Загрузка документа…
УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Правительства КР от 31 июля 2018 года № 356
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-январындагы № 25 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Реестрди түзүү тартиби
3. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү
4. Дене тарбия жана спорт объектиси жөнүндө маалыматтарды Реестрден чыгаруу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Дене тарбия жана спорт объекттеринин республикалык реестри жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарууда иштелип чыккан жана Дене тарбия жана спорт объекттеринин республикалык реестрине (мындан ары - Реестр) дене тарбия жана спорт объекттерин киргизүү жол-жобосун жөнгө салат.
2. Дене тарбия жана спортту башкаруунун республикалык мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана тиешелүү жылга негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына киргизилген спорттук иш-чараларды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын курама командаларын даярдоо үчүн пайдаланылуучу дене тарбия жана спорт объекттеринин саны, максаты жана абалы жөнүндө маалыматтарды системага салуу максатында реестрди түзөт.
3. Реестрди түзүү жана жүргүзүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Ушул Жободо дене тарбия жана спорт объектиси деп спорттук иш-чараларды жүргүзүүгө арналган кыймылсыз мүлк объекттери түшүнүлөт.
5. Реестр төмөнкү маалыматтарды камтыган электрондук маалымат базасы болуп саналат:
- дене тарбия жана спорт объектисинин аталышы;
- менчигинин түрү;
- юридикалык дареги;
- дене тарбия жана спорт объектисинин укук ээсинин аталышы (объект менчигинде, чарбалык жүргүзүүсүндө же оперативдүү башкаруусунда турган юридикалык жак, жеке жак);
- дене тарбия жана спорт объектисинин укук ээсинин салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН);
- кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органы тарабынан ыйгарылган кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду;
- дене тарбия жана спорт объектисинин эксплуатацияга берилген, реконструкциялоосу, капиталдык оңдоосу бүткөн жылы жана айы;
- дене тарбия жана спорт объектисинин баланстык наркы;
- учурдагы жылдын башына карата дене тарбия жана спорт объектисинин калдык наркы;
- дене тарбия жана спорт объектисинде спорттук иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүн болгон спорттун түрлөрү;
- дене тарбия жана спорт объектисинин жана көмөкчү курулмалардын аянты (кв.м);
- дене тарбия жана спорт объектиси жайгашкан жер участкасынын аянты (кв.м);
- көрүүчүлөр орундарынын саны;
- дене тарбия жана спорт объектисинин санитардык, гигиеналык жана өрткө каршы талаптарга ылайык келиши жөнүндө маалымат.
6. Реестрде дене тарбия жана спорт объектилеринин төмөнкүдөй аныктамалары колдонулат:
Автодром - спорттун техникалык түрлөрү менен машыгуу үчүн тегереги бекитилген трассадан турган ачык же жабык типтеги адистештирилген спорттук объект.
Арена - жабык типтеги спорттук көрүүчүлөр объекти, анын негизинде спорттун ар кандай түрлөрү боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн спорттук аянтча болот.
Муз аренасы - көрүүчүлөр үчүн жабык типтеги спорттук объект, анын негизин спорттун муздагы түрлөрү менен машыгуу үчүн жасалма музу бар аянтча түзөт.
Бассейн - спортун суудагы түрлөрү менен машыгуу үчүн курамында ваннасы бар ачык же жабык типтеги спорттук объект.
Велотрек - велоспорт үчүн арналган тегереги бекитилген айлампалуу түз жана жантайма вираждары бар ачык же жабык типтеги адистештирилген спорттук объект.
Спорттук зал - мейкиндикте белгиленген мүнөздөмөлөрү жана өлчөмдөрү бар, өз курамында оюндардын жана машыгуунун белгилүү түрлөрү үчүн жабдылган жана белги коюлган тийиштүү түрдөгү спорттук аянттан турган ачык же жабык типтеги спорттук объект.
Оюн залы - спорттун оюн түрлөрү үчүн зал - спорттун оюн түрлөрү боюнча машыгууларды жана мелдештерди өткөрүүгө арналган спорттук объект.
Скалодром - курамында аскага чыгуу боюнча машыгууларды жана мелдештерди өткөрүүгө арналган, аска рельефтерине окшош жалама беттен турган, шаймандар жана түзүлүштөр менен жабдылган адистештирилген спорттук курулма. Скалодром үчүн жалама беттерге асканын илинчектери коюлган ар кандай жантаймадагы жана маршруттагы аска рельефтерине окшогон атайын жабдылган залдын жантайма беттери мүнөздүү. Скалодром "жантайма бетте" камсыздандыруу жабдууларынын сөзсүз болушун жана "жантайма беттин" полунун коопсуз төшөлүшүн талап кылат.
Кайык айдоо каналы - спорт объекти, агымы ачык көрүнбөгөн, бүткүл узундугу боюнча тереңдиги кеминде 2,5 метр болгон, курамында кайык айдоого атайын жабдылган аралык болгон табигый же жасалма көлмө (көлмөнүн бир бөлүгү).
Кайык слалому үчүн канал - адистештирилген спорт объекти, агымы ачык көрүнгөн, түбү жана тереңдиги атайын уюштурулган профили менен курамында атайын жабдылган аралыктан турган жасалма көлмө.
Биатлон-лыжа комплекси - курамында лыжа стадиону, трасса жана аралыгы, лыжа жарышы жана биатлон үчүн арналган биатлон атуучу жайы бар комплекстүү спорт объекти.
Тоодон лыжа тебүү комплекси - трассага кар төшөөнү жана аны тейлөөнү, спортсмендерди старт берилген жерге көтөрүүнү камсыз кылган татаалдыгы жана зарыл инженердик инфраструктурасы ар кандай категориядагы тоодо лыжа тебүү трассасы, зарыл көмөкчү жабдуулары бар жантаймалардын топтомунан турган комплекстүү спорттук объект.
Ат спортунун комплекси - курамында атайын жабдылган аянты, талаасы, трассасы жана ачык жана жабык типтеги ат спорту үчүн аралыгы, ошондой эле аларга көз болуу үчүн тийиштүү инфраструктурасы бар адистештирилген комплекстүү спорт объекти.
Лыжа комплекси - курамында лыжа стадиону, трассасы жана лыжа жарышы үчүн арналган аралыгы бар адистештирилген комплекстүү спорт объекти.
Лыжа менен секирүү үчүн трамплин комплекси - ар кандай (же бирдей) кубаттуулуктагы лыжада секирүү үчүн трамплинден турган адистештирилген спорт объекти.
Жеңил атлетика манежи - жантайма вираждары менен айлампа чуркоочу жолчосу, спринтердик жүгүрүү үчүн түз жолчосу жана жеңил атлетика дисциплиналары үчүн жабдылган сектору менен жабык типтеги адистештирилген спорт объекти.
Көп функциялуу спорттук комплекс - өз курамында дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн эки жана андан ашык спорттук зонасы бар спорт объекти.
Коньки тебүү үчүн сүйрү жай - жасалма муз жолчосу бар айлампадан турган жабык типтеги спорттук объект.
Спорттун экстремалдык түрү үчүн парк - спорттун экстремалдык түрү менен машыгуу үчүн бөлүнгөн зонадан турган жабык же ачык типтеги комплекстүү спорт объекти.
Спорт аянтчасы - оюн жана машыгуулардын белгилүү түрү үчүн тийиштүү габариттери, чийиндери бар жана жабдылган тегиз аянтчалуу спорт объекти.
Спорт талаасы - спорттук оюндар жана машыгуулар үчүн тийиштүү мейкиндик-аймактык мүнөздөгү, чийиндери бар жана жабдылган ачык типтеги тегиз аянтчалуу спорт объекти.
Сноубордпарк - фристайл борбору - сноуборд жана тоодо лыжа фристайлы менен машыгуу үчүн зарыл болгон адистештирилген зоналардын топтомунан турган атайын жабдылган жантайма (бир нече жантайма) участкалары бар комплекстүү спорт объекти.
Стадион - көрүүчүлөрдүн ачык типтеги спорттук объекти, анын негизи - синтетикалык же накта чөп өстүрүлгөн спорттук талаа.
Ок атуучу жай - учуп бара жаткан бута боюнча сайсыз куралдан атуу үчүн атайын жабдылган траншеялары, ок атуучу зоналары жана ок атуу тилкеси бар бир нече ок атуу стенддеринен турган ачык типтеги адистештирилген спорттук объект.
Ок атуучу тир - сайлуу куралдан ок жана/же пневматикалык атуу үчүн буталар, ок агуу тилкеси жана ок атуу зонасы атайын жабдылган жабык же ачык типтеги адистештирилген спорттук объект.
Чана-бобслей трассасы - чана спорту, бобслей жана скелетон үчүн өз-өзүнчө старттык зоналары менен чана спорту жана бобслей боюнча спорттук иш-чараларды өткөрүүгө арналган вираждары бар жана жасалма муз капталган жантайма кобулдан турган адистештирилген спорттук объект.
Парус борбору - адистештирилген спорттук объект, анын курамына яхтинг менен машыгуу үчүн тийиштүү жабдуулары жана курулуштары бар акватория жана ага жамаатташ жаткан кургак жердин бир бөлүгү кирет.
Шахмат-шашки борбору - столдо ойнолуучу спорттун түрлөрү боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн жабык типтеги адистештирилген спорттук объект.
2. Реестрди түзүү тартиби
7. Менчигинде дене тарбия жана спорт объекттери бар жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга өзүлөрүнүн дене тарбия жана спорт объекттерин Реестрге киргизүү үчүн бекитилген формада арызын ыктыярдуу түрдө беришет. Реестрде маалыматтын жоктугу дене тарбия жана спорт объекттерин багыты боюнча колдонууга тыюу салууга негиз болуп саналбайт.
8. Арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти арыз ээси тартат. Ар бир дене тарбия жана спорт объектисине өзүнчө арыз берилет.
9. Арыз ыйгарым укуктуу органга 2 нускада берилет. Бир нускасы ыйгарым укуктуу органда калат, экинчи нуска кабыл алгандык жөнүндө белгиси менен арыз ээсине кайтарылат.
10. Реестр туруктуу негизде ыйгарым укуктуу органдын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат.
11. Ыйгарым укуктуу орган таламдаш мамлекеттик орган менен бирдикте Реестрге дене тарбия жана спорт объектисин киргизүү жөнүндө арыз алынган күндөн тартып 6 айдын ичинде арыз ээси берген маалыматтардын аныктыгын текшерет. Маалыматтардын туура эместиги аныкталган учурда дене тарбия жана спорт объектиси Реестрге киргизилбейт.
3. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү
12. Дене тарбия жана спорт объектиси жөнүндө маалыматтар өзгөргөн учурда бул жөнүндө менчик ээси 10 календарлык күндүн ичинде жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө тийиш.
13. Ыйгарым укуктуу орган жазуу жүзүндөгү билдирме алган учурдан тартып 5 күндүн ичинде Реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
14. Дене тарбия жана спорт объектиси жөнүндө маалыматтар өзгөргөндүгү жөнүндө өз убагында билдирме тапшырбагандык аны Реестрден чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
15. Арыз ээси авариялык кырдаал, форс-мажордук жагдай же маалыматы Реестрге киргизилген дене тарбия жана спорт объектисинде спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк бербеген башка жагдайлар пайда болгон күндөн тартып он күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга дене тарбия жана спорт объектисинде спорттук иш-чараларды өткөрүүнү токтото туруу мөөнөтү жөнүндө маалыматтан турган катты же дене тарбия жана спорт объектиси жөнүндө маалыматты Реестрден чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз жөнөтүүгө милдеттүү.
4. Дене тарбия жана спорт объектиси
жөнүндө маалыматтарды Реестрден чыгаруу
16. Дене тарбия жана спорт объектиси жөнүндө маалыматты Реестрден чыгаруу ыйгарым укуктуу орган тарабынан тийиштүү чечимдин негизинде жүргүзүлөт.
17. Реестрден чыгаруу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
а) менчик ээсинен алынган дене тарбия жана спорт объектиси жөнүндө маалыматты Реестрден чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
б) дене тарбия жана спорт объектисинин ишине тыюу салуу мезгилинде токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечими;
в) ушул Жобонун 13-пунктунун аткарылбашы.
18. Дене тарбия жана спорт объектиси Реестрден чыгарылган учурда арыз ээсине чыгарылган учурдан тартып 30 күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирме жиберилет.
|
|