Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы N 514 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-марты № 153
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 2-беренесинин 2-бөлүгүнө, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына жана сунушталган практикасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул токтомдун тиркемесине ылайык киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |