Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 1-апрели № 163
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523, 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 , 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 685 "Ойлоп табууга патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун тартибин, Өнөр жайлык үлгүгө патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Пайдалуу моделге патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ойлоп табууга патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелеринин 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.2. Ойлоп табуулар деп таанылбаган сунуштар
Төмөнкүлөр ойлоп табуулар деп таанылбайт:
- ачылыштар;
- илимий теориялар жана математикалык методдор;
- чарбаны уюштуруу жана башкаруу методдору;
- шарттуу белгилер, ырааттамалар, эрежелер;
- акыл-эс операцияларын аткаруу, оюндарды өткөрүү эрежелери жана методдору;
- эсептөө машиналары үчүн алгоритмдер жана программалар турган турпатында;
- маалымат берүүдөн гана турган чечимдер;
- курулмаларды, имараттарды, аймактарды пландаштыруу долбоорлору жана схемалары;
- эстетикалык муктаждыктарды канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү чечимдер;
- интегралдык микросхемалардын топологиялары;
- өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын породалары;
- коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге карты келүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү чечимдер.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайдалуу моделге патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелеринин 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.2. Пайдалуу модель болуп таанылбаган сунуштар
пайдалуу модель катарында төмөнкүлөр корголбойт:
- ачылыштар;
- илимий теориялар жана математикалык методдор;
- чарбаны уюштуруу жана башкаруу методдору;
- шарттуу белгилер, ырааттамалар, эрежелер;
- акыл-эс операцияларын аткаруу, оюндарды өткөрүү эрежелери жана методдору;
- эсептөө машиналары үчүн алгоритмдер жана программалар турган турпатында;
- маалымат берүүдөн гана турган чечимдер;
- курулмаларды, имараттарды, аймактарды пландаштыруу долбоорлору жана схемалары;
- эстетикалык муктаждыктарды канааттандырууга багытталган буюмдардын тышкы түрүнө гана тиешелүү чечимдер;
- интегралдык микросхемалардын топологиялары;
- өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын породалары;
- коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук жана моралдык принциптерге каршы келүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү чечимдер.".
4. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 5-апрелинде № 26 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |