ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-апрелиндеги №145 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733»Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому

Редакция08.04.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 8-апрели №145

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы №143 "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылардын институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:

- 11-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- белгиленген тартипте Министрлик системасынын кызматкерлерин кызматтан бошотот;";

- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Статс-катчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте министр менен макулдашуу боюнча:

- талапкерлерди бош турган административдик мамлекеттик кызматтарга дайындайт;

- Министрлик системасынын административдик мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчыларын которуштурууну жана ротациялоону ишке ашырат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 12-апрелинде № 27 жарыяланды

 

Премьер-министри

А.Атамбаев