼───────┼────┼─────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Пахта │ 37,4 │ 0,3│ 21,1 │ │ │ 16,0 │ │ - │
├─────────┼───────┼────┼─────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Тамеки │ 5,5 │ 1,0│ 0,9 │ │ │ 3,6 │ │ - │
├─────────┼───────┼────┼─────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Май │ 56,4 │ 2,2│ 25,2 │ │ 0,02│ 17,8 │ 2,5 │ 8,7 │
│өсүмдүк- │ │ │ │ │ │ │ │ │
│төрү │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────┼───────┼────┼─────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Картөшкө │ 84,2 │ 2,4│ 8,4 │ 31,3 │ 5,9 │ 11,9 │15,1 │ 9,2 │
├─────────┼───────┼────┼─────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Жашылча- │ 46,1 │ 2,7│ 9,95 │ 2,5 │ 0,5 │ 9,3 │ 3,9 │ 17,2 │
│лар │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────┼───────┼────┼─────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Бакча │ 7,9 │ 0,2│ 3,3 │ │ │ 1,9 │ 0,015│ 2,5 │
│өсүмдүк- │ │ │ │ │ │ │ │ │
│төрү │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────┼───────┼────┼─────────┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┤
│Тоют │ 303,5 │13,7│ 19,6 │ 50,4 │67,4 │ 27,4 │20,6 │104,6 │
│өсүмдүк- │ │ │ │ │ │ │ │ │
│төрү │ │ │ │ │ │ │ │ │
└─────────┴───────┴────┴─────────┴─────────┴─────┴──────┴──────┴──────┘
3-тиркеме
2012-жылы айдоо, себүү алдындагы жана себүү
иштерин жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн
күйүүчү-майлоочу материалдарга
КЕРЕКТӨӨЛӨРҮ
(тонна)
┌────────────────────────────────┬──────────┬────────┬────────┬───────┐
│Облустардын аталыштары │ Дизель │ Бензин │ Дизель │ Автол │
│ │ отуну │ │ майы │ │
├────────────────────────────────┼──────────┼────────┼────────┼───────┤
│Республика │ 41238 │ 10407 │ 2000 │ 596 │
├────────────────────────────────┼──────────┼────────┼────────┼───────┤
│Баткен │ 2408 │ 627 │ 115 │ 34 │
├────────────────────────────────┼──────────┼────────┼────────┼───────┤
│Жалал-Абад │ 6346 │ 1586 │ 307 │ 92 │
├────────────────────────────────┼──────────┼────────┼────────┼───────┤
│Ысык-Көл │ 7349 │ 1887 │ 357 │ 107 │
├────────────────────────────────┼──────────┼────────┼────────┼───────┤
│Нарын │ 2378 │ 594 │ 108 │ 32 │
├────────────────────────────────┼──────────┼────────┼────────┼───────┤
│Ош │ 5825 │ 1456 │ 281 │ 84 │
├────────────────────────────────┼──────────┼────────┼────────┼───────┤
│Талас │ 4603 │ 1175 │ 225 │ 67 │
├────────────────────────────────┼──────────┼────────┼────────┼───────┤
│Чүй │ 12329 │ 3082 │ 606 │ 180 │
└────────────────────────────────┴──────────┴────────┴────────┴───────┘