Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 31-июлу № 356

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)

 

"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 108 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-январындагы № 25 "Дене тарбия жана спорт объекттеринин республикалык реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 35 "Дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик өз чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М.Абылгазиев