Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-январы № 27
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" токтомуна ылайык, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынан пайдаланууну жөнөкөйлөтүү жана чыгымдарды ыкчам каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. Фондду башкарууну Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңеши (мындан ары - Байкоочу кеңеш) жүргүзөт, анын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен түзүлөт.
Фонддун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачык-айкындыгын жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында Байкоочу кеңештин курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлү, Ысык-Көл облусунун райондорунун мамлекеттик администрацияларынын алдындагы коомдук байкоочу кеңештерден, Каракол жана Балыкчы шаарларынын жергиликтүү кеңештеринен бирден өкүл, ошондой эле коомдук уюмдардан, бирикмелерден жана жарандык сектордон кеминде үчтөн өкүлү киргизилет.";
- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"6. Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн укуктары жана жоопкерчилиги Байкоочу кеңеш бекиткен объекттердин тизмегине жана топтомо сметасына так ылайыкта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө (мындан ары - Фонддун каражаттарын тескөөчү) берилет.";
- 32-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- 50 проценти Фонддун атына ачылган өзүнчө "Эскроу-Эсепке" которулат жана ал "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы менен макулдашуу боюнча Фонддун каражаттарын тескөөчү тарабынан пайдаланылат.";
- 34-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байкоочу кеңештин кароосуна объекттердин кошумча тизмегин киргизүүгө укуктуу.";
- 36-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду тең каржылоого;
- облустун калктуу конуштарын суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоого жана курууга.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |