Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 126 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июлу № 439
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 17 "Академиялык наам үчүн ставкаларды белгилөө жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 17 "Академиялык наам үчүн ставкаларды белгилөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтомдун күчү ушул токтом күчүнө киргенге чейин академиялык наам үчүн ставкалар белгиленген адамдарга жайылтылбай тургандыгы белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |