Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 356 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-январы № 25
Дене тарбия жана спорт объекттеринин республикалык реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле спорт объекттери жөнүндө маалыматтарды системага салуу максатында:
1. Дене тарбия жана спорт объекттеринин республикалык реестри жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Дене тарбия жана спорт объекттеринин республикалык реестрине киргизилбеген дене тарбия жана спорт объекттеринде тиешелүү жылга негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планында каралбаган спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жана Кыргыз Республикасынын курама командаларын даярдоого тыюу салынары белгиленсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) тийиштүү аймактагы дене тарбия жана спорт объекттеринин менчик ээлерин ушул токтом менен тааныштырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 2-пунктун кошпогондо расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |