Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 8-апрели №145
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы №143 "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылардын институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
- 11-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- белгиленген тартипте Министрлик системасынын кызматкерлерин кызматтан бошотот;";
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Статс-катчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте министр менен макулдашуу боюнча:
- талапкерлерди бош турган административдик мамлекеттик кызматтарга дайындайт;
- Министрлик системасынын административдик мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчыларын которуштурууну жана ротациялоону ишке ашырат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 12-апрелинде № 27 жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |