Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 8-апрели №148
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2011-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-февралындагы "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2011-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка киргизүү жөнүндө" ПЖ № 45 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылар жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарынан запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- 2011-жылдын апрель-июнунда чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын жоготкон эркек жарандар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка аскердик түзүлүштөрүнө мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакыруу ошондой эле чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка киргизүү боюнча иш чараларды уюштурсун;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен камсыз кылсын;
- маалымдоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болсо аларды автотранспорт менен жеткирүүнү уюштурсун;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чакыруу комиссияларынын иштөөсүн уюштуруу үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын төмөнкүлөр менен камсыздасын:
- жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медикаменттер, шаймандар, медициналык жана чарбалык мүлк, автомобиль транспорту, байланыш каражаттары;
- зарыл сандагы техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдын адамдары.
4. Республикалык чакыруу комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимин жокко чыгаруу жана башка мыйзамда каралган ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын суроо-талабы боюнча чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу адис дарыгерлерди жана орто медициналык кызматкерлерди бөлүп берсин;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөнү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелеринде кезексиз стационардык (амбулаториялык) текшерүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
- райондук (шаардык) комиссариаттарына жарандардын соттолгондугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 12-апрелинде № 27 жарыяланды
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргоону жөндөмдүүлүгүнүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-апрелиндеги №148 токтомуна тиркеме |
Карымбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасы.
Лебедев И.В. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы - аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу башкармалыгынын башчысынын орун басары;
Кутуев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу бөлүмүнүн улук офицери;
Усубалиев К.А. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу башкармалыгынын бөлүмүнүн улук офицери;
Мамбеталиев С.А. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу башкармалыгынын бөлүмүнүн башкы
адиси;
Мамыркулов А.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу Ё жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн инспектору жана укуктук тартип бөлүмүнүн инспектору.