Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-январы № 34
Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтому менен түзүлгөн Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын (мындан ары - Мамлекеттик комиссия) отчетун угуп чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик комиссиянын тиркелген отчету эске алынсын.
2. Мамлекеттик комиссиянын отчету жиберилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине;
- "Центерра Голд Инк." компаниясынын директорлор кеңешине.
3. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Мамлекеттик комиссиянын отчетун берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен бирге Мамлекеттик комиссиянын отчетунда баяндалган актыларга укуктук баа берүү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коому "Центерра Голд Инк" акционердик компаниясынын акционерлеринин кезексиз чогулушун өткөрүү демилгесин көтөрсүн жана Кыргыз Республикасынын позициясын жана "Кумтор" долбоорунун андан ары өнүктүрүү жөнүндө маселелерди түшүндүрүү менен Мамлекеттик комиссиянын ишинин натыйжалары менен тааныштырышсын.
6. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
9. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коому "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКтын ишин токтото турууга жол бербөө, анын ичинде форс-мажорлук жагдайлар пайда болгон учурда "Кумтөр" кенинде үзгүлтүксүз өндүрүштүк циклди камсыз кылуу боюнча чара көрүшсүн, зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү сунуштарды киргизишсин.
10. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик "Кумтөр оперейтинг компани" жабык акционердик коомунун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктуулугун пландуу текшерүү боюнча ишти улантсын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катаал чараларды көрүшсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте "Кумтөр" долбоору боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык ишти, анын ичинде эл аралык коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы № 2117-V токтомунун 6-пунктун аткаруу жөнүндө маселени карасын.
13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 34 токтомуна тиркеме |
Оторбаев Ж.К. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Момуналиев Н.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр;
Чунуев И.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Мукамбетов М.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
Турусбеков Б.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Исмаилов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
|
|